Америкадагы окуялар жана анын эл аралык позицияга таасири

232
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Америкадагы окуялар жана анын эл аралык позицияга таасири

 Устаз Асъад Мансур

Бүгүн Америка калкында тамыр жайган тектик кемсинтүү проблемасы жарылды. 2020-жылы 25-май күнү кара түстүү америкалыктардын бирин ак түстүү полицей бууп өлтүрүшү артынан бүткүл АКШ бойлоп нааразылык демонстрациялары келип чыкты. Бул окуя Америкадагы тектик камсиентүү канчалык ыпластыгын, мамлекет ар түрдүү улуттар, тектер жана агымдардан түзүлгөн жаранын биримдүү кыла албаганын көрсөттү. 2011-жылы өзгөрүү жасоо үчүн ири байлардын зомбулугуна каршы «Уолл-стритти басып алгыла» деген нааразылык демонстрациясы артынан «Антифа» сыяктуу жаңы уюмдар түзүлдү. Көрүнүп тургандай, Америкадагы адамдар зомбулук менен өкүмдарлык кылып жаткан жана алардын мүлкүн талап-тоноп жаткан кимселер Нью-Йорктогу фонд биржасындагы байлар экенин түшүнүп жетишти. АКШдагы калктын 1%ын түзүшкөн байлар өлкө байлыктарынан 99%ына ээлик кылышат. Демонстранттар мына ушуну баса белгилешти жана муну «Уолл-стритти басып алгыла» деген нааразылык демонстрациялары аркылуу билдиришти. Алар текчилдик белгилерин буза башташты. Мисалы, текчилдикке каршы демонстранттардын кызыганда 2020-жылы 11-июнда АКШдагы Миннесота штатынын Сент-Пол шаарында орнотулган деңиз саякатчы Христофор Колумбдун айкелин кулатышты.

Текебер, улутчул америкалык полицейдин кара түстүү адамды муунтуп өлтүрүшү АКШ жана бүткүл дүйнөнүн ачуусун келтирди. Өз кезегинде, бул нерсе капиталисттик түзүм себептүү бардык тармакта аларга адилетсиздик кылып жатканына каршы адамдардын да козголушуна алып келди. Чындыгында, бул түзүм коомдун бардык катмарларында айырмачылыкты моюнга алат. Ал тектик кемсинтүүнү моюндагандай, байлар менен жакырлар ортосундагы таептык айырмачылыкка да жол берет. Мына, бул түзүмдө байларга урмат менен мамиле кылынып, ар нерседе зомбулук кылып жатышат, жакырлар болсо жалаң акааратталып, этибарга алынбай жатат. Адамдар улутуна карап ажыратылып, түзүмдө бирдеп көрүлбөй жатат. Мисалы, Америкада көпчүлүктү түзгөн улуттар башка улуттарды өз көзөмөлүнө алып, өздөрүнүн үрп-адаттарын, маданият жана көз караштарын аларга зордоп тыгыштырышууда. О.э. капиталисттик түзүм түрдүү дин ээлери ортосунда дискриминациянын өкүмдарлык кылышына да жол берет. Мисалы, Америкада өкүмдар дин өкүлдөрү башка дин өкүлдөрүнө, өзгөчө, мусулмандарга карата акаараттоочу мамиледе болот.

Нью-Йорк штатынын губернатору Эндрю Куомо Америкада текчилдик дагы эле уланып жатканына даттанып, текчилдик «өнөкөт жана бизге сиңип кеткен» илдет деди. Ал дагы мындай деди: «Адамдардын көпчүлүгү бул текчилдикти токтотуу өтө маанилүү деп билет. Адамдарды түсүнө карап өлтүрүү бар нерсе. Кантип эле, Американы ушул нерсе улуу кылсын? Мен андай ойлобоймун».

Белгилүү болгондой, Британиянын колониясы астында болгон бул өлкө Америка катары түзүлгөн күндөн баштап дискриминацияга негизделген мамлекет болду. Ак түстүү европалыктарга, айрыкча англо-сакс протестанттарга, ак түстүү байларга бардык-бардык тармакта кеңири артыкчылыктар берилген. Протестант болбогон мигрант европалыктар болсо, жыйырманчы кылымдын баштарында да дискриминацияга учурашкан. О.э. Жакынкы Чыгыштан жана Азиядан барган мигранттар дискриминацияга учурашат. Айрыкча, алардын мусулмандары дагы эле ушундай илдеттин курмандыктары болушууда. Кара түстүүлөргө келсек, алар эч кандай акы-укуктары жок кул болушкан. 1863-жылдын башында эмансипация жана кулдукту бекер кылуу туурасында токтом кабыл алынса да, бирок, кара түстүүлөргө кулдардай мамиле сакталып калган. Алар бүгүнкү күнүбүзгө чейин тынымсыз акааратталуу, кемсинтилүү жана жаман мамилени башынан өткөрүшүүдө. Баса белгилөө зарыл, Америка түпкү калкынын баш сөөктөрүнүн үстүнө курулган мамлекет. Түпкү калкы өз мекендеринде ырайымсыз массалык өлтүрүлүшкөн жана ондогон миллион курмандыктарды беришкен. Канкор малчылар болсо өз кылмыштары менен сыймыктанып, аны Голливуд фильмдери аркылуу туура кылып көрсөтүүгө урунушат, кудум жергиликтүү калк кыргын кылынууга акылуу жырткычтар имиш!

Өзүнүн улутчулдугу, текчилдиги менен Америка системасынын түпкү жүзүн көрсөтүп жаткан президент Трамп улуттук кемсинтүүгө нааразылык билдирип жаткандарды бастыруу үчүн армияны сапарбар кылууну талап кылды. Муну ал козголоң туурасындагы мыйзамды колдонуу аркылуу ишке ашырмакчы болду. Себеби, ал демонстранттарга козголоңчулар деп карады. Бирок, 2020-жылы 3-июнда АКШ Коргоо министри Марк Эспер Трамптын бул максатына каршы чыгып, «козголоң туурасындагы мыйзамды колдоп-кубаттабашын» билдирди о.э. кара түстүү Флойддун өлтүрүшүн «үрөй учурган кылмыш жана Америкадагы реалдуу улутчулдук» деп атады.

Америкалыктар капиталисттик идеологияга иътикад кылышкан соң, мындай текчилдиктен таптакыр кутула алышпайт. Кутулуу үчүн Исламды кабыл алуудан башка чаралары жок. Себеби, Ислам адамдарды ажыратпайт жана муну катъий арам кылган. Ислам мамлекети Аллахтан таква кылуу негизине курулду. Бул ар бир инсан бирдей, ак түстүү менен кара түстүүнүн ортосунда айырма жок деген маанидеги таква. Исламдагы саясий жетекчилик түрдүү улут, түс жана тектерден турган бардык калктарды биримдүү кылуу менен жалгыз ийгиликтүү жетекчиликке айланган. Аллахтын уруксаты менен, кайрадан рошид Халифалык тикеленгенде, кудум мурункудай болгондой, дагы ошол ийгилик ишке ашат, балким, андан да көбүрөөк ишке ашат.

Белгилүү америкалык муфаккир Ноам Хомский өз өлкөсүндөгү абалды мындай түшүндүрөт: «Кошмо Штаттар кыйроого карап барууда. Мунун себеби, АКШда коронавируска каршы күрөштө федералдык стратегия жок, бардык адамдар медициналык камсыздандаруу менен камсыздалбаган, муну менен бирге, бул өлкө климаттын өзгөрүшүн олуттуу экенин да моюнга албайт». Хомский анын өлкөсү коронавирустан эң көп зыян көргөндүгүнүн себебин туура башкаруунун жоктугуна байланыштырып, мындай дейт: «Ак үйдү бир социопат жана параноик кимсе башкарып жатат… Аны өз бийлигин сактап калуудан жана шайлоодо жеңип чыгуудан башка нерсе кызыктырбайт. Ушундан келип чыгып, ал ири байлыктар жана белгилүү иш камсыздоочулардан турган базасын сактоо менен алек». Ал дагы мындай дейт: «Бул эпидемиядан өтө кымбат баада чыгабыз. Бирок, бул эки уюлдагы муз катмарларынын эришинин, деңиз деңгээлинин көтөрүлүшүнүн жана климаттын өзгөрүшүнүн терс акыбеттеринен таптакыр кутула албайбыз. Эмне кылышыбыз керек?! Ар бир мамлекет бирер нерсе кылат. Бирок, бул жетиштүү эмес. Кошмо Штаттар болсо, өз кезегинде, кыйроо акыбеттерин азайта турган программа жана мыйзамдар документтерин бекер кылып, түпсүздүккө тезинен алып бара турган иштерди кылуу менен алек». Ал кошумчалап мындай деди: «Абал ушундай. Бирок, муну өзгөртүү мүмкүн. Дагы эле күрөштү улантып жаткан глобалдуу күчтөр бар. Суроо – бул күчтөрдүн келечекте кризистен кандай жол менен чыгууну билүүлөрүндө. Бул болсо, дүйнө тагдырын чече ала турган маселе». (Франс-Пресс, 2020-жыл, 25-май).

 

Роя гезити, №307, 2020-жыл, 7-октябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here