“Мармелад” конституция

324
0

“Мармелад” конституция

Чеховдун “мармелад” окуясы эсиңиздеби? Бир күнү Чеховдун алдына өздөрүн саясатка кызыккан адамдай көрсөткөн үч айым кирип, жазуучуну кепке тартышат:

– Антон Павлович, согуш эмне менен аяктайт деп ойлойсуз.

– Тынчтык менен го…

– Ооба албетте. Бирок, кимдер жеңет? Гректерби же түрктөрбү?

Суроолор ушундайча уланат жана Чехов аларга жалпылап жооп кайтарып барат.

– А сиз кимдерди көбүрөөк сүйөсүз, гректердиби же түрктөрдүбү, – дейт аялдардын бири. Антон Павлович айтат:

– Мен мармеладды сүйөм, а сизчи…

– Оо, мен да аябай сүйөм, – дейт аял.

– Ал кандай гана сонун, – дейт экинчиси.

Мына ушундан кийин, кеп жалаң гана мармелад жөнүндө кетет, саясат сайда эле калат.

Эми темабызга келебиз. Кыргызстанда кыйналган калк жакшы жашоого жетүү үмүтүндө дайыма козголоңдор көтөрүшөт, кан-жан беришет. А саясатчылар болсо ага жооп катары, ар дайым конституциялык реформаны көтөрүшөт. Анан талкуу башкаруу системасына өтөт. Анан элдин көңүлү референдумга каратылат да, акыры калк “мармелад” тиштеп кала берет.

Мына, акыркы “октябрь төңкөрүшү” да ушул нукта баратат. Азыр эл ичиндеги талкуу жалаң гана жаңы конституция тууралуу болуп калды. Жаңы бийлик президенттик башкарууну алга сүрсө, оппозиция парламенттик башкарууну сактап калуу аракетинде.

Саясатчылар дайым эле “Конституция кол тийгис”, “Конституция ыйык”, “Конституция – бул империативдик мыйзам” деген сөздөрдү колдонуп келишет. Негизи, азыркы конституциялар “кол тийгис” эмей эле, “кол жоолук”. Акаев алгачкы конституция тууралуу “ал кылым үчүн жазылат” деген эле. Бирок, өзү төрт жолу кол тийгизди. Бакиевдин доорунда 2 ай ичинде 2 жолу өзгөрүп, жалпысынан үч жолу кол тийгизилди. Кийин “Убактылуу өкмөт” мүчөлөрү жаңы конституция түзүшүп, 2020-жылга чейин оңдоолор киргизүүгө мораторий кошо кабыл алынды, бирок, Атамбаев 2016-жылы өзгөртүүлөр киргизди. Бул конституциялардын аны түзгөндөр тарабынан “кол жоолукка”айланышы эле, алардын эч кандай “ыйык” эместигин да айгинелеп турат.

Ал эми, азыркы конституциялардын “империативдик мыйзам” эместиги өзгөчө көңүл бурууга арзыйт. Анткени, ал дүйнөлүк саясатка тиешелүү. 2-дүйнөлүк согушта жеңишке жеткен державалар дүйнө өлкөлөрүн өз чеңгелдеринде кармап туруу үчүн БУУ (ООН) уюмун түзүштү. Ошондон тартып, дүйнө өлкөлөрүнүн конституциялары БУУ Уставына ылайык түзүлө турган болду. Бул ири империалисттик державалар өз өкүмдарлыктарын дагы да бекемдөө жана жайылтуу үчүн, БУУ Уставынын алкагында, 1960-жылдардан бери Вена конвенциясынын мыйзамдарын кабыл алып келүүдө. Жана алар расмий түрдө бүткүл дүйнө өлкөлөрү үчун империативдик нормалар болуп эсептелет. Империативдик сөзүнүн лексикалык мааниси – кыңк этпестен кыйшаюусуз баш ийиүүнү түшүндүрөт. Ошондуктан, терминде Вена конвенциясынын мыйзамдары империативдик нормалар деп аталат. Демек, биздеги конституциялар эч кандай императивдик мыйзамдар эмес. Алардын үстүндө Вена конвенциясы турат.

Эл аралык саясатка келсек, биздин конституцияда камтылган башкаруу системалары кандай болушунан империалисттик державалар өз кызыкчылыктары жолунда пайдаланышат. Мисалы, азыр Кыргызстанда президенттик башкаруунун болушу Россия кызыкчылыгына кызмат кылат. Анткени, ал өз колонизаторлугун бир адам аркылуу гана жүзөгө ашырганга кызыкдар. Эгер президентте укук көп болсо жана ал россиячыл болсо, аны менен келишимдер түзүү жана аларды ишке ашыруу жеңил болот. Эгер Россия колонизаторлугуна каршы иш олуттуу түс алса, мамлекетти экономикалык кысымдан тартып, ар кандай туруксуздук келтирип чыгаруу проблемалары менен коркутат. Иш андан да олуттуу түс алса, расмий президенттин жардам сурап кайрылуусу шылтоосу менен аскерий жактан кирип келип алат.

Батыш болсо Кыргызстанда парламенттик башкаруу болушуна кызыкдар. Эгер парламенттик башкаруу болсо, башкаруучу коалицияны ыдыратуу, андан кийин жаңы өкмөт куроо сыяктуу иштер менен россиячыл бийликке проблема туудурушат. Адам укуктары, сөз экиндиги, соттордун көз карандысыздыгы ж.б.у.с.лар жаатында мыйзамдар кабыл алдырышат. Анткени, бул мыйзамдар аркылуу батышчыл саясатчылардын россиячыларды сындоосуна жол ачышат жана о.э. аларды жаза-чаралардан сактап калышат. Ушуну менен Батыш өз кадрларын эл арасында кадыр-баркка жетиштиришет. Бийликке аралаштырышат, ыңгайы келгенде булар аркылуу россиячыл бийликке каршы куралдуу козголоң көтөрүүгө да алып барышат. (Бирок, өздөрү “маселе тынчтык жол менен чечилишине тилектешпиз” деп, “крокодил жашын” төгүп калышат). Жаңы конституция долбооруна карата Батыш уюмдарынын, алардын катарында Венеция комиссиясынын, Норвегиялык Хельсинки комитетинин тынчсыздануу билдирүүлөрүнүн түбү мына ушул эл аралык саясатка барып такалат.

Ал эми жергиликтүү саясатчылардын конституциялык реформанын өзөгү болгон башкаруу системалары жаатында келтирген негиздемелери “арык кечпеген” эле кептер. Мисалы, “парламенттик башкаруудан баш тартсак, 20 жыл артка кетебиз” дешет. Анда эмне, президенттик башкаруудагы Америка бизден арттабы? Каршылаш тарап болсо, “президенттик башкаруусуз коррупцияга каршы күрөшө албайт экенбиз” дейт. А биз супер президенттик системада супер коррупциялык схемалар иштегендигин абдан жакшы билебиз. А азыр андай болбошуна кандай кепилдик бар?

Кептин ток этер жери, эки системаны айтып жаткандардын бардыгы элди жыргал жашоого жеткирүүнү убада кылып жатышат. Б.а. реформалар аркылуу экономиканы көтөрөбүз жана ал аркылуу мамлекет өнүгөт деп жатышат. Бирок, негизи, өнүгүүнүн башкы фактору – бул экономика эмес. (Бирок, ал темага азыр кайрылбайбыз). Алар айтып жаткан экономикалык өнүгүү азыркы дүйнөлүк жана эл аралык системада ишке ашуусу мүмкүн эмес. Анткени, демократияга жамынган дүйнөлүк империалисттик-капиталисттик система 3-дүйнө мамлекеттеринин экономикалык жактан өнүгүүсүнө эч качан жол бербейт. Бул система биздин байлыктарды тоноп алуу, элибизди кул кылып эзүү үстүнө курулган. Бул бузук демократиялык системадан бизге алардын ыймансыздыгы, динсиздиги, эгоизми, ач көздүгү, сойкулугу ж.б.у.с.лары гана келет. Биз бул системага моюн сунуу менен – империалисттердин бузуку жашоосун камсыздагандан сырткары – өзүбүз да бузук жашоодо жашаган кулдар гана болуп кала беребиз.

 Булардан тышкары, парламенттик башкаруунун жактоочулары “бийлик бир колго топтолуп калат” дешүүдө. Негизи, бийликтин табияты өзү ошону талаб кылат. Ошондуктан, президенттик башкарууда президент, парламенттик башкарууда премьер-министр бийликти өз колуна топтоп алат. Болбосо, бийликке умтулуп не кажет. Антпесе, бийлигин тарттырып жиберет. Бирок, колониядагы мамлекеттердин бийликтеринде мындай табият жок. Себеби, аларда чыныгы бийликтин өзү жок. Кайсы кожоюн держава таасирдүү болсо, ошонун малайы бийликте болот.

Мына ушулардын баарын билип турса да, алды “журт атасы”, ортосу “журт агасы” даражасын ээлей турган айрым саясатчыларыбыз “Биз үчүн башкы коркунуч – шариятты жашоого алып келебиз дегендер. Биз мындайда биригип, светтик системаны сактап калышыбыз керек” деп олтурушат. Демек, аларга ыймансыздыкты, динсиздикти, эгоизмди, гейликти ж.б. алып келген светтик система жагат экен. Алар кожоюндарынын байлыктарыбызды ташып кетишине, кожоюндары ыргытып койгон сөөк үчүн, бизди аларга кул кылып берүүгө ыраазы экен. Анан өз ара сөөк талаша кетишкенде, элди ит талашка салып коюп, өздөрү конституциялык реформа менен алек. А мейли деп коёлу, алар го алар, а силерчи, эй калайык калк! “Мармеладга” тойбодуңарбы?!

Негизи, силер жакшы жашоого жетүү үмүтүндө жанып жатасыңар. Бирок, анын жолун таппай карайлап турасыңар. Аны табыш үчүн өзүңөрдүн мусулман экениңерди эстегиле. Силер бийликтериңерди тергеп-тескеп жатканыңарда, муну демократ болуп кеткениңер үчун кылган жоксуңар. Силер мурунку мусулман бабаларыңардан мураска калган “жакшылыкка чакыруу, жамандыктан кайтаруу” менталитетиңер себептүү бийликти тергеп жатасыңар. Өздүгүңөргө кайткыла. Исламыңарды үйрөнгүлө. Андан конституциялардын эң жакшысын – Куран жана Суннага негизделген конституцияны табасыңар. Анан аны турмушта колдонууга карай шашылгыла. Аны менен эки дүйнө бактысына жетишесиңер.

Абдулхакийм Караханий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here