Малайлардын жан күйдүрүп жатканынын себеби – кызмат үчүн жүгүрүү жана мал-дүйнө фитнасы

245
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Малайлардын жан күйдүрүп жатканынын себеби – кызмат үчүн жүгүрүү жана мал-дүйнө фитнасы

 Доктор Мухаммад Жиланий

Абу-Даби жана Бахрайн акимдери яхудийлер менен мамилелерди нормалдаштырууга жан күйдүрүп жатышканы таң калычтуу эмес. жакынкы күндөрдө Оман, Саудия, Судан, Чад жана башка өлкөлөрдүн акимдери да ушул жолдо ат чапкылап, кийин тарыхка унутта калуусу табыгий. Британия, Франция жана алардын союздаштары мусулман өлкөлөрүн колония кылышкан соң, Усманий Халифалык мамлекети кулатылышынан мурда жана кийин мусулмандардын башына малайлар балээсин алып келишти. Ушул араб, түрк жана фарс малайлары өз күчтөрүн ушул колонизатор мамлекеттерге туткун кылып, ошолордун исламий өлкөлөргө каршы түзгөн пландарын жана иш-чараларын аткарышты.

Британия менен Франция, кийинчерээк АКШ мамлекеттери малайларды даярдоодо жана аларды пайдаланууда эки жолду карманышты. Акимдерди өзүнө тартып, өзүн отко ыргыткан бул эки жолдун бири кызмат болсо, экинчиси мал-дөөлөт фитнасы.

Халифалык мамлекетин жеңүү жана кулатуу үчүн Британиянын алгачкы колдонгон каражаты расмий кызмат болду. Бийлик үчүн Шариф Хусайн менен уулу Файсал жана Абдулазиз ибн Сауд өздөрүн отко ыргытышты. Т.а. англистер Шариф Хусайнга Усманий султандыктын ордуна Чыгышта, араб өлкөлөрүндө халифа болуу, уулдарын амирлик кызматына дайындоо мүмкүнчүлүгүн сунуш кылышты. Ошол эле убакта, Абдулазиз ибн Саудду да каражат жана курал менен камсыздап, Наждга, кийинчерээк Хижазга өз таасирин жаюуга мүмкүнчүлүк жаратып беришти. Шариф Хусайн жана андан кийин уулдары Британиянын убадасына ишенип, аны ээрчишти. Британия дагы эле аларды өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланып келүүдө. Мисалы, Шариф Хусайн англистердин берген убадалардан бирөөсүнө да жетише алган жок. Англистер француздар менен союз түзүп, анын уулу Файсалды Сириядан чыгарышты. Ал Иракка качып келди. Кийин Иракта алардын королдугу 1958-жылы аягына жетти. Абдуллах ибн Хусайнга келсек, Британия ага Иорданиянын чыгышында «убактылуу» амирлик тикелеп берди. Бирок, мамлекеттин потенциалдарын тартып алып, Абдуллах жана андан кийин келе турган амирлерди тикендүү расмий капканда кармап турду. Алар эч жакка кыймылдай алышпады. Себеби, кыймылдашса тикен сайылат. Ошентип, Британия Абдуллах анын капканынан чыгып Американын капканына кирип калышынан коркуп, анын өмүрүнө кол салуу уюштуруп жок кылды. Ибн Сауд болсо, өз үй-бүлөсү менен англистердин колунда туткундукта жашады. Себеби, аларга саясий колдоо көрсөткөне да, Нажд жана Хижазда таасирин жайган да Британия эле.

Түркияда Британия Мустафа Камалдын эркин туткундап алды. Мустафа Камал эң бийик расмий мартабага жетүүгө аракет кылып, Британиянын расмий кызмат тузагына түштү. Мустафа Кемалды эки сезим өзүнө тарткан: бири Түркияны башкаруу натыйжасында пайда болгон улуулук сезими болсо, экинчиси англистерге туткун болгон кордук сезими. Негизи, бул жаатта ал да Файсалдан, Шариф жана Ибн Сауддан айырмаланбайт.

Ошентип, бул малайлар англистердин жана америкалыктардын элчиликтеринен үзүлбөй калышты. Британия жана Америка үчүн малайлар даярдай турган белгилүү уялар пайда болду. Ал жерлерге эң жогору мартабадагы расмий кызматка азгырылып фитналанган малайлар барышты. АКШ Борбордук Разведка Башкармалыгынын агенти Майлз Коупленд өзүнүн «Улуттар оюну» жана «Оюн жана оюнчулар» деген китептеринде Британия менен Америка малайларды уулап, тузакка түшүрүү менен алектенишкенин, бул үчүн атайын уялар болгонун жазган.

 Расмий малайлардын умтулуулары ыңкылаптык даражага жетти. Бул ыңкылаптарга эски малайга каршы жаңы малай жетекчилик кылды. Мисалы, Сирияда ал тургай малайлардын колу менен аскерий төңкөрүш болду. Ошентип, бүткүл мусулман өлкөлөрүндөгү абал ушул даражага жетти, жогору даражадагы расмий жетекчилик Британия, же АКШ, же болбосо кээде Франциянын саясий туткунуна айланды. Бул өлкөлөрдөгү саясий элита расмий кызмат үчүн жүгүрүү оорусуна кабылышты, ар бир малай бийликтеги жогору кызматка жетүүнү ынтызар күтө турган болду! Алардан кайсы бири мамлекет президенти же королу болгондо ал тургай өз атасын же инисин да аябай турган, малайлык күнөөсү менен тапкан кызматын сактап калуу үчүн дагы да тынчы бузула турган болду.

Кийин исламий өлкөлөргө Америка басым кылып, Британия жана Франциянын таасирин ээлөөгө аракет кыла баштаган соң, ал расмий кызматка умтулууга мал-дүйнө артынан жүгүрүүнү да кошту. Ушул аркылуу малайды тузака түшүрө турган, керек болбой калганда кулатып, андан кутула турган болду. Ошондуктан, Америка Дүйнөлүк Банк, Эл аралык Валюта Фонду жана дүйнөлүк финансылык уюмдарга өз таасирин жана өкүмдарлыгын орнотуп, алардан мамлекеттерди карыз баткагына батырууда пайдаланды. Ал тургай, Америка бул карыздарды малайлардын жеке эсебиндеги акчалар менен жабууга уруна турган болду. Дагы бир тараптан, Америка ушул малайлар жетекчилик кылган ар бир мамлекетти ушул даражада үрөй учурган карызга батырды, же аны төлөй албайт, же байлыктарынан өзү пайдалана албайт, тескерисинче, бардык байлыктары Американын финансы уюмдарына туткун болуп калды. Эгерде малай кожоюну Америкага кызмат кылгысы келбей калса, бул проблемадан кутулуунун оңой жолу табылды. Т.а. малай да, анын мамлекети да төлөй албай турган ушул карызды Америка тезинен талап кыла турган болду. Натыйжада, алар Америкага кайра кызмат кылууну улантууга мажбур болушат. Качан малайы керек болбой калса, Америка анын ар бир мүлкүн конфискация кылат. Ал өзүмдүн мүлкүм деп ойлогон мүлкүнөн ажырайт. Мисалы, Иран падышасы тактыдан кулаганда ал өз өкүмдарлыгы доорунда чогултуп АКШ банктарына жайгаштырган байлыктарынын ал тургай бир бөлүгүн да ала албады, башбаанек сурап жалынуудан башка жолу калбады! 2011-жылдагы козголоң Хусни Мубаракты кулатканда да, ал өзүмдүн мүлкүм деп келген миллиарддарына ээ боло албай калды. Мубарак да бул мал-дөөлөт фитнасынын тузагына илинип, малайлык чөйрөсүнөн чыкпай калды. Зайнулабидин ибн Али да Мубарактын абалына түштү. Ал да мал-дөөлөтүм деп билген нерселери фитнадан башка нерсе эместигине, 2011-жылдагы козголоңдо колунан кетип, абага учуп кеткенине күбө болду.

Экинчи жолго т.а. мал-дүйнө фитнасына келсек, бул нефть мүлкүнө байланыштуу. Америка нефть мүлкүнөн үлкөн тузак коюп, Фарс Булуңу мамлекеттеринин, Саудия жана нефть өндүрүүчү мамлекеттердин акимдерин тузакка түшүрдү. Бул акимдер үлкөн байлыкка ээбиз, каалагандай иштетебиз деп ойлошкон. Бирок, түпкүлүгүндө Америка 1973-жылы нефть баррели баасын көтөргөндө анын чыныгы баага т.а. алтын баасына параллель көтөрдү. Ошондо нефть өндүрүүчү акимдер ушул фитнага алданып, мүлкүбүз көбөйүүдө деп ойлошту. Бирок, түпкүлүгүндө, мүлкүнүн сандары гана көбөйдү, кыйматы таптакыр көбөйгөн жок! Америка нефть баасын долларга о.э. нефттин финансылык кыйматын долларга сатып алууга байлап койду. Америка долларды нефтке болгон байланыштуулугун бекер кылуу туурасында токтом чыгарганда нефттен түшкөн турган миллиарддаган долларлар 2020-жылы 20-апрелде болгондой, нөлдөн төмөнгө түшүп кетти. Шек-күмөнсүз, нефть акимдери жана амирлери ушуну жакшы билип жатышат: нефть жана доллар ортосундагы алакага тиешелүү же алтын баасына алакадар бир гана саясий токтом чыгарылса, жетишет, колдорундагы нефть каражаттары абага учуп кетиши турган кеп. Чамасы, аларды малайлыкка жана фитналанууга мынчалык даражада батып кетүүлөрүнө үндөп жаткан нерсе миллиарддаган нефть долларларынын бар экендигине байланыштуу финансылык иллюзия болсо керек.

Ошентип, мал-дөөлөт иллюзиясы акимдердин малайлык тузагына түшүүлөрүнө себеп болду. Ушул малай аким башында жакыр болгон, кийин ага карыз, жардам жана башка акчалар төгүлүп берилип, жалаң иллюзиядан турган бул акчаларды өзүнүн чыныгы маанидеги мүлкүм деп ойлоп калган болобу же бул малай аким нефттеринин баасы көтөрүлүп, бул баа колонизатор кожоюнунун каалоосуна күрөө экенин билген нефть амирлеринен болобу, ага карабастан, алардын баары ушул фитна менен малайлык капканына түшүштү.

О.э. АКШ, Британия разведка мекемелери жана уялары аркылуу расмий кызмат артынан чуркоо же өкүмдарлыкка жана жетекчиликке башы менен кирип кетүү акимдерди малайлык баткагына батууга себеп болууда. Ошондуктан, алар ушул кылмыштары менен өлкөнү ойрон кылып, жаранды кыйратып жатышат. Акыбетте, Аллах Таала сыпаттагандай, бул малайлардын абалы да кап-караңгы караңгылыкта жашаган кафирлердин абалына окшоп калды:

﴿أَوْ كَظُلُمَاتٍ فِي بَحْرٍ لُّجِّيٍّ يَغْشَاهُ مَوْجٌ مِّن فَوْقِهِ مَوْجٌ مِّن فَوْقِهِ سَحَابٌ ظُلُمَاتٌ بَعْضُهَا فَوْقَ بَعْضٍ إِذَا أَخْرَجَ يَدَهُ لَمْ يَكَدْ يَرَاهَا وَمَن لَّمْ يَجْعَلِ اللَّهُ لَهُ نُوراً فَمَا لَهُ مِن نُّورٍ﴾

«Же деңиздеги кабат-кабат толкун жана анын үстүн (кара) булут каптап алгандагы караңгылыктарга окшойт. (Алар) кабат-кабат караңгылыктар. Ал өз колун сунуп (караңгыда) көрө албайт. Кимге Аллах нур бербесе, ал (үчүн) эч кандай нур болбойт»                   [24:40]

 

Роя гезити, №307, 2020-жыл, 7-октябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here