АКШ Фалестин калкын жакшы көргөнү үчүн аларга жардам көрсөтүп жаткан жок, АКШ өзүнүн жана яхудийлердин кызыкчылыгын көздөөдө!

307
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

АКШ Фалестин калкын жакшы көргөнү үчүн аларга жардам көрсөтүп жаткан жок, АКШ өзүнүн жана яхудийлердин кызыкчылыгын көздөөдө!

АКШ мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Нед Прайс Вашингтон Фалестин калкына гуманитардык жардамын көрсөтүүнү кайра жолго коюу ниетинде экенин, мурунку президент бул жардамды токтотуу жөнүндө токтом чыгарганын билдирди. Прайс: «Кошмо Штаттар Фалестин калкына гуманитардык жардамын көрсөтүүнү кайра жолго коюу ниетинде, биз муну жакшылык үчүн кылып жаткан жокпуз, мында Кошмо Штаттардын кызыкчылыгы бар», – деп кошумчалады.

Хизб-ут-Тахрир–мубарек Фалестин маалымат бөлүмү бул туурасында өз сайтында билдирүү жарыялап, ушуларды баса белгиледи: «Америка – ач көз капиталисттик системанын жетекчиси. Ушул себептен улам, ал үчүн гуманитардык жана башка баалуулуктардын сокур тыйындай кадыры жок. Кадыры болсо да андан жалаң өзүнүн кызыкчылыгын көздөгөн болот. Ошондуктан, Прайс «гуманитардык» жардамдар жөнүндөгү билдирүүдө алардан АКШ кызыкчылыктары гана көздөлгөнүн ачык айтты. Максат – Фалестин жардамга муктаж жана ал жердеги талашты жоюу керек деген шылтоо менен Фалестин маселесин жок кылуу. Мындан басып алынган жерди азат кылуу да, баскынчылыктан улам жакыр болуп, блокададан азап тартып жаткан калкка жардам берүү да көздөлбөгөн! Бул колонизатор мамлекетти Фалестин режимине күкүмдөрдү берүүгө үндөп жаткан нерсе өлкө калкын жакшы көргөнү же маселелерин адилеттүүлүк менен чечип бермекчи экендиги эмес, ал өзүнүн кызыкчылыгын көздөп жатат. Бул кызыкчылыкты Америка анын куурчактары болгон Фалестин режими жана Азаттык Уюму аркылуу ишке ашырууда. Мисалы, режим Американын «эки мамлекет» чечими долбооруна ылайык Фалестин маселесин жок кылууга урунуп келүүдө. Бул чечим өлкөнүн көпчүлүк бөлүгүн баскынчы яхудийлерге берет о.э. алардын коопсуздугун камсыздап, Америка кызыкчылыктарын жүзөгө чыгарат!

 

Роя гезити, №325, 2021-жыл, 10-февраль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here