Европа Биримдиги Кыргызстанга бөлө турган каражатын кийинки жылга калтырды

199
0

Европа Биримдиги Кыргызстанга бөлө турган каражатын кийинки жылга калтырды

Европа Биримдиги Кыргызстанда санариптешүүгө бөлө турган алты миллион евро каражатын 2021-жылга калтырды. Бул тууралуу Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү кабарлады.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррел 15-октябрда билдирүү таратып, «парламенттик демократия жолунда бараткан Кыргызстанда президенттин ыйгарым укуктары премьер-министрге өткөрүлүп берилгени олуттуу суроо жаратууда деп эсептей турганын» маалымдаган.

Европанын мындай мамилеси, жаңы бийликтин Орусия кызыкчылыгына ылайык президенттик башкарууга аракет кылуусуна байланыштуу. Анткени, мындай кадам 2010-жылдагы Батыштын парламентаризм долбооруна каршы келет жана табигый түрдө өлкөдө алардын таасиринин солгундашына алып келет. Ошондуктан, Европа бюджети оор абалда турган бийликти “жардамдарды” токтотуу менен парламенттик башкаруудан баш тарттырбоого аракет кылмакчы.

Белгилүү болгондой, Кыргызстандын тышкы карызы 4 миллиард 81 миллион доллардан ашты. Кыргызстан эң көп бересе мамлекет — Кытай. Бул мамлекетке өлкө 1 миллиард 774 миллион доллар карыз. А бирок, Кыргызстан ушунча карыз алса да өлкөнүн абалы тетирисинче жыл сайын артка кетүүдө. Себеби, тышкы каржылык уюмдар берген карыздардын мамлекетти дагы да жакырлыкка түртө турган милдеттемелер менен берилет. Натыйжада, бийлик ар дайым ички карызды төлөө үчүн тышкарыдан карыз алууга мажбур болуп калат. Жогорудагы топтолгон карыздардын дээрлик баары бир жолу иштетиле турган тармактарга жумшалган.

Түпкүлүгүндө, мамлекеттин экономикасы көз карандысыз өнөр-жайга ээ болуу менен гана өнүгөт. Көз карандысыз өнөр-жай дегени – бул мамлекет өзүнө тийиштүү оор өнөр-жайга ээ болуп, мамлекет өзүнүн жеңил өнөр-жайы үчүн өзүндө техника, станоктор жана жарак-жабдыктарды чыгаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуусу. Кыргызстан сыяктуу агрардык мамлекеттерде мындай экономикалык механизм жок, болгон да эмес. Эл аралык саясат бул мамлекеттерде ушундай экономикалык механизм калыптанышына тиш-тырмагы менен каршылык кылат. БУУнун негизги милдеттеринин бири, дүйнөдө жетекчи мамлекеттер менен агрардык мамлекеттер ортосундагы ушундай балансты сактап туруу болуп эсептелет.

Андыктан, биз мусулмандар айрым аткаминерлердин куру ураандарына алданбай, жакырчылыктын түпкү себеби болгон колонизаторлук саясатка каршы туралы. Ошондой эле алардын кызыкчылыгы үчүн калкына зулумдук кылып жаткан бийлик ээлерин жамандыктан кайтаралы! Качан гана өз Исламбызды үйрөнүп, анын негизги муктаждыктарды кепилдикке алган экономикалык түзүмүн жашоого алып келмейинче бул абалдан кутула албайбыз!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here