Эгер туз бузулса, аны ким оңдойт?!

294
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Эгер туз бузулса, аны ким оңдойт?!

 Устаз Абду Дали (Абу Мунзир)

Саясий режимди кулатууну көздөгөн ар кандай кыймылдын максатына жетишине бардык мурунку күчтөр жол беребестиги табигый. Себеби, мында ушул күчтөр алардын түзүмү үчүн коркунуч жана зыян бар деп билишет. Кыйроого учуроо коркунучуна туш келген киши, табигый болгондой, өзгөрүүнү алдын алуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн топтойт, бардык күчүн жумшайт.

Алгач, ушул күчтөр бул кыймылды тизгиндөөгө жана өзүлөрүнүн жолуна багыттоого, өз кезегинде, өзүлөрүнүн өкүмдарлыктарын жана зомбулуктарын коргоого аракет кылышат. Ушул жерде эски түзүмдү коргоо үчүн анын айланасындагы чөйрөлөрдү белгилөө башталат. Ал тургай, өзгөрүү аракети аны көзөмөлдөө, багытын өзгөртүп, күчсүздөнтүү, жок кылуу чөйрөсүндө калат.

Саясий өкүлдөрдү жана кеңештерди алга сүрүү, конференция жана чогулуштарды чакыруу сыяктуу идеялар ушул максаттагы аракеттерден башка нерсе эмес.

Ар кандай колонизатор мамлекет ал колония кылган нерселерин колдон чыгарбоого аракет кылат, бул нерселер жараксыз абалга келсе, анын альтернативасын алып келет же башка малайды пайда кылат, альтернатива даяр болсо албетте. Ошондуктан, Шам козголоңунун өмүрү узарганынын себеби да бирөө. Өз кезегинде, бул нерсе ал туура жолун кайра таап алышына жардам берет. Ушул козголоңдун өмүрү узарганынын себеби – АКШнын жетекчилигинде Шам козголоңуна каршы тил бириктирген мамлекеттердин колунда малай Башар Асадга ылайык саясий альтернативанын жоктугу. Анткени, анын атасы Хафиз Асад саясий күчтү жок кылып, өлкөнү башсыз тапшырган.

Америка татыктуу альтернатива табууга аракет кылып жатат, дагы эле эч бирине канааттанган жок о.э. Шам жериндеги коомчулукка өзүнүн чечимин жана планын да кабыл алдыра албай жатат. Ушул себептен улам, Америка убакытты созууда о.э. Башар Асад изоляциядан чыкты, ал өткөөл өкмөткө жетекчилик кылат деген сыяктуу болбогур чакырыктарды жолдоп жатат. Булардын баары маселе алар ойлогондой туура жолдо эместигин көрсөтөт. Себеби, Шам калкы аң-сезимдүү жана Американын пландары жана айла-амалдары алдына бул аң-сезим тоскоолдук болууда.

Жогоруда айтканыбыздай, жетимишинчи жылдардын башында Хафиз Асад Сирияда коомго жетекчилик кыла турган ар кандай нерсени бузууга аракет кылды. Ал саясий партияларга сокку берип, аларды күчсүздөнттү о.э. аларды «Улуттук фронттун» ичинде кармап туруу үчүн аларды баш ийдирди. О.э. Хафиз Асад түрдүү профсоюздарга басым кылып, аларды таратып жиберди, өкүмдар партия көзөмөлүндөгү жаңы профсоюздарды түздү. Уруулар да мындан аман калбады. Алардын арасындагы козголоңчу кыймылдарга колдоо көрсөтүлүп, асыл аксакалдарга каршы коюлду жана алардын биримдиги жок кылынды, акыбетте, алар кызыкчылыкка карап аракет кылган урууларга айланды. Аллахтын мээримине ылайык болгондор гана өз асылдыгын сактап калып, баалуулугун жоготушпады. Ошентип, аким бийликте узакка туруп, зомбулугун улантышы үчүн коом бузулду. Атанын ушул аракети уулу Башарга мурас калды. Алардын божомолунда, бул нерсе бийликте узак убакыт калууга кызмат кылат. Бирок, Аллахтын каалоосу башка экен, Шам козголоңу бутка турду, өз максатын жүзөгө чыгаруу үчүн аракетке түшүп, мурунку кыйроолорду оңдоо ишин идеологиялык даражада гана эмес, коом структурасы жана жетекчилиги даражасында кеңири алып барды. Дагы баса белгилеп айтабыз, Шамда Хафиз Асад бир нече жыл алып барган аракет ар кандай чет элдик долбоорду кыйратууга о.э. эч кандай чет элдик идеологияны кабыл албоого жетиштүү болду. Себеби, ал жерде чет элдик долбоорду пайда кылууга кудуреттүү бир да база, бул долбоорлорду башкаруучу партиялар да жок. Натыйжада, кара ниет кимселер аркылуу козголоңдун ичине укол сайылды, бул кимселерден жаңы мамлекет куруу аракетине жарап калышы үмүт кылынууда.

Ушул көз караштан алганда, адамдарды тышкы ыплас инъекцияга ыраазы кылуу үчүн аларды үмүтсүз абалга түшүрүү зарыл болду, муну менен алар кылып жаткан иштеринин натыйжасынан түшкүндүккө түшүп, козголоңдун максатына жетишине ишенбей калышы көздөлгөн.

Ушул козголоң жылдарында согушкер топтор адамдарга басым өткөрүшү жана уюмдар адамдар арасында жаман абалды жана бөлүнүүнү пайда кылышы сыяктуу иштердин баары жалаң гана Шам козголоңунун жалынын өчүрүүгө багытталды.

Булардан тышкары, козголоң «өкүлдөрү» болгон адамдарды пайда кылуудан, Женева жана Астана конференцияларынан о.э. Сочи, Вена, Истамбул жана башка жерлердеги кошумча жолугушуулар өткөрүүдөн бир гана максат көздөлгөн. Ал да болсо, адамдарга басым кылып, аларды жеңилүү байрагын көтөрүүгө, ушул жолугушууларда кабыл алынган токтомдорго ыраазы болууга, ал тургай, канкор Асад режими сакталып калса да келишимдин шарттарына моюн сунууга мажбурлоо.

Американын алгачкы аракеттери 2012-жылы Женева конференциясы болду. Анда Шам козголоңуна карата эл аралык позиция айкын көрүнүп турду жана анда козголоңду тизгиндөө, адамдарды үмүтсүздүккө түшүрүп, арийне, итаат жана моюн сунуу абалына түшүрүү болду.

Бул конференцияга мубарек Шам козголоңуна каршы көптөгөн карөзгөй мамлекеттер катышты. Алар үчүн бул конференция жакшылык болбоду. Себеби, козголоң өтө күчүнө чыккан убагында эле, күндөн-күнгө өнүгүп жаткан, ошондуктан келишим жана сүйлөшүүлөргө орун жок эле. Ушул себептен улам, козголоңдун аракетин басаңдатууга, үнүн төмөндөтүүгө аракет кылуу зарыл болду. Ушул максатта саясий акчаларды төгүү башталды, курал-жарак болсо азайтылды, эрксиз-кайратсыз кишилер айлакерлерди ээрчий башташты. Мына ошондо козголоңдун башына түшкөн сыноолор ортого чыгып, Аллахтын фазилети менен, маскалар түшүп, жүздөр ачылды. Козголоңдун сабында тахлил-такбирлерди айтып, күрөш алып барган кишилер, эми чет элден өкүм сурап, жолунан тая башташты. Адамдар жакшы күмөндө болгон кишилер, эч канча убакыт өтпөстөн, байып жашап жатышканы, жаман пикирлерди таратып, адамдарды азгырып жатышканы айтыла баштады. Жакында «Козголоң күчтөрү коалициясы» деген нерсенин жогорку шайлоо комиссиясы түзүлгөндүгү жана 2021-жылдагы шайлоодо катышуу туурсында токтом кабыл алганы анын түпкү ниети туурасындагы сөздөр чындык экенине күмөн калтырбады. Бул – козголоңду жок кылуу жана канкор Асад режимин кайра тикелөө ниети. Негизи, алар бул токтом менен берилген бардык курмандыктарга көз жумуп, аларга далын салышты жана муну батыштык кожоюндарды ыраазы кылуу үчүн жасашты. 2012-жылы кабыл алынган токтом боюнча, Шам калкынан Американын саясий чечимине ыраазы болуу, аны кабыл алып, итаат кылуу талап кылынды. Кыскасы, мурда өзүн козголоңчу жана мужахид, деген кимселерди саясий акчалар азгырды, көздөрүн майлады. Алар козголоңго материалдык кызыкчылык назарында карап, ал аркылуу жеке максаттарын ишке ашыра турган болушту.

Бирок, ачыктоочу Шам козголоңу алардын былыктарын ачыкка чыгарып, айыптарын ачты, бул кимселер пайдапарас экендиктерин, алар да Асад режиминдегилерден айырмаланбастыгын жүзөгө чыгарды. Мурда муну ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү табылбаган. Ал эми, бүгүн мунун мүмкүнчүлүгү табылды, ушуга ылайык чаңдар кагылып, Шам калкы козголоңчуларынын көз алдында анын ачыктыгы көрүндү.

Америка мубарек Шам козголоңун жок кылууга аракет кылып, бул үчүн күчүн аябай жатат, анын карөзгөй колдору ар кандай ыкманы колдонууда, тынымсыз айла-амал кылып жатат. Бул ар бир баскычта ачылып жаткан каражаттар аркылуу көрүнүп жатат. Ошондуктан, Шам калкы хабиб ﷺ кылгандай өз иштерин жана аракеттерин коргон менен курчап, көздөрүн чоң ачышы керек. Расулуллах ﷺдын Мекке делегациясы келишүү үчүн келгендеги иш-аракети сабак, ибрат жана жол болуп, ушул жолдон гана жүрүү керек. Себеби, бул жолдун аягы Аллах Субханахунун нусратына, анык фатхка алып барат.

Шам калкы ушуга терең ишенишсин: Американын саясий чечими түпкүлүгүндө малай режимдин кабыгын өзгөртүүдөн башка нерсе эмес… Америка жыландын түсүн жана кабыгын алмаштырууга, малайлардын маскасын гана өзгөртүүгө аракет кылып жатат. Мында коопсуздук кызматы, армиясы жана башка режимдин түзүлүшү да, аркандары да өзгөрбөдү.

Мындай душмандыктан кутулуу жана анын тамырына балта чабуунун жалгыз жолу ушул кылмыштуу аракеттердин ар бирине сокку берүү менен ишке ашат. Бул үчүн тизгиндөө иштерине жана колго үйрөтүү аракетине каршы туруу керек. Бул болсо, Шам калкына мажбурий тыгыштырылган долбоорго каршы долбоор кабыл алуу менен болот.

Ушул долбоорубуздун жоктугу бизди башка долбоорлордун чабуулуна тушуктурууда, эл аралык кылмышкерлердин колуна салууда. Кантип эле, ушуну түшүнүп жетпейбиз, антпесе, кеч болот го?!

 

Роя гезити, №317, 2020-жыл, 16-декабрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here