Кыргызстан Казакстандан акчалай жардам сурады

266
0

Кыргызстан Казакстандан акчалай жардам сурады

Россия да, Батыш мамлекеттери да кыргыз бийлигине каржылык жардам берүүдөн (карыз берүүдөн) баш тартып жатышат. Кыргызстандын бюджети жыл сайын дефицит менен чыгат. Өкмөт жыл сайын бир нерсени шылтоолоп, чет өлкөлөрдөн же эл аралык уюмдардан карыз алуу менен бюджеттин  дефицитин жаап келет.

Быйыл Кыргызстанда дагы бир жолу тополоң менен бийлик алмашты. Президент отставкага кетүүгө мажбур болду. Парламент кырдаалга карай аракет кылып, саясий башаламандык шылтоосунда конституциянын талаптарын бузуп жатат.

Саясий эксперттердин айтымында, чет өлкөлөр биздеги саясий абалдан тынчсызданып, мамлекеттеги туруксуздук себептүү бизге ишенбей жатышат имиш. Алар саясий стабилдүүлүк пайда болору менен бул нерселер жөөнгө салынат деген ишенимде.

Бирок кырдаал, башкача айтканда, саясий кризис эксперттер айтып жаткандан да кооптураак. Проблемалар да алар айтып жаткандан көбүрөөк жана күчтүүрөөк.

Проблема: Кыргызстанга таасири бар мамлекеттердин (Россия, Кытай, Батыш…) ар бири өз талаптарын көлдөлөң коюп, жаңы бийликти өз кызыкчылыгы тарапка тартууга аракет кылып жатышында. Алардын ар биринин максат жана кызыкчылыктары ар түрдүү болгондуктан, кыргыз бийлиги бул тышкы күчтөрдүн бирин тандоо же бардыгын ыраазы кылуу жолун таба албай жатат.

Демек, проблема тышкы мамлекеттердин Кыргызстандагы жаңы бийликке ишене албай жатышында эмес, тескерисинче, мамлекет кептелип турган оор кырдаалдан колунан келишинче өз кызыкчылыгы жолунда пайдаланып калууга аракет кылып жатышында. Алардын кызыкчылыгы ар түрдүү тармактарда болушу т.а. саясий, экономикалык жана стратегиялык мааниге ээ болушу мүмкүн.

Кыргыз мамлекетине ишенбестик болуп жатат деген сөз негизсиз. Себеби, ал тышкы күчтөрдүн ансыз деле Кыргызстанда ири өлчөмдөгү каражаттары, инвестициялары бар жана алар өз ордунда эле турат. Алар бизге окшогон алсыз мамлекеттерден бирер кызыкчылыгын өндүрө албай калам деп тынчсызданышпайт.

Бардык кызыкчылыктар мамлекеттеги саясий абалдан көз каранды болгондуктан, Кыргызстанда Россия менен Батыш ортосундагы тирешүү – мамлекеттик башкаруу системасы парламенттик же президенттик башкаруу системасын тандашыбызга байланыштуу болуп калды. Учурда Кыргызстанда Батыш сакафатынан келип чыккан баалуулуктар эл арасына кеңири жайылып, саясий электорат кеңейип, күчөп барууда.

Ушундан келип чыгып Жапаров өкмөтү жана анын артында турган жетекчи топ оор тандоонун алдында туруп калды. Бир тарапта “Азаттык” баш болуп ишке ашырылып жаткан Батыштын маалыматтык согушу, экинчи тарапта Россиянын экономикалык жана саясий басымдары.

Ушундан келип чыгып дагы бир жолу баса белгилейбиз, Кыргызстан сыяктуу (агрардык, колония) мамлекеттер эгемендүү эмес! Алар эл аралык башкаруу системасы үчүн кулдук кылууга аргасыз. Кыргызстан саясий системасында дээрлик ыктыяр жок жана болгон да эмес. Эл аралык мыйзамдар мындай мамлекеттердин колдорун кишендеп, ири мамлекеттердин кызыкчылыгы жана максатына кызмат кылуудан башкага мүмкүнчүлүк бербейт.

Абдураззак Муъмин.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here