Президенттик шайлоого 63 жаран талапкер болду

240
0

Президенттик шайлоого 63 жаран талапкер болду

14-ноябрдан 15-ноябрга караган түнү президенттик кызматка талапкер катары катышууну каалаган жарандардын арызын кабыл алуу аяктады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдады.

Маалыматка ылайык, жалпы 65 жаран арыз берип, экөө кийинчерээк арызын кайтарып алган.Булардын ичинен 62 адам талапкерликке өзүн-өзү сунуштаган, 1 жаранды «Улутман» партиясы сунуштаган.Талапкерлердин 8и аял, 55и эркек.

Кыргызстанда 10-январда президенттик шайлоо күтүлүүдө. Кыргызстандын башкаруу системасы аралаш т.а президенттик-парламенттик башкаруу деп аталса дагы, иш-жүзүндө негизги бийлик президент жана анын аппаратынын колунда экени баарыбызга маалым. Ошондуктан, негизги кызматка умтулган жарандардын тизмеси ар шайлоо сайын өсүп жатат. Буга кошумча “демократия” шылтоосу менен өзүн жарнама кылгысы келгендер да арбын. Өлкөдө бир катар президент алмашса да, алардын артынан үч жолу төңкөрүш болсо да өлкөнүн абалы өзгөрбөй, тескерисинче артка кетип баратат. Тилекке каршы, мунун чыныгы себеби үстүбүздө капиталисттик системаны жамынган колонизаторлуктун ачкөздүгү экенин калктын калың катмары түшүнө албай жатат.

Маселен, алгачкы президент Аскар Акаев СССРдин кулашы артынан бийликке келип, Орусияга берилгендик менен кызмат кылды. Россия өзү жалпы кризисте болгонуна карабастан, Акаев режиминин Россия көзүн карап туруусу о.э. башкарууга жөндөмсүздүгү калкта нааразылык толкунун жаратты. Мындан улам, Батыш баштаган күчтөр абалдан пайдаланып, Кыргызстанда оппозициялык кадр катары Бакиевди даярдай баштады. Россия бийлиги да буга каршылык кылган жок. Анткени, Бакиев бийликке келсе, Россия буйруктарына кыңк этпей моюн сунарына бөркүндөй ишенген. Ошентип, Батыш каалоосу жана Россия ыраазылыгы менен, Акаев Бакиевге алмаштырылды. Мындай ыкма бардык колонизатор мамлекеттердин колониясында колдонуп келген айлакерликтеринен болуп саналат. Анткени, бийликтин алмашуусу ички чыңалууну дагы бир нече жылга басаңдатат. Айткандай эле Бакиев бийликке келген соң, алгачкы жылдары тышкы саясатта толугу менен Россия багытынан жүрдү. Кийинчерээк АКШга карай жүздөнүп, АКШнын Кыргызстандагы аскерий базасын кетирүү боюнча Орусияга 2009-жылдын 3-февралында берген убадасын аткарбай, базаны жүк ташуучу базага айландырып, калтырып койду.

Ички саясатта элдин ишенимине жетиш үчүн реформалар жүргүзүмүш этти. О.э. ичкеридеги бийлигин бекемдөөдө түштүк элинин колдоосуна таянды. Мамлекеттик кызмат орундарында түштүктүк кадрларды көбөйттү. Мына ушулардан кийин, өзүн “хан” сезип, инисин “вазир”, баласы Максимди “ханзаада” кылып койду. Бакиевдердин андан ары араандары ачылып, элдин светине, телефондо сүйлөгөн сөзүнө чейин кол сала башташты. Мындай абалдан пайдаланып, Россия кайрадан бийликти алмаштырууга жетишти. Бул алмаштыруу кан төгүүлөр менен коштолду. Бийликке келген убактылуу өкмөт Роза Отунбаеваны төрайым кылды, кийин президент кылып дайындады. Отунбаеванын учурунда дагы бир кандуу окуя – түштүктө улут аралык жаңжал чыгып, жүздөгөн адам курман болду. Бул окуя Орусия кызыкчылыгы үчүн, Каримовго басым өткөрүү максатында ишке ашырылды. Окуяны териштирүү үчүн эл аралык комиссиянын деңгээлинде иликтөөгө шарт түзүлдү. Мында Батыш кадрларынан болгон Отунбаеванын ролу чоң болду.
Апрель жана июнь окуясында тең мындай алааматты атайын снайперлердин тобу жүзөгө ашырганы ачыкка чыккан. Россиядан алынып келингени жоромолдонгон десанттар жөнүндөгү териштирүү президент Атамбаевдин тушунда изилденимиш болуп барып, соңуна чыкпай калды. Анткени, алардын кожоюну белгилүү эле. Ошондуктан, “Азаттык” баштаган Батыш медиалары, демократ болумуш саясатчылар менен тарыхчылар бул операциялардын иликтенишин бийликтен байма-бай талап кылып келет. Батыш 2010-жылдагы төңкөрүштөн кийин бир нече малай кадрларын бийликке аралаштырууга жетишти. Буга Отунбаеванын убактылуу президент болушу мисал боло алат. Мындай көрүнүш 2010-жылдагы саясий айдыңды Орусия толук көзөмөлдөй албаганынан кабар берет.

Бирок кийин, Атамбаев президент болгон соң, ал Россия багытын карманып, бул оппозицияны ар түрдүү саясий оюндар аркылуу сындырып жиберди. Американын базасын Орусия ыраазычылыгы үчүн өлкөдөн чыгарып, АКШ-Кыргызстан кызматташтык келишимин бир тараптуу жокко чыгарды. Өлкөнү резиденцияда жатып алып өзүнүн мураскери аркылуу башкарууну кыялданды. Бирок, анын кыялдары ички саясатта өзүнүн мураскери болгон Жээнбеков бийликке келген соң жокко чыкты. Кремлдин уруксаты менен өлкөдөгү чыңалууну басуу үчүн Жээнбеков Атамбаевди абакка камаганга жетишти. Мына ушундан өлкө жетекчилеринин колонизаторлор астындагы кор абалын аңдап алсак болот.Колониядагы мамлекеттердин жетекчилери убактылуу кызыкчылыктар үчүн иттей кызмат кылышат. Кызматы бүткөн соң, алардын кожоюндары астында эски кийимчелик да кадыры калбайт. Аларды бозгундук же абак күтүп турат.

Орусиянын “кидаласы” Жээнбековдун “коррупцияга каршы күрөшү” элдин нааразылыгын баса албады. Тескерисинче, парламенттик шайлоодогу бийликти ээлеп калуу ачкөздүктөрү калкта кайрадан нааразылык жаратып, 5-октябрда үчүнчү төңкөрүш орун алды. Бул ирет да Батыш активдүү иш алып барып, алгач Атамбаев-Бабанов, кийин Жээнбековду өз кызыкчылыктарына карай тартуу менен бийликти ээлеп калууга аракет көрдү. Бирок, алардын стратегиялык ката аракеттери, Орусиянын орой мүнөзү бийликтин Жапаровдун колунда топтолушуна шарт түздү.

Тилекке каршы, мындай орун алмашуулардан калкыбыз да, бийликке келген жаңы күчтөр да сабак албай жатат. Болгону Орусия өлкөдөгү колонизаторлугун сактап калуу, Батыш болсо айрым кадрларын бийликке аралаштыруу менен ийгиликке жетти. Ал эми үммөт үчүн эч кандай натыйжа болбоду. Демократия маскасын кийген капитализм жана империализм дале үстүбүздөн эзип жатат. Абактар Аллахтын динин аалий кылууга аракет кылган даъватчылар менен толтурулуп жатат. Түпкүлүгүндө, маселе президентти же алардын тобун алмаштырууда эмес. Маселе, биздин жетекчилерди иттей иштетип ыргытып жаткан колонизаторлук саясатта. Биз мына ушул саясатка каршы күрөшүү аркылуу, алардан баш тартуу менен чыныгы жетекчилердин бийликке келишин камсыздай алабыз.

Демек, биз мусулмандар эртең да ушул сыяктуу жасалма шайлоолорго алданып калбашыбыз керек. Тескерисинче, бузук демократияны түп-тамырынан кулатып, дүйнөнү Ислам адилети менен жетектей турган мамлекетти тикелөөгө аракет кылышыбыз шарт!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here