Карыздын мөөнөтү узартылса Кыргызстан Кытайга кошумча 2,9 миллиард сом төлөшү керек болот
Кытай өкмөтүнүн Кыргызстанга берген карызын кайтаруу боюнча сунушуна ылайык, кыргыз тарап дээрлик үч миллиард сомго жакын акчаны ашыкча төлөөгө милдеттүү болот. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков 25-ноябрь күнү парламентте Кытай менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.
Новиков: “Кытай карызды төлөө мөөнөтүн транштарга бөлүп, төрт жылга узартууну сунуш кылып жатат. Мындай пролонгация үчүн пайыздык үстөгүн 2% деп аныктоодо. Сунуш, негизи, өкмөт жеңилдик боюнча аныктаган параметрлерден ашпайт. Бул сумма боюнча ашыкча төлөө 2,9 миллиард сом болот”, – деди.
Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстандын 4,1 миллиард доллардык тышкы карызынын 1,7 миллиард доллары Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына туура келет.
Комментарий: Акыркы 12 жылда Кыргызстандын Кытайга карызы 200 эсеге өсүп, 1 миллиард 775 миллион 130 миң долларга жетти. Кыргызстан бийлиги буга чейин алынган карыздардын пайызын гана төлөп келди. Жаңы 2021-жылдан баштап кошумча пайыз менен бирге алынган карыздардын өзүн төлөй башташы керек. А бирок, бул мамлекеттин бюджети үчүн ашыкча жүк болуп, ансыз деле жыл сайын дефицит менен бекитилип жаткан бюджет үчүн мүмкүн болбогон ишке айланып калды. Ошол себептен да Кыргызстан расмийлери Кытайдан карыздын мөөнөтүн узартууну суранып жатышат. Апрель айында ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков, май айында ошол кездеги тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков, ушул айда учурдагы тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кытайдан карыз жүгүн жеңилдетүүнү суранышты. Кытай берген жеңилдик болсо, Кыргызстан калкынын мойнуна дагы 2,9 миллиард сом карыз илип жатат.
Белгилүү болгондой, колонизатор мамлекеттер Кыргызстан сыяктуу үчүнчү дүйнө мамлекеттерине өнөржайын өнүктүрүүгө карыз бербейт. Алар карыз берүүдөн мурда берилүүчү каражатты инфраструктура, маданият же спорт сыяктуу мамлекетке киреше алып келбей турган тармактарга жумшоону шарт кылып коёт. Ошентип, карыздын мөөнөтү аяктаган учурда алынган каражат тургай, анын үстөк пайызын төлөөгө алсыздык кылып калган мамлекет колонизаторго көзкаранды болуп калат.
Абдурахман Адилов