Маъраб нефть шаары Хусийлердин колуна өтүшүнө аз калдыбы?

235
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Маъраб нефть шаары Хусийлердин колуна өтүшүнө аз калдыбы?

 Устаз Шайиф Шародий

Күчсүз малайларды бекемдөө – АКШнын тышкы саясатынын өзгөргүс негиздеринин бири. Америка өз малайларын бекемдөөдө, аларга чоң аракеттерди жасоону буйруйт, ушул аркылуу аларды өз айбатын күчөтүүнү, алар көзөмөлдөгөн жерлердеги адамдардын жүрөгүнө коркуу салып, аларды учурдагы бийликке моюн сундурууну буюрат. Хусийлерди да ушундай ыкма-модель менен күчөтүү жана бекемдөө көздөлүүдө.

Хусийлер 2012-жылы Саъда шаарын ээлешти жана ал жердеги илимий борборлордун студенттерин башка региондорго көчүрүп жиберишти. Көпчүлүгү сырттан келген бул студенттерди көчүрүп жиберишкенинин себеби – Хусийлер аларды эски режимдин колдоочулары деп билишкен. 2013-жылы Хусийлер Амран шаарынан тышкары, бүткүл Амран вилаятына кеңейишти. Хусийлер 2014-жылы Санъанын түндүк дарбазасы болгон Амран шаарын көзөмөлгө алышты жана бригада командачысы, ошол убакта шаар мери болгон Хамид Кушайбийди өлтүрүштү. Кушайбий мурун Хусийлерди Саъдада курчоого алып, демдерин бууп келген. Ошол жылы Хусийлер Салих менен келишип Санъага киришти жана Хадида портун көзөмөлгө алышты. Бул порт Хусийлерге дем тарткан өпкөгө айланды. 2015-жылы Хусийлер Хадийге каршы көтөрүлүштү жана Хадий Аданга качып өттү. 2016-жылы Хусийлер Саудия жардамында Салихтин көптөгөн лагерлерин басып алды, Саудия лагерлерге түндө самолёттор жардамында сокку берди, күндүзү Хусийлер аларды ээлешти. 2017-жылдын аягында Салихти өлтүрүштү жана Хусийлердин таасирлери күчөп, Салихтин колундагы байлыктарга ээ болушту, Яман Элдик Конгресси аларга моюн сунду, партиянын көптөгөн жетекчилери жана тарапкерлери Хусийлер тарапка өттү. 2018-жылы Хусийлер Хажжа шаарындагы Хужур райондорун көзөмөлгө алышты. Хусийлер Хажжа үчүн бир нече ай кутуруп согуш кылышты, кийин ал жердеги адамдар жүрөгүнө коркуу салуу үчүн үй-жайларды бомбалашты. 2019-жылы Хусийлер Санъанын чыгышындагы Нихм шаары менен бүткүл Жавф вилаятын кайтарып алышты, ал жерлерди бир нече жыл мурда колдон чыгарышкан эле. Үстүбүздөгү 2020-жылда Хусийлер Маъраб фронтундагы согуштарды күчөтүп, ал жерге бастырып киришти жана Ямандын түндүгүн толук көзөмөлгө алышты.

Маъраб фронтунда жүрүп жаткан согуштарда Хусийлер көп жоготууларга учурап жатышканына карабастан, ушул нефть шаары тарапка жылууга катуу аракет кылып жатышат. Чоң курмандыктар берип болсо да, Хусийлер ал жерге бастырып кирүүгө катуу урунушууда. Чындыгында, бул алардын тагдырын чечүүчү маселелерине айланды. Мындан тышкары, Маърабга кирип барууга Хусийлерди дагы да кайраттандырган нерсе – Саудия жетектеген «мыйзамдуу» делип жаткан коалициянын самолёттору тарабынан бир нече ирет жаңылыш соккулар болду. Бул соккулар Хадий өкмөтүнө зыян жеткирүүгө жана Хусийлердин пайдасына кызмат кылды. Соккулар жардамында Хусийлер алдыга жылып, маанилүү аскерий лагерлерди колго алууга, айрымдарын курчоого алууга жетишишти. Ошентип, Маъраб нефть шаарынын жеңилишине каш менен кабактын ортосундай убакыт калды.

Маъраб Хусийлердин колуна өтсө, Америка күрөшүп жаткан эки тарапка сунуштамакчы болуп жаткан өзүнүн саясий чечимин тыгыштырат. Бул чечим боюнча, Хусийлерге чоң үлүш тийет жана Америка «Чечкиндүүлүк бороону» аркылуу аларды бийликке орнотууга жана бекемдөөгө, англистердин чебин бүтүндөй же көпчүлүгүн ойрон кылууга жетишкен болот жана алардын калган чептерин жок кылууну улантат.

Яман үстүндө Америка менен Британия өз малайлары жардамында күрөш алып барып жатышканы өтө карамүртөздүк. Муну токтотуп калууга аң сезимдүү Яман калкынан башкасы кудуреттүү эмес. Яман калкы ушул күрөштүн маңызын түшүнүп жетиши, малайлардан баш тартуусу жана Хизб-ут-Тахрир жетектеп жаткан кербенге кошулушу важиб. Бул – Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыкты тикелөө кербени. Ушул Халифалык гана Батыштын таасирин Ямандын түштүгүндө-түндүгүндө бүтүндөй кулатууга жана Яманды колонизатор кафирлердин кадамы тийбеген, кылмышкер малайлар башкарбаган мурдагы исламий чептердин бирине айлантууга кудуреттүү.

 

Роя гезити, №317, 2020-жыл, 16-декабрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here