АКШдагы абал Хизб-ут-Тахрирдин шайлоонун акыбеттери жөнүндөгү божомолдорун тастыктап жатат

253
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

АКШдагы абал Хизб-ут-Тахрирдин шайлоонун акыбеттери жөнүндөгү божомолдорун тастыктап жатат

2021-жылы 6-январь күнү АКШ президенти Трамптын тарапкерлери Конгресстин имаратына бастырып кирип, Трамптын атаандашы Байдендин шайлоодогу жеңишин тастыктоо боюнча өткөрүлүп жаткан жыйынды үзгүлтүккө учуратышты. Трамп бул жыйынды мыйзам жана сот аркылуу токтото албаган соң, зомбулук менен токтотмокчу болду. Бул окуяда төрт киши каза болду. Жыйын төрт саатка токтоду. Кийин Трамп өз тарапкерлерин үйлөрүнө кайтууга чакырган соң, жыйын кайра улантылды.

Хизб-ут-Тахрир амири улуу аалым Ата ибн Халил Абу Рушта 2020-жылы 20-ноябрда «АКШдагы президенттик шайлоонун натыйжалары» деген аталышта жарыялаган суроо-жооп баракчасында Америкадагы абалды өзүнүн курч жаркын көрөгөчтүгү менен ачыктап, мындай деген:

«Америка ар дайым туу тутуп келген демократия – президент Трамп бийликте калуу үчүн жасап жаткан шерменде иштерди жумшартуу үчүн алып барылып жаткан сот жана мыйзамдуу шылтоолор менен бузулууда. Америкада ар түрдүү сценарий жана өч алуу аракеттери ар кандай убакытта жүз бериши мүмкүн. Кийинки президент жеңип чыккан талапкер Байден болушу да, жеңилгенин моюнга алууну каалабаган жана экинчи мөөнөткө калууну каалаган учурдагы президент Трамп болушу да мүмкүн. Ким болочок президентке айланса, ал атаандашынан өч алууга киришет, бул болсо колдорду кайруудан көрө көбүрөөк сөөктөрдү сындырууга окшойт. Ошентип, Америка башаламандык, кабатырлануу жана ички проблемаларга кириптер болуу жакасында турат. Американын бөлүнүүгө жүз тутушун да назардан качырып болбойт. Андайда Техас Трамп жана республикачылар жана аны колдоп-кубаттаган компаниялар үчүн борборго айланат, Калифорния болсо Байден, демократтар жана аны колдогон компаниялар үчүн борборго айланат. Бул жаңжал Трамптын калган эки айлык президенттик доору менен чектелбей, андан кийин да уланышы мүмкүн».

Суроо-жоопто дагы мындай делет: «Кемчиликтер – демократиялык капиталисттик түзүмдүн ажырагыс касиети. Ар бир акыл калчаган киши муну ачык-айкын байкоодо. Демократиялык капиталисттик түзүмдүн эң жаркын баалуулугу – пайдапарастык жана материалдык киреше. Ошондуктан бул нерселер президент тарабынан анын укуктарына ылайык жана анын партиясынын өкүлдөр палатасындагы таасирине ылайык түздөн-түз же кыйыр түрдө белгиленет. Ушул себептен улам, президенттердин ушул пайдапарастык жана материалдык кирешенин деңгээлин белгилөөдөгү чечимдери бириники экинчисиникинен айырмаланат. Ошентип, бир президент өзүнүн каалоосуна ылайык пайдалуу нерсени карап чыгат жана колдоп токтом кабыл алат, башка президент болсо аны пайдасыз гана эмес, зыяндуу деп эсептейт жана мурунку президенттин токтомун бекер кылат. Экөө тең демократиялык капиталисттик түзүмгө жана эл кабыл алган конституцияга моюн сунганын жарыялайт, бирок, түпкүлүгүндө ар бири өз каалоосуна ылайык иш кылат».

Суроо-жооптун соңунда мындай делет: «Жыйынтыктап ушуну баса белгилеймин, кээде батыл үстөм болсо да, акыйкат баарынан үстөм болот. «Хизб-ут-Тахрир» Ислам Умматы арасында күндү түнгө улап аракет алып барууда, Халифалык таңы дагы атат, чыгыш жана батыштагы тогуттардын тактысы кулайт. Аллах Таала айтат:

﴿وَتِلْكَ الْأَيَّامُ نُدَاوِلُهَا بَيْنَ النَّاسِ وَلِيَعْلَمَ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا وَيَتَّخِذَ مِنكُمْ شُهَدَاءَ وَاللَّهُ لَا يُحِبُّ الظَّالِمِينَ وَلِيُمَحِّصَ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا وَيَمْحَقَ الْكَافِرِينَ﴾

«Аллах чыныгы ыйман келтиргендерди билиши жана араңардан шахиддерди тандап алышы үчүн бул күндөрдү адамдардын арасында айлантып турабыз. Аллах залимдерди сүйбөйт. Аллах ыйман келтиргендерди тазалоо жана кафирлерди өлтүрүү үчүн (ушундай кылат)»   [3:140-141]

 

Роя гезити, №321, 2021-жыл, 13-январь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here