Сарай уламалары фикхий адашуу синдромуна кабылышты

219
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Сарай уламалары фикхий адашуу синдромуна кабылышты

 Шейх Исам Амира

Туткундуктагы Куддус – Фалестин

Аллахка мактоолор болсун, Расулуллахка, ал кишинин үй-бүлөсүнө, сахабаларына жана досторуна саламдар болсун, амма баъд:

Хак Табарока ва Таала Куръани Каримде мындай дейт:

﴿وَإِذْ أَخَذَ اللَّهُ مِيثَاقَ النَّبِيِّينَ لَمَا آتَيْتُكُم مِّن كِتَابٍ وَحِكْمَةٍ ثُمَّ جَاءَكُمْ رَسُولٌ مُّصَدِّقٌ لِّمَا مَعَكُمْ لَتُؤْمِنُنَّ بِهِ وَلَتَنصُرُنَّهُ قَالَ أَأَقْرَرْتُمْ وَأَخَذْتُمْ عَلَى ذَلِكُمْ إِصْرِي قَالُوا أَقْرَرْنَا قَالَ فَاشْهَدُوا وَأَنَا مَعَكُم مِّنَ الشَّاهِدِينَ﴾

«Эстегиле, Аллах бардык пайгамбарлардан: «Мен силерге кандай китеп жана хикмат бербейин, кийин силердин пайгамбарлыгыңарды ырастап тастыктоочу бир пайгамбар келгенден кийин албетте ага ыйман келтиресиңер жана жардам бересиңер», деп убада-шерт алган соң, «Мына ушул убада-шерт оор милдетимди ыкылас коюп кабыл алдыңарбы?» деди. Ал пайгамбарлар: «Ынандык», деп жооб кылышкан соң, Аллах: «Күбө болгула! Мен да силер менен күбө болуучуларданмын», деди»

                                                                                                                                       [3:81]

Аалымдардына айтымында, бул аяттын мааниси мындай: Аллах анбиялардан жана алардын умматтарынан убада-шерт алды жана анбияларды зикр кылып, умматтарын зикр кылбады. Себеби, убада-шертти ээрчитүү менен зикр кылуу ээрчүүчүгө да далалат кылат, себеби, умматтар анбияларды ээрчүүчүлөр… ж.б.у.с.

Шек-күмөнсүз, уламалар – анбиялардын мураскорлору. Ушул мурас менен уламалар адамдар үчүн ишеничтүү кишилерге, аларды хакка жана хидаятка баштоочуларга айланышты. Эгер, уламалар ушул мурас талап кылган иштерди шарият талап кылгандай аткарышса, Аллах Субханаху ва Таала аларды махшарда анбиялар, сыддыктар, шейиттер, солихтер менен бирге кылат, алар менен жолдош болуу кандай гана жакшы. Бирок, уламалар ушул мураска жаман мамиледе болуп, аны четке кагышса жана аны сатышса, демек, Аллах Азза ва Жалла Кыямат күнүндө эң биринчи мына ушул уламаларды күйгүзөт. Алгач сүйлөтүп, кийин отко таштайт. Бул жөнүндө имам Муслимдин Абу Хурайра розияллаху анхудан кылган ушул риваяты келген: Абу Хурайра айтат: Мен Расулуллах Aдын мындай дегенин уккам:

«إنّ أَوّلَ النّاسِ يُقْضَىَ يَوْمَ القِيَامَةِ عَلَيْهِ، رَجُلٌ اسْتُشْهِدَ، فَأُتِيَ بِهِ فَعَرّفَهُ نِعَمَهُ فَعَرَفَهَا، قَالَ: فَمَا عَمِلْتَ فِيهَا؟ قَالَ: قَاتَلْتُ فِيكَ حَتّىَ اسْتُشْهِدْتُ، قَالَ: كَذَبْتَ، وَلَكِنّكَ قَاتَلْتَ لأَنْ يُقَالَ جَرِيءٌ، فَقَدْ قِيلَ، ثُمّ أُمِرَ بِهِ فَسُحِبَ عَلَىَ وَجْهِهِ حَتّىَ أُلْقِيَ فِي النّارِ، وَرَجُلٌ تَعَلّمَ العِلْمَ وَعَلّمَهُ وَقَرَأَ القُرْآنَ، فَأُتِيَ بِهِ، فَعَرّفَهُ نِعَمَهُ فَعَرَفَهَا، قَالَ: فَمَا عَمِلْتَ فِيهَا؟ قَالَ: تَعَلّمْتُ العِلْمَ وَعَلّمْتُهُ وَقَرَأْتُ فِيكَ القُرْآنَ، قَالَ: كَذَبْتَ وَلَكِنّكَ تَعَلّمْتَ العِلْمَ لِيُقَالَ عَالِمٌ، وَقَرَأْتَ القُرْآنَ لِيُقَالَ هُوَ قَارِىءٌ، فَقَدْ قِيلَ، ثُمّ أُمِرَ بِهِ فَسُحِبَ عَلَىَ وَجْهِهِ حَتّىَ أُلْقِيَ فِي النّارِ، وَرَجُلٌ وَسّعَ الله عَلَيْهِ وَأَعْطَاهُ مِنْ أَصْنَافِ المَالِ كُلّهِ، فَأُتِيَ بِهِ فَعَرّفَهُ نِعَمَهُ فَعَرَفَهَا، قَالَ: فَمَا عَمِلْتَ فِيهَا؟ قَالَ: مَا تَرَكْتُ مِنْ سَبِيلٍ تُحِبّ أَنْ يُنْفَقَ فِيهَا إلاّ أَنْفَقْتُ فِيهَا لَكَ، قَالَ: كَذَبْتَ، وَلَكِنّكَ فَعَلْتَ لِيُقَالَ هُوَ جَوَادٌ، فَقَدْ قِيلَ، ثُمّ أُمِرَ بِهِ فَسُحِبَ عَلَىَ وَجْهِهِ، ثُمّ أُلْقِيَ فِي النّارِ»

«Кыямат күнү эң биринчи Аллах жолунда шейит болгон киши өкүм кылынат. Ал алып келинет. Аллах Таала ага Өз ниъметтарын эстетет. Ал эстейт. Аллах Таала андан: «Дүйнөдө бул ниъматтарым туурасында эмне амал кылдың?», – деп сурайт. Ал: «Сенин жолуңда согуштум, ал тургай, шейит болдум», – дейт. Ошондо Аллах Таала: «Жалган сүйлөп жатасың, «баланча эр жүрөк» деп айтышы үчүн согушкансың, адамдар сен жөнүндө ушундай дешти», – дейт. Кийин буйрук кылынып, жүз төмөн абалда сүйрөп алып барылып тозокко ташталат. Кийин илим үйрөнүп, аны үйрөткөн жана Куръан окуган киши алып келинет. Аллах ага бул дүйнөдө берген ниъматтарын эстетет. Ал эстейт. Аллах андан: «Дүйнөдө бул ниъматтарым туурасында эмне амал кыдың?», – деп сурайт. Ал: «Мен илим үйрөнүп, аны үйрөттүм, Сенин жолуңда Куръан окудум», – дейт. Ошондо Аллах Таала: «Жалган сүйлөп жатасың, «аалым экен» деп айтышы үчүн илим үйрөттүң жана «кары» деп айтышы үчүн Куръан окудуң, адамдар сен жөнүндө ушундай дешти», – дейт. Кийин буйрук кылынып, ал жүз төмөн абалда сүйрөп алып барылып тозокко ташталат. Кийин көп мал дүйнө берген киши алынып келинет. Аллах ага бул дүйнөдө берген ниъматтарын эстетет. Ал эстейт. Аллах Таала андан: «Дүйнөдө бул нимъматтарым туурасында эмне амал кылдың», – деп сурайт. Ал: «Сен инфак-ихсан кылынышын каалаган орундардын баарына калтырбай Сенин жолуңда инфак кылдым», – дейт. Ошондо Аллах Таала: «Жалган сүйлөп жатасың, «баланча берешен» деп айтышы үчүн кылгансың, адамдар сен жөнүндө ушундай дешти», – деп жооп берет. Кийин буйрук берилип, ал жүз төмөн абалда сүйрөп алып барылып тозокко ташталат».

Бул – Аллахты ачууланткан иште акимди ыраазы кылуу үчүн илим алган уламалар үчүн ачык-айкын коркунуч. Яхудийлер менен мамилелерди нормалдаштыруунун арам экенин далилдешибизге кажет жок. Себеби, алар Исра жана Меъраж жери болгон о.э. борборунда мубарек Акса мечити жайгашкан жерди басып алышты. Бирок, бизди тынчсызданткан нерсе – расмий диний уламалар Китеп-сүннөттөн шаръий нусустарды өз маанисинен башка тарапка буруп, күмөндүү иштер менен алектенип жатышканы. Алар Саудия, Эмираттар сыяктуу мамлекеттердеги зыянкеч саткын акимдердин яхудийлер менен мамилелерди нормалдаштыруу аракеттерине шаръий түс берүү жана калктын колдоосуна ээ болуу үчүн муну кылып жатышат. Мындан улам, расмий диний мекемелер көз карандысыз эместигин катъий айта алабыз. Айрыкча, бул мекемелер фатва жана өкүмдөрдү өзгөртүп, саясий абалга ылайыкташтырууда. Бүгүнкү күндө бул диний уламалар ар бир мамлекеттеги режимге жана акимдерге жагынып жатышат, алардын жүзүн чырайлуу кылып, алардын өз калкына каршы кылмыштарын жакшы-туура деп көрсөтүшүүдө. Ал тургай, мындан да жаманы, кыска убакыт ичинде фатвалар дүйнөсүнүн өзүндө карама-каршылыктар пайда болду. Себеби, кээ бирөөлөр мурда ырды арам деген болсо, бүгүн адал дешүүдө. Кече Сирияда Асад режимине каршы согушуу фарз деген болсо, бүгүн арамдыгына фатва берип жатат. Масжидул Харамдагы алардын чоңу Фалестин жана Акса мечитинин баскычылары болгон яхудийлерди кече душман деген болсо, бүгүн алар менен мамилелерди нормалдаштырууга чөйрө даярдап жатат. Яхудийлер менен мамилелерди нормалдаштыруу жаиз экендигине ушундай бир далилдерди келтирип жатышат, алар шаръий кыяс өлчөөлөрүнүн эч бирине туура келбейт. Себеби, ошол далил кылынган абал менен Акса мечитинин жана мубарек жердин баскынчысы яхудий вужудунун абалы ортосунда туура келе турган бир да иллет-себеп жок! Ушундай фатваларды чыгарып жаткан бул уламалардын шерменделиги адамдарды өз динине ишенбей коюуларына алып келүүдө, алар адалды арамга, арамды адалга айлантып берген фикхий адашуу синдромиуна чалынды дегенге негиз жаратууда! Бул ушундай жаман синдром болуп, ага чалдыккан кишини тезинен фикхий карантинге алуу керек, ал тургай, ал дүйнөдөгү уламалардын эң аалымы болсо да. Абалы жакшырып, мындай оорудан шыпаа табышы шарт.

Биз мындай кооптуу орууну дарылоого о.э. мындай пандемияны жок кылууга бир жол менен гана жетишүүбүз мүмкүн. Ал да болсо, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн аракет кылып жаткандар менен бирге аракет кылуу. Халифалык – Аллах Азза ва Жалла тарабынан убада кылынып, Расулу акрам ﷺ тарабынан башарат кылынган. Ушул мамлекетти тикелегенибизден кийин гана диний мекемелерибиз жана уламаларыбыз чалынган фикхий адашуу синдромунан бүткүл дүйнө кутулганын жарыялайбыз. Убай ибн Каъб розияллаху анху Расулуллах ﷺдын мындай дегенин риваят кылат:

«بَشِّرْ هَذِهِ الْأُمَّةَ بِالسَّنَاءِ وَالرِّفْعَةِ، وَالدِّينِ وَالنَّصْرِ وَالتَّمْكِينِ فِي الْأَرْضِ، فَمَنْ عَمِلَ مِنْهُمْ عَمَلَ الْآخِرَةِ لِلدُّنْيَا، لَمْ يَكُنْ لَهُ فِي الْآخِرَةِ نَصِيبٌ»

«Бул умматка улуулук, бийиктик, дин, нусрат жана үстөмдүк берилиши жөнүндө башарат бергиле. Алардан кимде-ким Акырет амалын дүйнө үчүн кылса, Акыретте эч кандай жакшы насибага ээ болбойт». (Имам Ахмад риваяты).

Ушундай бир заманда өзүн урматтаган жана адамдар арасында Мухаммад ﷺдын мураскорлору деген деңгээлинин кадырына жете турган роббаний уламалар акимдерди бузгунчулуктан кайтарган уламаларга айлануулары о.э. Аллах түшүргөн өкүмдөр менен өкүм жүргүзүүнү талап кылып, тогут жана динсиз акимдерден баш тартуусу зарыл. Ошол эле учурда, алар Умматтын аң-сезимин өстүрүүгө, маъруфка буйруп, мункардан кайтаруу таалимин көтөрүүгө астейдил аракет кылуулары керек. Адамдар бул тогуттардын тактыларын ойрон кылуу жана Аллахтын Китеби жана Расулунун сүннөтү менен өкүм жүргүзүүчү имам-халифага байъат кылуу үчүн аракет кылышы кажет.

 

Роя гезити, №307, 2020-жыл, 7-октябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here