Президенттик шайлоонун датасы белгилүү болду

268
0

Президенттик шайлоонун датасы белгилүү болду

Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында болорун тастыктады.

Анын айтымында, мамлекет башчы шайлангандан кийин конституциялык реформалар жүрөт. Анда мамлекеттин башкаруу формасына жана шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелери каралат. Ошондон кийин гана парламенттик шайлоо өткөрүлөт.

 Садыр Жапаров “Инстаграмдагы” баракчасында: “ Парламенттик шайлоо эмки жылдын биринчи жарымына чейин болбойт. 20-декабрда парламенттик шайлоо болот деп, туура эмес маалымат тараткандарга ишенбегиле. 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо болот. Андан кийин кудай буюрса, реформалар жүрөт. Андан кийин парламенттик шайлоо болот”, – деп жазган .

 Комментарий: Кыргызстан мурдагы советтик республикалардын ичинен биринчилерден болуп парламенттик башкарууга өттү. Бул болсо Россияга жакпай турган абал. Себеби, Россия өзүнүн мурдагы жана учурдагы колонияларында – Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан сыяктуу – авторитардык режим болушун, аларда “тынчтык” өкүм сүрүп, өзүнүн түштүктөгү чек араларынан кадыржам болууну каалайт. “Демократия аралы” болгон Кыргызстан болсо көптөгөн жылдардан бери Россия менен Батыштын ортосунда талаш болуп келет. Россияга бул жерде да президенттик башкаруу болушу пайдалуу болсо, АКШ жана Европа мамлекеттери үчүн парламенттик башкаруу болушу абзел.

 Ошол себептен Россия кезектеги төңкөрүштөн пайдалануу менен парламенттик башкаруууну жок кылып Кыргызстанды президенттик башкаруууга кайтарууга олуттуу киришти. Ошондуктан да парламенттик шайлоодон мурда президенттик шайлоону өткөрүү, андан соң конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу бардык ыйгарым-укуктарды бир адамдын т.а. президенттин колуна топтоо үчүн шарт түзүүдө.

Жапаров 26-октябрдагы билдирүүсүндө декабрь айынын башында отставкага кетерин жана президенттик шайлоого катышарын билдирип: “10-январда президенттик шайлоо болот. Мен декабрдын башында бүгүнкү кызматымды тапшырып берип, катардагы адам катары катышам. Өтсөм ажо болом, өтпөсөм сиздердин араңыздарда жөнөкөй эле жаран бойдон калам”, – деген.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here