Коомдусактоочуфакторлор – 3: Капиталисттик түзүмдөадамдын кадыр-баркы жана жаны урматталбайт

243
0

Коомду сактоочу факторлор – 3: Капиталисттик түзүмдөадамдын кадыр-баркы жана жаны урматталбайт

Демократия капиталисттик системанын беткабы болуп, бүгүнкү күндө бир ууч капиталисттер калган калктын эсебинен күн кечиришүүдө.Негизги өлчөө пайда болгондуктан, байлар кедейлердин үстүнөн, актар каралардын үстүнөн, улуттар башка улуттун үстүнөн кекиреет. Ал эми эркектер аялдарды товар катары пайдаланышат. Муну менен эле чектелбей, өзгөчө Батыш дүйнөсүндө адамдар ачка калганына карабай, үйүндө эки кишини тойгуза турган каражат менен дөбөт баккандар четтен чыгат. Ал эми адамдын жаны урматталбай, ар кандай согуштар, биологиялык куралдар, теракттар, массалык өлтүрүүлөр тууралуу кабарларды күн сайын күзөтүп калдык…

Австралиянын “Экономика жана тынчтык” изилдөө институтунун маалыматына таянсак, Түндүк Америка, Батыш Европа аймактарында саясий максаттагы теракттар акыркы 5 жылда 250 пайызга өскөн. Мындай кол салуулардан 2019-жылы 20 миңдей жай тургун каза тапкан. Маселен,
АКШнын Техас штатындагы Эл-Пасо шаарында Патрик Крузиус аттуу 21 жаштагы жаран  Калашников автоматы менен 20 адамды атып өлтүрүп, 26 адамды жарадар кылган. Ал террордук аракетин ишке ашыруудан мурда “Twitter” баракчасы аркылуу Жаңы Зелландияда мечитке чабуул кылган Брентон Тарранттын террордук аракетин колдоорун билдирген. Буга окшогон кылмышкерлердин үрөй учурган окуялары Батыш дүйнөсүндө дээрлик күн сайын катталып жатат.А бирок баарынын көз алдында ушунча адам өлтүрүлүшүнө карабастан, эч ким жана эч бир маалымат каражаты бул чабуулдарды ишке ашырган адамдарды террорчулукта айыптабады. Эгерде террорчулар мусулмандар болгондо, бир киши жараат алса да бардык маалымат каражаттары “Исламий террор” сөзүнө толуп кетмек..

Статистикалык маалыматтарга ылайык, Европада мусулмандар айыпталып жаткан террордук чабуулдар ал жерде жүз берген бардык террордук чабуулдардын 2%ын да түзбөйт. Мисалы, 2013-жылы Европада ишке ашырылган 152 теракттын экөөсүнө гана мусулмандар айыпталган.

Бүгүнкү күндө Индия жана Араканда бутпарастардын, Кытайдагы  мусулмандарга болуп жаткан геноцидди, Палестинада яхудийлердин, Сириядагы коалициялык күчтөрдүн, Афганистанда Американын, кыскасы дүйнөнүн бардык жеринде куфр дүйнөсү мусулмандарга карата ишке ашырып жаткан террордук аракеттердиайтсак тизмеге батпайт. Алардын массалык кыргындарынан жылына жүз миңдеген мусулмандар курман болууда. Ошондой болсо да массалык маалымат каражаттары жана адам укугун коргоочу уюмдар бул тууралуу ооз ача алышпайт.

Капиталисттер 21-кылымда адамдарды сексуалдык жана эмгек кулдарга айлантуу менен миллиарддаган пайда таба турган болуп алды. Акыркы маалыматтарда дүйнөдө 45 миллиондон ашык адам кулга айланып калган. Алардын 30 миллиону эмгек кулдары болсо, 15,4 миллиону сексуалдык кулдар.Маселен, Германияда каттоого алынган ар бир 12 качкын дайынсыз кеткени айтылууда. Ички иштер министрлиги өткөн жылы каттоого алынган 1,1 миллион качкындын 130 миӊи кайда экендиги учурда белгисиз. Алардын көпчүлүгү сексуалдык кулчулук үчүн сатылып кеткени болжонууда. Сексуалдык кулчулук бүгүнкү күндө ушунчалык кең жайылган дейсиң, Индияда эле 1,2 миллион өспүрүм сексуладык кулчулуктун курмандыгына айланган. Дагы бир мисал, Америкалык миллиардер 66 жаштагы Эпштейн 2008-жылы прокуратура менен айыпты моюнга алуу үстүндө келишим түзүп 13 ай абакта отурган соң чыгып кеткен. Кылмыш ишиндеги маалыматтарга таянсак, Эпштейн 14-15 жаштагы кыздарды сексуалдык кулчулук үчүн иштеткен. Аларга акча төлөп башкаларды да алып келүүсүн тапшырган. Бул 1999-жылдан 2005-жылга чейин созулган.

Кыргызстан бул көрсөткүчтө  85-орунда турат. “Кулчулуктун глобалдык индекси” укук коргоо уюму берген маалыматта өлкөдө 24 миң адам кулчулуктун курмандыгына айланган.

Бүгүнкү күндө капитализм дүйнө калкын эркин кулдарга айлантып койду. Тактап айтканда, бир ууч капиталисттер калган калктардын тапкан каражаттары аларга агып келе турган жолдорду түзүп алышкан. Алардын байлыгы жыл сайын көбөйүп, дүйнө калкында жакырлардын саны артып келет. Маселен, 2017-жылы дүйнөдөгү эң бай кишилердин байлыгына дагы 1 триллион доллар кошулду. Миллиардерлердин байлыгын өлчөй турган “Блоомберг” индексинде келген маалыматтар боюнча, 2016-жылдын 27-декабрында 4.4 триллион долларга барабар болгон дүйнөдөгү эң бай 500 адамдын байлыгы 2017-жылдын 26-декабрында 5,3триллион долларга жеткен. Күн сайын байлыгына 2,7 миллиард доллар кошулган байлар 2017-жылы мурунку жылга караганда 4 эсеге көбүрөөк кирешеге ээ болушкан.Бүгүнкү күндө дүйнөдөгү эң бай 8 адамдын байлыгы дүйнөнүн жарым калкы болгон 3,6 миллиард адамдын байлыгына барабар экендиги аныкталды. Ал эми, дүйнө калкынын 1 пайызын түзгөн эң бай адамдардын колунда дүйнө байлыгынын  50пайыздан ашыгы топтолгон.Натыйжада дүйнөдө жакыр катмардын саны 736 миллионго жетти. Муну менен катар эң жакыр катмардын саны жыл сайын өсүп жатат. Эң жакыр деп күнүнө 1,9 доллардан аз каражат тапкандар кирет. Дүйнөлүк Банктын маалыматына таянсак, 2020-жылы бул катмардын саны 150 миллионго жакындады. Ал эми жер калкынын жарымынан көбү социалдык жардамга муктаж болуп жашайт. 825 миллион адам курсагын тойгуза тамактана албай жашоо кечирет. Алты миллион жашы жете элек балдар ачкалыктан өлүмгө дуушар болот. Башкача айтканда, ар 7 секундда бир бала ачкалыктан курман болот. Дүйнөнүн алдыңкы экономикасы болгон Америкада эле жыл сайын 20 миң адам ачкалыктан ажал табат. Мунун каршысында 1 млрд 704 млн адам ашыкча салмактан арыла албаса, 770 миллиону ашыкча салмактан улам ооруларга чалдыккан. Мындай абал дүйнөлүк түзүмгө айланган капитализмдин адилетсиздиги болуп көрбөгөн чекке жеткенинен кабар берет.

Ал эми Исламда адамдардын баарына бирдей мамиле кылынып, байлыктын бир ууч адамдын колунда топтолушуна уруксат берилбейт.

Жыйынтыктап айтканда, Ислам капиталисттик түзүмдөн айырмаланып, адамдын урматын өз ордуна коёт. Анын жанын сактайт.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here