АКШдагы окуялар жана алардын эл аралык позицияга карата таасири (Үчүнчү бөлүк)

275
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

АКШдагы окуялар жана алардын эл аралык позицияга карата таасири

(Үчүнчү бөлүк)

 Устаз Асъад Мансур

Коронавирус кризиси башталары менен Американын чириген абалы ачыкталып калды. Америка бул кризисти жөнгө сала албай калды. Америка ага каршы күрөшө албай, өзүнүн айыбын жашыра албай, кризистин жоопкерчилигин Кытайга жүктөөгө урунду. Негизи, вирустун Кытайда тараганда Американын алдында эки ай мүмкүнчүлүк бар эле. Бирок, Америка коронавирусту жашырды, канчалык кооптуу экенин, ага каршы кандай күрөшүү керектигин түшүнүп жетпеди. Акыбетте, АКШ вирустун биринчи жуккан абалын 2020-жылы февраль айынын башында каттады жана ошондо эле эпидемия башталды. Вирус мамлекетте 2020-жылдын үчүнчү айынын ортолорунда массалык түрдө жайылды. Америкада медицина тармагынын чабалдыгы, медицина жабдыктарынын жетишпестиги, медициналык жабдууларды башка мамлекеттер менен талашуусу Америкага болгон ишенимге зыян жеткирди. Америка мүдүрүлө баштады. Америка чек араларды жабуу менен экономикалык зыян көрдү, мурунтан келе жаткан экономикалык кризис курчуду. Ушул себептен улам, Америка оңдоп болгус материалдык зыян тартты жана өзүн куткара албады, коронавирус ооруусу эң көп учураган мамлекетке айланды. Себеби, ооруну жуктуруп алгандардын саны бир жарым миллиондон ашты. Америка басма сөзүндө өлкөдө вирусту жуктуруп алгандыгы аныкталбаган миллиондогон адамдар бар экендиги айтылды. Өлүмдөрдүн саны боюнча да Америка биринчи орунга чыкты, 2020-жылы 26-июнга чейин алардын саны 126 миңден ашты. Булардын баары Америка дүйнөнүн биринчи мамлекети деген ишенимди алсыратууда.

Америкада жумушсуздардын саны да болуп көрбөгөн даражада көбөйдү, 2020-жылы 7-майда жумушсуздук даражасы 20%га жакындашты. Бул 2008-жылда өлкөдө байкалган абалдан эки эсе көп дегени. Трамп эпидемиядан мурда жумушсуздук даражасы 3.5%га төмөндөгөнү менен мактанган. Кээ бир экономисттер апрель айында Америкада 28 миллион жумуш орду кыскарганын маалымдашты. Салыштыруу үчүн айтсак, 2008-жылдагы глобалдуу кризис АКШда 8.6 миллион жумуш орду кыскарышына алып келген. Сандарга караганда, учурдагы финансылык кризис салыштырууга булак боло албай калды. Себеби, 2020-жылдагы сандар кескин даражада көбөйүп, аны отузунчу жылдардагы депрессия сандарына кайтарууга туура келип калды. Пайыздык ставка дээрлик нөлгө төмөндөдү. Америка 2008-жылдагы кризистен чыгуу үчүн акыркы жылдары ставканы 2%дан жогору көтөргөн. Ошондо аны дээрлик нөлгө түшүрүүгө мажбур болгон, мына эми нөлгө түшүп калды.

Жакырчылык даражасы да көтөрүлүп, жакырчылык чекте жашагандардын саны 2020-жылы 25-майда 43 миллионго жетти жана бул элүү жыл мурунку көрсөткүчтөн эки эсе көп. Американын «NBC» каналынын кабарына ылайык, АКШнын финансылык эмес корпорацияларынын жалпы карызы жыл аягында 6.6 триллион долларга жетти, 2009-жылдан бери бул 78% көп дегени. Moody’s: «Коронавирус экономикага болуп көрбөгөн даражада сокку болот», – деп кабар берди. (Арабий 24, 2020-жыл, 31-март).

Булардан көрүнүп тургандай, АКШдагы экономикалык кризис өтө курч даражада турат. Америка 2008-жылдан бери кризистен башы чыкпай жатып, кризистин көлөмү дагы да кеңейип, олуттуу түс алууда, бул мамлекетте үлкөн байлыктар бар экенине карабастан, жемирилип бара жаткан экономикасын куткарып кала албай жатат. Проблема өтө курчуду. «Обама доорунда мамлекеттин карызы 10 триллиондон 20 триллионго секирди жана ал дагы эле көтөрүлүп 27 триллионга жетти, коронавирус пандемиясын жумшартуу үчүн чоң каражаттар сарпталып жаткан азыркы абалда бул көлөм 2008-жылдагы финансылык кризис күчүнө чыккан учурдагы көлөмдөн беш эсе көп экенин түшүндүрөт». (Аль-Араб, 2020-жыл, 6-май). Бул божомолдор Moody’s агенттигинин отчётуна шайкеш келүүдө. Ушул агенттиктеги экономист Марк Занди мындай дейт: «Эгер жайдын аягына чейин АКШ компаниялары өз иштерин тикелеп ала албаса, ипотека карызы бар адамдардын 30%ы же 15 миллионго жакын үй-бүлөлөр карызды төлөй албай калышат жана кыймылсыз мүлктөн куру калышат». Занди айтышынча, бүгүнкү күндөгү абал мындан 12 жыл мурда т.а. 2008-жылдагы кризиске караганда олуттуураак жана кооптуураак. Ал кезеде АКШда ипотека базары «жарылып», глобалдуу финансылык кыйроого, узак жылдык экономикалык туруксуздукка себеп болгон. АКШнын Пенсильвания университетинин «Уортон бизнес» факультетинин профессору Сьюзан Вахт учурдагы ипотека карызынын көлөмү 2008-жылдагыга караганда кыйла көп экенин баса белгилеп мындай деди: «Анын көлөмү 2019-жылдын өзүндө эле 433 миллиард долларга көбөйүп, 9,56 триллион долларга жетти». (Новости).

Ушул себептен улам, көптөгөн расмийлер жана саясий идеологдор Америка коркунучка жүз тутуп жатканынан эскертишти. АКШ президенти Трамп айтат: «Коронавирус кризиси 1941-жылдагы Перл-Харбордогу Япония чабуулунан да, 2011-жылы 11-сентябрдагы дүйнөлүк соода борборунун жарылышынан да кооптуураак. Мындай даражага жетиши керек эмес эле». (АFР, 2020-жыл, 7-май). АКШнын мурунку Мамлекеттик катчысы Генри Киссинжер Америкада чыккан «The Wall Street Journal» гезитинин 2020-жылы 4-апрелдеги санында басылып чыккан макалада «коронавирус пандемиясы дүйнөлүк түзүмдү түптөн өзгөртүп жиберишин» баса белгиледи. Белгилүү америкалык бизнесмен Жорж Сорос мындай дейт: «Коронавирус цивилизациябызга коркунуч салууда. Бул жашообузда күбө болгон эң чоң кризис. Шек-күмөнсүз, бул өтө чоң проблема. Коронавирус тараган убактан баштап эми мурдагы абалыбызга таптакыр кайта албайбыз. Бул анык. Муну менен бирге, бул жалгыз анык нерсе. Бардык нерсе талкууга себеп болуп калды. Капитализмдин кандай өнүгүшүн билген адам табылбайт деген ойдомун». («Индепендент», 2020-жыл, 6-май). АКШ ооруларды көзмөлдөө жана алдын алуу борборунун мурдагы директору Том Фридман 2020-жылы 6-майда Конгрессте: «Америка коронавируска каршы узак жана оор согушка даяр болсун», – деди. Ал дагы мындай деди: «Күчтүү вакцинага ээ болгонубузга чейин Кошмо Штаттарга гана эмес, бүткүл дүйнөгө чоң зыян жеткирип жаткан мындай ооруну жеңүү үчүн өкмөт жакшыраак даяр болушу керек. Эгер күтүлбөгөн бирер абал болбосо, бул душманыбыз вирус бир нече ай же жылдап бизди таштап кетпейт. COVID-19га каршы согушубуз узак жана оор болот».

Дагы бир проблема бар. Учурда АКШнын президенттик шайлоосунда жеңип чыгуу же өз талапкеринин жеңип чыгышы үчүн – канчалык кымбатка түшпөсүн – партиялар бөлүнүп жатат, катуу күрөшүп жатат. Бул абал Трампта да болду. Ал Украинадан өзүнүн демократ атаандашына каршы шайлоого аралашууну талап кылды. О.э. Кытайдан да шайлоого аралашып, колдоп-кубаттоону талап кылып, анын уйгур мусулмандарга карата кылмыштарын көз жумууга убада кылды. Мындан тышкары, Америкада президент менен маанилүү кызматтагы адамдар ортосунда да келишпестиктер көбөйдү. Бул келишпестик мындай: президент маанилүү кызматтарга дайындаган адамдар менен да келише албай жатат жана аларды кызматтарынан бошотууда, кызматтарынан ажыраган адамдар ага чабуул кылышып, аны президенттикке ылайыксыз деп айыпташууда. Бул келишпестиктеринен жакындагысы – Трамптын мурдагы Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон өз жетекчиси Трамп жөнүндө китеп жазып, анын кыңыр иштерин ачып таштады. Булардын баары адамдар назарындагы Американын аброюн тебелеп-тепседи.

 

Роя гезити, №306, 2020-жыл, 30-сентябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here