Мамытов: Кыргызстан светтик мамлекет
Бишкекте 26-ноябрда “Азыркы светтик мамлекеттеги ислам: конфессия аралык кызматташтык тажрыйбасы” деген темада эл аралык конференция өттү. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия маалымат таркатты.
Конференцияда президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун кайрылуусу окулду. Мамытовдун айтымында, Кыргызстан светтик өлкө жана бир дагы дин мамлекеттик же карманууга милдеттүү деп таанылбайт. Ар бир жаранга каалаган динин тутуу же эч бирин тутпоо укугу берилген.
Ал мамлекеттик органдардын диний уюмдар менен биргелешип экстремизмге каршы күрөшүүсү — мезгилдин талабы болуп жатканын кошумчалады.
Соңку күндөрү Баш мыйзамдан “светтик” деген норманы алып салуу же өзгөртүү тууралуу сунуштар айтылып жатат. Сунуштагандар аталган терминди кине кылып, жоолук салынгандардын, намаз окугандардын окууга барышына, жумушка орношуусуна тоскоолдуктар жаралып келгенин билдирүүдө. Ошондуктан, бул терминдин негизи болгон капиталисттик идеологиянын тарыхына кыскача токтоло кетели.
Түпкүлүгүндө, “светтик” термини биз жашап жаткан капиталисттик идеологиянын акыйдавий пикири болуп эсептелет. Капиталисттик акыйда орто кылымда чиркөө адамдарынын аткаминерлер менен тил бириктирип алып элди эзүүсүнүн натыйжасында пайда болгон. Анткени, эзилген эл поптор менен феодалдардын адилетсиздигинен, алардын Инжилди жамынып алып калктын канын соруусунан тажаган эле. Натыйжада эки тараптын ортосунда ондогон жылдарга созулган согуштар жүз берди. Бир тарап динди жокко чыгарса, экинчи тарап динди өз кызыкчылыктарына колдонуу үчүн керек деп эсептеди. Эки тараптын күрөшү токтобогондуктан, философ жана идеологдор динди турмуштан ажыратуу идеясын көтөрүп чыгышты. Алар Кудай барбы жокпу, адамдар бул дүйнөдөн өткөндөн кийин кайра тирилеби, бейиш-тозокко ишенеби же ишенбейби талкуунун негизи эмес дешти. Алар талкуунун негизин Кудай т.а. дин биздин жашоодогу проблемаларды чечүүгө аралашпашы керек экенин айтышты. Натыйжада, согуштан чарчаган эл да, аларды эзген поптор менен феодалдар да мындай орточо чечимге ыраазы болушту. Ошентип феодалдык доордун эшиги жабылып, Франциядагы революциянын арты менен капиталисттик доор башталды. Башкача айтканда, христианчылык мыйзамын четке кагып, анын ордуна коом адам чыгарган мыйзамдар менен башкарыла турган болду. Мыйзамдын булагы идеологдордун пикири менен Европанын каада-салттары болуп калды. Кыргызстан светтик Башмыйзамдарды дал ушул Франциядан көчүрүп алууда. Кызыгы, Европада өзүнөн түзүм келип чыкпаган христианчылык четке кагылса, бизде башкаруудан баштап үй-бүлөгө чейинки бардык проблемалардын чечими баяндалган Ислам динибиз турмуштан ажыратыла турган болду. Натыйжада, колонизаторлордун таасир талашкан, сырьелорубуз, жумушчу күчүбүз алар үчүн кызмат кылган жакыр өлкөгө айландык жана бүгүн да бийлик үч жолу төңкөрүш менен алмашканына карабай уланууда.
Демек, биз мусулмандар өзгөртүшүбүз талап кылынган нерсе “светтик” терминин Башмыйзамдан алып салуу эмес (анткени, бир сөздүн коюлушу же алынышы менен капиталисттик системадагы мамлекеттин табияты өзгөрүп кетпейт). Ошондой эле, талап кылынган нерсе Батыштын камчысын чапкан парламенттик башкарууну Орусияга малайлык кылган президенттик башкарууга өзгөртүү да эмес. Биз өзгөртө турган нерсе адамдын чолок акылынан чыккан конституцияны – канткенде бакубат жашашыбызды өзүбүздөн да жакшы билген – Жаратуучунун мыйзамына алмаштыруу т.а Исламды жашоого алып келүү. Термизий чыгарган хадисте Адий ибн Хотам айтты: «Мен Набий(с.а.в)дын алдына келдим – мойнумда алтындан крест бар эле. Ал зат мага: Бутту алып ташта, – деди жана «Бароат» сүрөсүнөн мына бул: “Алар Аллахты коюп өздөрүнүн даанышмандарын, рахибдерин жана Масих ибн Марямды кудайлар деп билишти”.[9:31] аятты окуп, … мындай дегенин уктум: «Туура, адамдар рохибдерге ибадат кылышпаган, бирок рохибдер бир нерсени адал дешсе, адамдар аны адал эсептешкен, бир нерсени арам дешсе аны арам эсептешкен…».
Мумтаз Маверанахрий