Пакистан менен Түркия Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыкта чоң күчтү түзүшөт

248
0

Басма сөз баянаты

Пакистан менен Түркия Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыкта чоң күчтү түзүшөт

Пакистан аскерий аба күчтөрүнүн командачысы генерал Анвар Хан «Анадолу» агенттигине интервью берди. Ал Пакистан менен Түркия ортосундагы мамилелерди көккө көтөрүп мактап, бул мамилелерди «Башка мамлекеттер ортосунда болбогон» мамиле деп баалады. О.э. ал: «Бүткүл дүйнө бул эки мамлекет ортосундагы мамилелерге суктануу менен карайт», – деди. Анвар Хан: «Түркия Пакистандын экинчи мекени», – деп кошумчалап, пакистандыктар менен түрктөрдү «эки мамлекеттеги бир Уммат» деп баса белгиледи. Туура, Пакистан менен Түркия калктары мусулман жана Аллахтын дининдеги боордоштор. Аллах Таала бул жөнүндө мындай дейт:

﴿إِنَّمَا الْمُؤْمِنُونَ إِخْوَةٌ﴾

«Шек-күмөнсүз момундар ага-инилер»                                                                    [49:10]

Бирок, эки өлкөнүн режимдери аларды бөлүп, эки мамлекетке айлантып койду. Бул болсо, Аллах жана Расулунун ыраазылыгына тескери. Себеби, Аллах Таала мусулмандарга Аллах түшүргөн өкүмдөр менен өкүм жүргүзө турган бир акимден башка акимдердин болушун арам кылды жана аларды бир саясий вужудда биригүүгө чакырды. О.э. мусулман мамлекетинен бөлүнгөн эгемендүү мамлекет тикелөөнү каалап жаткан кишилер үчүн өлүм жазасын белгиледи. Бул жөнүндө Расулуллах ﷺ мындай дейт:

«مَنْ أَتَاكُمْ وَأَمْرُكُمْ جَمِيعٌ عَلَى رَجُلٍ وَاحِدٍ يُرِيدُ أَنْ يَشُقَّ عَصَاكُمْ أَوْ يُفَرِّقَ جَمَاعَتَكُمْ فَاقْتُلُوهُ»

«Силер бир жетекчиге итаат кылып турган чагыңарда бир киши келип, биримдигиңерди бузмакчы же жамаатыңарды бөлмөкчү болсо, аны өлтүргүлө».

«إِذَا بُويِعَ لِخَلِيفَتَيْنِ فَاقْتُلُوا الْآخَرَ مِنْهُمَا»

«Эгер эки халифага байъат берилсе, экинчисин өлтүргүлө». (Муслим риваяты). Бирок, мунун тескериси катары Пакистан менен Түркияда Аллах түшүргөн өкүмдөр менен өкүм жүргүзбөгөн эки президент жана өкмөт иш жүргүзүүдө. Алардын конституциясы жана мыйзамдары илманий болуп, алар Исламга да, мусулмандарга да тиешелүү эмес. Бул эки мамлекет жана мусулман өлкөлөрүндөгү башка мамлекеттер англистер, алардын араб жана түрктөрдөн турган улутчул малайлары кулаткан Халифалык мамлекетинин урандылары үстүндө тикеленген мамлекет. Бул иш мусулмандар үчүн каргаша болсо да, интервьюну уюштурган «Анадолу» маалымат агенттиги бул мамилени жогору баалады жана жүз жылдык урааны катары кабыл алды.

Анвар Хан Түркия жана Пакистан мамилелери жөнүндө: «Албетте Пакистан Кипр маселесинде, Сирия менен Ирактагы коопсуздук маселелеринде жана терроризмге каршы күрөш маселесинде Түркияны колдоп-кубаттайт», – деди. Ал Пакистан ушуга окшогон проблемаларга туш болуп жатканын айтып, бул проблемаларды жеңүү үчүн эки мамлекет ортосунда кызматташуу зарылдыгына ишара кылды. Албетте биз Түркия менен Пакистандын, айрыкча, Кипр жана Кашмир маселесинде расмиятчылык жүзөсүнөн эмес, чынынан шериктеш болушун каалайбыз. Кипрди азат кылуу Түркиянын милдети. Түркия аны азат кылууга кудуреттүү болуп туруп, Греция менен бул маселеде сүйлөшпөстүгү жана Кипрдин бир бөлүгүнөн баш тартпашы керек. Кашмирди азат кылуу да Пакистандын милдети. Пакистан да Моди менен кол кармашуунун ордуна Кашмирди азат кылышы керек. О.э. азат кылынган региондорду нусайрий режиминин колуна тапшырып, Сириядагы алсыз элибизге каршы Россия жана Иран менен союз түзүп жаткан Түркия менен кол кармашуунун ордуна, Пакистан жана Түркия армиялары өз ара биригип, Сирияда козголоң кылган ага-инилерине нусрат-жардам берүүлөрүн жана аларды Америка малайынан куткарууларын биз абдан үмүт кылып жатабыз! Бүгүнкү күндө – Түркия менен яхудий мамлекети ортосунда болгондой – карамүртөз күчтөр менен «биргеликте коргонуу» деген союздар түзүлүп, мусулмандардын коргондорун ойрон кылуу үчүн душманга аскерий базалар ачып берилүүдө. О.э. өлкөлөрүбүздү Батыштын малайларынан азат кылуу үчүн жихад кылып жаткан жана бул жолдо аракет алып барып жаткан мусулмандарга, кала берсе, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетин тикелөө менен Умматты ойготууга аракет кылып жаткан адамдарга каршы аёосуз күрөш алып барылууда. Биз бул иштердин ордуна, эки өлкө региондогу Россия, Америка жана яхудий вужудунун терроруна каршы күрөштө кызматташуусуна өтө үмүттөнөбүз.

Аллах Таала Пакистан менен Түркияга ушундай бир ниъматтарды берген, бул эки мамлекет алар аркылуу улуу мамлекет болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Эгер алар айланаларындагы мусулман өлкөлөрүн бир жетекчилик астында т.а. Аллах түшүргөн өкүмдөр менен өкүм жүргүзгөн Халифалык астында бириктиришсе, басып алынган мусулман өлкөлөрүн азат кылышат. Ошондо мусулмандар Аллах аларга тартуу кылган, бирок, мусулман өлкөлөрүндөгү илманий режимдердин доорунда колонизатор кафир тартып алган байлыктардан пайдаланышат. Эй командачы, биз сизди Пакистан менен Түркияны Халифалык мамлекетинде бириктирүүгө чакырабыз. О.э. Пакистан менен Түркия армиясындагы боордошторуңузду Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык мамлекетин тикелөөдө Хизб-ут-Тахрирге жардам берүүгө чакырабыз.

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اسْتَجِيبُوا لِلَّهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُمْ لِمَا يُحْيِيكُمْ وَاعْلَمُوا أَنَّ اللَّهَ يَحُولُ بَيْنَ الْمَرْءِ وَقَلْبِهِ وَأَنَّهُ إِلَيْهِ تُحْشَرُونَ﴾

«Эй момундар, Аллах жана Анын пайгамбары силерди түбөлүк жашоо бере турган нерсеге даъват кылганда, аны кабыл алгыла жана билип койгула, шек-күмөнсүз, Аллах ар бир киши менен анын дилинин ортосун ээлеп турат. Албетте, Анын алдына топтолосуңар»                                                                                                            [8:24]

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here