Кыргызстандын Кытайга карызы талкууланды
Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен 16-ноябрда телефондон сүйлөштү. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Министрлер кыргыз-кытай кызматташуусунун актуалдуу маселелерин, мурдараак жетишилген келишимдерди аткарууну талкуулашты. Ошондой эле эки өлкөнүн чек арасындагы «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрмө-бекеттерин толук кандуу жандантуу темасын да талкуулашты.
Казакбаев өз сөзүндө кесиптешинен макроэкономикалык жана коронавирустук жагдайда Кыргызстандын Кытайга болгон карызына жеңилдетүүгө көмөк кылуусун өтүндү.
Эске салсак, 2020-жылдын 31-августуна карата Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 4, 827 млрд. долларды түздү. Андан 646 млн. доллар ички карыз, 4, 180 млрд. доллар тышкы карыз. Мунун ичинен Кыргызстан Кытайдын Эксимбанкына 1,778 млрд. доллар бересе.
Буга чейин Кытай чек араны толук ачуу, карызды жылдыруу үчүн Кыргызстанга бир катар шарттарды койгону айтылган. Маалымат каражаттары бул шарттардын арасында кытайлык компаниялардын коопсуздугун камсыздоо, Нарындагы темир кени жайгашкан Жетим тоону берүү сыяктуу талаптар бар экенин жазды. Ал эми президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Нарынга болгон иш сапары учурунда Жетим-Тоодо темирдин беш миллиард тоннадан ашык запасы т.а 50 миллиард доллардык сырьё бар экенин билдирген.
Учурда Кытай өлкөдөгү бийликтин алсыздыгынан пайдаланып, өзүнүн кылмыштуу кызыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн бийликке басым өткөрүүдө. Кытайдын бул багыттагы куу саясатын бир нече өлкөнүн мисалында көрүүгө болот. Алардын бири коңшу Тажикстан карыздарынын акысына Согди облусундагы Чыгыш Дуоба жана Жогорку Кумарг баш болгон 7 алтын кендерин иштетүү укугун Кытайлык компанияга карматкан.
Буга кошумча Кыргызстан эл аралык маселелерде Кытайдын позициясын кубаттоого мажбур болот. Мисалы, өз кезегинде Кыргызстан БУУда Кытайдын Шинжаңдагы мусулмандарга карата зулумдук саясатын колдоп чыгууга аргасыз болгон.
Белгилүү болгондой, Кытай сыяктуу ири мамлекеттер эч качан Кыргызстан сыяктуу “үчүнчү дүйнө” өлкөлөрүнө өнөр-жайды өнүктүрүү үчүн карыз беришпейт. Себеби, алар карыз берүүдөн мурда бул каражатты маданият, инфраструктура же спорттук комплекстер сыяктуу мамлекетке киреше алып келбей турган тармактарга сарптоо шарты менен беришет. Ошентип карызды төлөө убагы келгенде, алынган карыз тургай, анын үстөк пайызын төлөөгө да алсыздык кылып калган мамлекет колонизатор мамлекетке көз каранды болуп бара берет.
Демек, биз мусулмандар бийликтин Кытай колонизаторлугуна ачып берип жаткан эшиктерин тыкыр көзөмөлдөп, шаръий милдетибиз болгон тергеп-тескөө вазыйпабызды активдүү аткарышыбыз керек. Антпесек, стратегиялык жайлардын Кытай колуна өтүүсү Шинжаңдагы зулумдук Борбор Азияга кирип келишин тездетет. Ошондой эле биз проблеманын чыныгы чечими катары Кытайдын баскынчылыгына чекит кое турган Исламий мамлекетти тикелөөгө шашылышыбыз шарт!
Мумтаз Маверанахрий