Кыргызстандын карызы дээрлик 5 млрд долларга жетти

244
0

Кыргызстандын карызы дээрлик 5 млрд долларга жетти

2020-жылдын 31-декабрына карата Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 4 млрд. 928,67 млн. долларды түздү. Бул тууралуу Финансы министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, анын 4 млрд. 220,31 млн. доллары (85,44%) тышкы карыз, 708,36 млн. доллар (14,4%) ички карыз. Сом менен алганда жалпы карыз 407 млрд. 353,36 млн. сом болот. Ал эми тышкы карыздын негизги бөлүгү 41,8%ы Кытайдан алынган.

А бирок, Кыргызстан ушунча карыз алса да өлкөнүн абалы тетирисинче жыл сайын артка кетүүдө. Себеби, тышкы каржылык уюмдар берген карыздар мамлекетти дагы да жакырлыкка түртө турган милдеттемелер менен берилет. Натыйжада, бийлик ар дайым ички карызды төлөө үчүн тышкарыдан карыз алууга мажбур болуп калат. Жогорудагы топтолгон карыздардын дээрлик баары бир жолу иштетиле турган тармактарга жумшалган.

Түпкүлүгүндө, мамлекеттин экономикасы көз карандысыз өнөр-жайга ээ болуу менен гана өнүгөт. Көз карандысыз өнөр-жай дегени – бул мамлекет өзүнө тийиштүү оор өнөр-жайга ээ болуп, мамлекет өзүнүн жеңил өнөр-жайы үчүн өзүндө техника, станоктор жана жарак-жабдыктарды чыгаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуусу. Кыргызстан сыяктуу агрардык мамлекеттерде мындай экономикалык механизм жок, болгон да эмес. Эл аралык саясат бул мамлекеттерде ушундай экономикалык механизм калыптанышына тиш-тырмагы менен каршылык кылат. БУУнун негизги милдеттеринин бири, дүйнөдө жетекчи мамлекеттер менен агрардык мамлекеттер ортосундагы ушундай балансты сактап туруу болуп эсептелет.

Андыктан, биз мусулмандар айрым аткаминерлердин куру ураандарына алданбай, жакырчылыктын түпкү себеби болгон колонизаторлук саясатка каршы туралы. Ошондой эле алардын кызыкчылыгы үчүн калкына зулумдук кылып жаткан бийлик ээлерин жамандыктан кайтаралы! Качан гана өз Исламбызды үйрөнүп, анын негизги муктаждыктарды кепилдикке алган экономикалык түзүмүн жашоого алып келмейинче бул абалдан кутула албайбыз!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here