ЕАЭБ жана Кытай доллардан баш тартмакчы болууда

316
0

ЕАЭБ жана Кытай доллардан баш тартмакчы болууда

Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) жана Кытай доллардан баш тартууну каалайт.

Бул  маселе “Евразия экономикалык биримдиги жана Кытайдын “Бир алкак- бир жол” демилгесин бириктирүү форумунда талкууланды.

ЕАЭБ жана Кытай ортосундагы соодада доллар жана еврону колдонуу бизнес үчүн о.э. бул мамлекеттердин бюджети үчүн жоготууларга алып барат. Алардан кутулуу о.э. эл аралык санкцияларга көз каранды болбостук үчүн ЕАЭБ жана Кытай эсептешүүнү улуттук валюталарда же өздөрүнүн өз ара бирер валютасында ишке ашыруусу керек.

 “Бул абал т.а. биз өзүбүз аныктабай турган баада соода кылып жатканыбыз, компанияларыбызга зыян жеткире турган абал”, – деди ЕАЭБдин Интеграция жана макроэкономика кеңешинин мүчөсү Сергей Глазев.

Кытай Элдик университетинин Макроэкономикалык изилдөөлөр департаментинин директору Лю Ю Шунун айтымында, транзакцияларды үнөмдөө жана тобокелдик деңгээлин кыскартууга мүмкүнчүлүк бере турган эң бир келечектүү ыкма – бул төлөмдөрдү цифралык улуттук валютада жүргүзүү. А бирок, азырынча бул мүмкүнчүлүк болгону талкууланып жатат.

 Комментарий: 1971-жылы АКШ президенти Никсон “Бреттон-Вудс” келишими аяктаганын жана алтын менен доллардын ортосундагы байланыш жокко чыгарылганын жарыя кылды. Ошондон баштап алтындын акча менен болгон байланышы үзүлүп, башка товарлар сыяктуу эле бир товарга айланды. Американын мындан көздөгөн максаты, долларды дүйнөдөгү негизги акчага айландырып, эл аралык каржы базарын көзөмөлгө алуу болчу. Ошондон бери дүйнө жүзүндөгү бардык мажбурий кагаз акчалар АКШ долларына байланып, мамлекеттер акчасынын баасы жана айырбаштоо куну долларга карата белгилене турган болду. Америка каалаган убакта доллардын курсун көтөрүү же түшүрүү аркылуу мамлекеттердин ички финансылык базарларын изден чыгаруу жана басым өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Америка доллары мунайдын баасын белгилей турган каржылык төлөмдөр  валютасына айланды.   

 Буга чейин Россия, Кытай, Европа биримдиги, Индия сыяктуу мамлекеттер доллардан баш тартуу, өз ара соода жүгүртүүдө улуттук валюталарга өтүү боюнча бир катар билдирүүлөр менен чыгышкан эле. Ал тургай, 2018-жылы сентябрь айынын башында расмий сапар менен Кыргызстанга келген Түркия президенти Эрдоган доллардын Түркия экономикасына тийгизген таасири жөнүндө сөз кылып, Түркия өз валютасынан пайдалануу аркылуу Кытай жана Россия менен соода-экономикалык кызматташтыкты күчөтүп жатканын айтып, Кыргызстан менен кызматташтыкта да ушундай мүмкүнчүлүктөрдү караштырууга чакырган эле…

Бул мамлекет жана уюмдар доллардан баш тартуу жолунда канчалык олуттуу билдирүүлөр менен чыгышпасын, баары бир муну ишке ашыра алышпайт. Себеби, алар өз ара соодада улуттук валюталардан пайдаланышканы менен алардын ортосундагы айырбаштоо курсун белгилөөчү валюта доллар бойдон кала берет.

 Дүйнөнү капиталисттик түзүмдүн зулумунан, финансылык кризис жана Америка доллары өкүмдарлыгынан куткаруунун бир гана жолу бар. Ал да болсо Ислам шарияты шаръий акча кылып белгилеген алтын жана күмүш түзүмүнө кайтуу. Алтын жана күмүштү мамиледе жүрө турган, товарлар сатыла турган, айлык акылар белгилене турган валюта жана акча запасы кылып коюудан турат. Бул болсо Исламий Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу гана ишке ашат.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here