ТАКЛИФТИН ШАРТТАРЫ

281
0

بِسْمِ اللَّهِ الرَّحْمَنِ الرَّحِيمِ

ТАКЛИФТИН ШАРТТАРЫ

(Сайттын макала бөлүмүндөгү мындан мурунку “Таклиф хытабы” аттуу макалабызга кайрылсаңыз болот)

Пенделерине таклиф кылынган (мойнуна жүктөлгөн) өкүмдөрдүн кээ бирлеринде Ислам шарт кылынган т.а. айрым өкүмдөр Исламды кабыл алгандардан-мусулмандардан гана талап кылынат. Таклифи мусулмандарга хос экени, же нусустарда ачык болот, мисалы: “Али Имран” сүрөсүнүн 102чи “Эй момундар, Аллахтан корккула” аятындагы “Аллахтан коркуу” жана “Тахрим” сүрөсүнүн 9чу “кафирлерге каршы согушкула” аятындагы “кафирлерге каршы согушуу”  о.э. “Ниса” сүрөсүнүн 141чи “Аллах эч качан кафирлер үчүн момундар үстүнө жол бербейт” аятындагы “кафирлерди момундар үстүнөн өкүмдар кылып коё турган келишимдерди түзүү мусулмандарга арам экендиги” ачык келгени сыяктуу.

Же таклифи мусулмандарга хос экендиги нусустардын маани-мазмунунда далалатан болот, мисалы: Расулуллах(с.а.в) жана хулафаи-рошидиндердин намазды мусулмандардан гана талап кылышынан кафирлерди намаз сыяктуу өкүмдөрдөн азат кылынган, демек бул сыяктуу өкүмдөр мусулмандарга хостугуна далалат кылып жатканы белгилүү болот. “Ислам” таклиф шарттарынын бири экенин ачык же далалатан ифадаланган ушул сыяктуу – мусулмандарга хос экендигине насс келген – орундардан башка фаръий өкүмдөрдү таклиф кылууда “Ислам” шарт эмес.

Бирок таклифтин умумий шарттары бар, аларда мусулман менен кафир ортосунда айырма жок. Т.а. таклиф пенде(мусулман же кафир болобу, анын) мойнуна жүктөлүп жатканда ушул шарттар бирдей этибарга алынат. Бул шарттар – балагатка жеткендик, акылы орунда болушу жана кудуреттүүлүк.  Демек, мукаллафтын шарттары: Балагат, акыл жана таклиф кылынган нерсени аткарууга кудуреттүү болуу.  Али(р.а) дан риваят кылынат,  Расулуллах(с.а.в) :

رُفِع القَلمُ عن ثلاثةٍ: عن النَّائمِ حتَّى يستيقظَ، وعن الصَّبي حتَّى يحتلِمَ، وعن المجنونِ حتَّى يَعقِلَ

“Үч кишиден калем көтөрүлгөн: Уктап жаткан адамдан ойгонгуча, жаш баладан тээ балагатка жеткенче,мажнундан тээ акылын тапканга чейин”, – деген.  Имам Зайд муснады.  Аллах Таала айтат:

لَا يُكَلِّفُ اللَّهُ نَفْسًا إِلَّا وُسْعَهَا

“Аллах эч бир жанды чамасы жетпеген нерсеге буюрбайт”.[2:286]

Жогоруда келтирилген хадистеги “калем көтөрүлдү” дегендин мааниси – таклиф көтөрүлдү дегени. Демек, ал мукаллаф эмес, өкүмдөр менен хытаб кылынбаган. Кийинки аяттагы لَا يُكَلِّفُ اللَّهُ(Аллах … таклиф кылбайт) дегендин мааниси, мейли нафий болсо да, бирок нахий (кайтаруу) маанисин ифадалайт.  Муну Набий(с.а.в)дын төмөнкү сөзү кубаттайт:

اإذا أمرتكم بشيء فأتوا منه ما استطعتم

“Эгер силерди бирер ишке буйрусам, аны такаатыңар жеткенче аткаргыла”. Муслим жана Бухарий риваяттары.

Ушул орунда: “Аллах жаш балага жана мажнунга (байлыгы болсо) зекет, (мойнундагы) нафакалар жана кафалаттарды важиб кылган. Демек, алар мукаллаф, себеби аларга кээ бир өкүмдөр таклиф кылынган”, – деп айтылбайт.  Себеби, булар жаш бала жана мажнундун феълине тиешелүү эмес. Тескерисинче, алардын малы жана зиммасына (мойнуна) тиешелүү. Анын малы жана зиммасы болсо, таклиф орду т.а. дал ошол орундардын өздөрү жөнүндө шаръий талаптар бар.  Бирок, калемдин көтүрүлүшү (нүн аягы) ачык-айкын:  “тээ балагатка жеткенге чейин”,  “тээ акылына келгенге чейин” деп белгиленген. Бул иллеттөөнү ифадалайт. Иллет болсо, жаштык жана акылдын жоктугу.  Мунун малга жана зиммага тиешеси жок.

Дагы “таклиф кылууда”:  “Аллах болушу мүмкүн болбогон нерсени таклиф кылган. Себеби аткарууга кудурети болбогон кишиге таклиф кылган. Мисалы: Абу Лахабды, Расул(с.а.в) алып келген нерсеге ыйман келтирүүгө буюрган жана анын ыйман келтирбестиги жөнүндө кабар берген. Бул бири-бирине карама-каршы болгон эки нерсени жамдоо. Демек, Аллах болушу мүмкүн болбогон нерсеге таклиф кылган. Т.а. кишиге кудурети жетпеген нерсени таклиф кылган”, – деп айтууга болбойт.  Себеби, Аллах түшүргөн нерсеге ыйман келтирүүнү талап кылган вахий Абу Лахаб ыйман келтирбегенден кийин түшүрүлбөгөн, тескерисинче, аны алгач ушул түшүрүлгөн нерсеге ыйман келтирүүгө таклиф кылган. Ошондон кийин т.а. таклифти түшүнүп туруп кабыл албагандан кийин Аллах анын ыйман келтирбестиги жөнүндө кабар берди. Анын ыйман келтирбестиги жөнүндө кабар бериши ыйман келтирүүгө таклиф кылуу менен бирге болгон эмес. Себеби, (Абу Лахабдын ыйман келтирбестиги жөнүндөгү) кабар,  ыймандын важибдигине далалат кылуучу далилден кийин келген.

Бул сөздөр өкүмдөрдү алгач таклиф кылуу шарттары жагынан. Ал эми таклифтен кийин өкүмдөрдүн мукаллафтан көтөрүлүшү болсо, таклиф шарттарынан эмес. Балким, мажбурланган, ката кылуучу жана унутуучу сыяктуулар,  таклиф кылынган өкүмдү таштоого уруксат берүүчү үзүрлөр. Андай кишилер башынан мукаллаф болбогондуктарын эмес, тескерисинче аларга таклиф кылынган нерсени аткарбастыктарында хараж(тынчсыздануу) көтөрүлүшүн ифадалайт. Демек, алар таклиф шарттарынан эмес. Расулуллах(с.а.в) айтат:

إن الله تجاوز عن أمتي الخطأ والنسيان وما استكرهوا عليه

“Аллах үммөтүмдөн катаны, унутууну жана мажбур кылынган нерсени алып таштады” Ибн Мажа риваяты.

Ушул орунда этибардуу нерсе, “калем көтөрүлдү”деген менен  “Үммөтүмдөн алып таштады” деген сөздөрдүн ортосунда айырма бар. “Калем көтөрүлдү”  дегени – бул таклиф көтөрүлдү, мукаллаф эмес дегени.  “Үммөтүмдөн алып таштады” дегени – бул үммөтүмдөн азап менен кармоону алып таштады дегени болуп, бул таклифтин көтөрүлүшүн (таклиф кылынбагандыгын) зарыл кылып койбойт.

Хадисте келген мажбурлук т.а. шаръан этибардуу болгон мажбурдук – таштоого мүмкүнчүлүгү жок деңгээлдеги ишке байлап коюучу мажбурлук. Эгер андай болбосо, этибардуу эмес. Эгер мажбурлук ушундай деңгээлге жетсе, ага зыяны жок. Эгер мындай деңгээлге жетпесе, ал ыктыярдуу болуп, таштаганына карай жоопкер болот.

Гариб Муслим

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here