Биз көз эмес, сен коркуп жаткан шибегебиз.

224
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Биз көз эмес, сен коркуп жаткан шибегебиз.

 Устаз Насиршайх Абдулхай

  • 2011-жылы Шам козголоңу башталганда малай Асад режиминин кожоюну жана коргоочусу болгон Америка бул козголоң региондогу башка козголоңдорго окшобогон жогору даражадагы козголоң экенин түшүнүп жетти. Америка козголоң ушул күчүн жана туура багытын улантса, көздөгөн максатына жетишин түшүнүп жеткендиктен козголоңду токтотууга же туура жолунан адаштырып, ага күч берген булагынан үзүүгө болгон күчү менен аракет кылды жана ар кандай шайтаний ыкмаларды колдонду. Мисалы, Америка козголоңдун душмандарын эки бөлүккө: үмүтсүздүккө туш кылуу үчүн зулум кылган душмандарга жана бизеге «достук» билдирген айлакерлерге бөлдү. Америка бизди үмүтсүздүккө туш кылуу үчүн «саясий» деп аталган өзүнүн уу чечимин бизге зордоп өткөрүүгө урунууда.

Америка Шам калкына каршы күрөшүү жана алардын козголоңун токтотуу үчүн малай куурчак акимдерди ишке салат. Алар Умматты өз бийлигинен жана эркинен куру калтырууга тынымсыз аракет кылышат, Уммат өз шахсиятынан, өздүгүнөн, кайратынан жана эркинен ажыроосун көздөшөт. Ошондуктан, Америка малай куурчак акимдерди бийликке алып келди. Бул куурчактардын вазыйпасы: Америка менен алака кылган жана тил бириктирген уюмдарга, согуштук топтордун ичиндеги жетекчилерге, режимдерге, жалданма жарчыларга жана башкаларга козголоңдун жана козголоңчулардын тагдырын тапшыруу. Алар да, булар да, баары бир максатты, ал да болсо, адамдардын жүрөгүндөгү козголоң жана жихад рухун өлтүрүүнү көздөштү. Негизи, адамдар алар берип жаткан курмандыктардын аягын Аллах жана Расулу ﷺ ыраазы боло турган таризде аяктоого ынтызар.

  • Кээ бир жеңилген адамдар «козголоңдун көзү режимдин шибегесине каршы тура албайт» деген сөздү таратып жатышат. Алар бул сөздөрдү билбестен же билип туруп, Ислам жана шамдыктардын душмандары көздөгөн шайтаний пландарды ишке ашыруу үчүн атайылап таратып жатышат! Бул жерде биз ушул акылуу суроолорду беребиз:
  • Ким көз, ким шибеге?!
  • Анын ордуна «Акыйкат бийик, андан эч нерсе бийик боло албайт» дешибиз керек эмеспи, биздин динибиз жана акыйдабыз ушул эмеспи?!
  • Биз динибиз менен азиз, Роббибиз менен күчтүү эмеспизби?!
  • Аллах Субханаху ва Таала Өзүнүн Китебинде мындай дебеген беле:

﴿وَلاَ تَهِنُوا وَلاَ تَحْزَنُوا وَأَنتُمُ الأَعْلَوْنَ إِن كُنتُم مُّؤْمِنِينَ﴾

«(Куфрга каршы күрөштө) суз болбогула жана капалуу болбогула! Эгер ыйман ээлери болсоңор, силер үстөмдүк кылуучусуңар»                                                                    [3:139]

﴿بَلْ نَقْذِفُ بِالْحَقِّ عَلَى الْبَاطِلِ فَيَدْمَغُهُ فَإِذَا هُوَ زَاهِقٌ﴾

«Биз хакты батылдын үстүнө таштайбыз, анан, (хак жалганды) жанчып, (жалган) капыстан жок болот»                                                                                                 [21:18]

﴿لِيُحِقَّ الْحَقَّ وَيُبْطِلَ الْبَاطِلَ وَلَوْ كَرِهَ الْمُجْرِمُونَ﴾

«Ал күнөөкөрлөр жаман көрүшсө да, хакты хак, батылды батыл кылуу үчүн (ушундай калаган)»                                                                                                                          [8:8]

Биз шибегебиз, Аллах – Өз уруксаты менен – биз менен ар кандай батылды жанчыйт.

  • Шам козголоңу башынан өткөргөн эң жаман балээлердин бири: Уммат арасында «козголоң бүттү, душман жеңишке жетишти» деген сөздөрдү таратып жүргөн имишчи күнөөкөр пенделер. Алар «козголоңдун колунда эч нерсе калбады, анын куткаруучусу мамлекеттер, бул мамлекеттер козголоңду өз чеңгелине алышып, каалагандай ага жараат жеткиришет» деген сөздөрдү айтып жүрүшөт. Башка мамлекеттердин өлкөбүздөгү бул фажир куурчактары минбарларга чыгып алып, адамдардын үмүтүн үзгөн хутбаларды айтып жатышат, бул абалга өзүңөр себепкерсиңер деп, «алсыздык фикхи», «жарашуу фикхи», «баш тартуу фикхи», «түшкүндүк фикхи» деген нерселерди ойлоп табышууда! Негизи, берилген курмандыктарды Ислам өкүмү менен аягына жеткирүү үчүн режимди кыймылдап калган тактысынан кулатууга зарыл бардык факторлор бар: бекем акыйда, кайрат, азиздикке ынтызарлык… козголоңчу перзенттердин жүрөгүндө согуп жатат. Козголоңдун максаты жөнүндө коомдук пикир пайда болуп, кылмышкерлер менен орточо чечимге келишпейбиз, канкор режим түп-тамыры менен кулатылмайынча таптакыр нажат жок деген пикирлер коомдук пикирге айланды. Козголоң учурундагы узак жылдык тажрыйба – оор шарттарга карабастан – жаратмандык тажрыйбага ээ кишилер, сабыр жана кайрат ээлери, ири инсаний энергия, өзгөчө географиялык жана саясий потенциал барлыгын далилдеди. Бир нерсе гана жок т.а. саясий жана аскерий иш өз ээлеринин колунда эмес. Ошондуктан, биз да, козголоңубуз да коркунуч астында калды.
  • Ушул факторлордун тушунда душмандар козголоң сакайып, кайра баш көтөрүшүнөн мурун аны тирүүлөйүн көмүп жок кылууга келишип алышты. Себеби, козголоң нусратка жетишсе, Америка жана анын малай режимдери үчүн үлкөн коркунуч пайда болот. Негизи, бул режимдер ондогон жылдардан бери адамдарды катуу азап-кыйынчылыктарга салып келишти, Исламдын башкарууга кайтышына каршы бардык мүмкүнчүлүктөрдү ишке салып күрөштү. Колонизатор кафирдин пайдасы үчүн өлкө байлыктарын уурдашты, мунун акысына кафир алардын коопсуздугун камсыздап, зулум-зомбулук жана кылмыштар менен аларды бийликте коргоп турушат. Бул режимдер адамдарды жакырлаштыруу үчүн о.э. акимдерге каршы көтөрүлүп, аларды акыйкатка мажбурий ийип койбошу, ал тургай, түп тамыры менен кулатып салбашы үчүн адамдарды бир үзүм нан табуу менен алек кылып турушту. Бул режимдер түп-тамыры менен кулатылууга ылайык режимдер. Себеби, алардын баары фиск-фужурга берилип, Ислам негизинде чыныгы өзгөрүүгө умтулган ар кандай аракетке каршы согуш жарыялашкан.
  • Ооба, адамдар ушуну түшүнүп жетишти – чегинүүгө жана моюн сунууга таптакыр орун жок. Себеби, кыйроо мына ушунда. Жарым жартылай козголоңдор кыргындан башка нерсени алып келебейт. Буга Мисир, Тунис, Ливия жана Яман тажрыйбалары далил боло алат. Баштаган нерсебизди толук аягына жеткиришибизди акыйдабыз шарт кылууда. Айрыкча, бизди жана козголоңубузду аңдып турган душмандарыбыздын зордоп тыгыштырып жаткан долбоорлору негизинде эмес, акыйдабыздан келип чыккан жана адамдар бир добуштан ижма кылган анык-тунук куткаруучу долбоор негизинде аяктоону буйрууда. Ушул куткаруучу долбоордо Дамаскты жана бүткүл Шам жерин – Аллахтын уруксаты менен – азат кылуу аракети белгилеп берилген. Аллахка бул кыйын эмес. Шек-күмөнсүз, бул – Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык долбоору. Халифалык долбоору менен гана нусрат факторлору толук табылат, жалгыз ушуну менен Ислам башкаруусуна ынтызар Ислам эр кишилери табылат, ушуну менен гана улуулукка жетебиз, берген курмандыктарыбызды аягына алып барып, кафир, залим жана жабыр көрсөтүүчү режимди кулатабыз, Аллахтын башкаруусун тикелейбиз. Мунун учуру эбак келди, инша Аллах.
  • Аллах жүрөктөрүбүздү кадыржам кыла турган нерсе менен бизге ырайым көрсөткөнгө чейин, Анын нусратына терең ишенип, арканын бекем кармап чок үстүндө жүрүүнү улантабыз. Нусрат жана максатка жетүү үчүн бекем турабыз же бул жолдо курман болобуз. Биз үчүн Аллахка – Өз уруксаты менен – бизден ыраазы болгон абалда жолуугунун өзү жетиштүү. Аллах Таала айтат:

﴿وَلَيَنصُرَنَّ اللَّهُ مَن يَنصُرُهُ إِنَّ اللَّهَ لَقَوِيٌّ عَزِيزٌ﴾

«Албетте Аллах Ага жардам бергендерге нусрат берет. Шексиз, Аллах күчтүү, кудуреттүү»                                                                                                                [22:40]

﴿وَمَكَرُوا مَكْراً وَمَكَرْنَا مَكْراً وَهُمْ لَا يَشْعُرُونَ + فَانظُرْ كَيْفَ كَانَ عَاقِبَةُ مَكْرِهِمْ أَنَّا دَمَّرْنَاهُمْ وَقَوْمَهُمْ أَجْمَعِينَ + فَتِلْكَ بُيُوتُهُمْ خَاوِيَةً بِمَا ظَلَمُوا إِنَّ فِي ذَلِكَ لَآيَةً لِّقَوْمٍ يَعْلَمُونَ + وَأَنجَيْنَا الَّذِينَ آمَنُوا وَكَانُوا يَتَّقُونَ﴾

«Алар айлакерликтерин кылышты. Биз да алар сезе электе бир «айлакердик» кылдык. Эми алардын кылган айлакерлигинин акыбети кандай болгонун көргүн — Биз аларды жана бардык коомун жок кылдык. Мына, алар залим болгондуктары себептүү үйлөрү куулдап ээн калды! Албетте, мында билген коом үчүн ибрат бар. Ыйман келтиргендерди жана такваларды куткардык»                                                                                                             [27:50-53]

 

Роя гезити, №306, 2020-жыл, 30-сентябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here