Путиндин Кыргызстанга берген баасы

258
0

Путиндин Кыргызстанга берген баасы

Орусиянын президенти Владимир Путин 22-октябрда «Валдай» эл аралык талкуу клубунда Кыргызстандагы соңку окуяларга көз карашын билдирди. Анын айтымында, бул окуялар кыргыз элинин шору имиш.

«Менимче ал жакта болуп жаткан окуялар – Кыргызстандын, кыргыз элинин шору. Шайлоо сайын төңкөрүш болот. Бул күлкү эмес. Биз Кыргызстан тыңып кетишине жардам бериш үчүн көп иш кылдык. Кыргызстандын экономикасына, ар кыл тармактык өндүрүшүнө көп колдоо көрсөттүк», – деди Путин.

Түпкүлүгүндө, Путинди кыжаалат кылган нерсе бийликтин алмашуусу же өлкөдөгү нааразылыктар эмес. Путинди кыжаалат кылган нерсе – Кыргызстанда ар бир көтөрүлүштө Батыштын таасири көбүрөөк кирип келишинде. Маселен, 2010-жылдагы төңкөрүш Бакиев Америкага жүздөнө баштаганда бийликтен алынды. Натыйжада, Орусиянын каалоосуна тескери түрдө парламенттик-президенттик башкаруу орноду. Ошондой эле, өлкө парламенттик башкарууга бет алды. Муну менен катар Батыш кадрлары бийликчил партиялар менен да, оппозиция аркылуу да парламентке жана бийлик бутактарына жайгашты. Бул өз кезегинде, Батыштын өлкөдө таасирин дагы да күчөтүп, жарандык коом жана бейөкмөт уюмдар активдешти. Атамбаев-Жээнбеков күрөшү да Атамбаев Батышка бурулгандыгы себептүү абакка камалуусу менен аяктады. Мына ушул окуяларды улай, учурда Батыштын таасириндеги бир нече саясий күчтөр бийликке келген топту Орусиянын кызыкчылыгына тескери чечимдерди кабыл алууга мажбур кылууда. Мына ушул жагдай Путинди кыжаалат кылып, өлкө Орусиядан алыстаса шордуу болуп калаарын эскертмекчи.

Тилекке каршы, Путиндин сөзүнүн айрым чындыгы да бар. Анткени, Батыш өлкөдө таасирин күчөтүү үчүн туруксуздукка, контрреволюцияга кызыктар. Ошондуктан, бийлик менен элдин ортосун кайраштыруу үчүн ар кандай чабуул жасоого даяр турат.

Демек, биз мусулмандар колонизатор мамлекеттердин айла-амалдарына алданып, алардын бирин ээрчип кетүүдөн этият бололу. Жетекчилерди да кыянаттык кадамдардан эскертип, жакшылыкка чакыруу вазыйпабызды так аткаралы. Акыйкатта жеңиш Ислам динибизди турмушка алып келүү менен гана болот. Бул үчүн Пайгамбарыбыз (с.а.в)дын тарыйкатынан кыйшайбай пикирий жана саясий күрөштү тынымсыз алып баруу шарт. Бул пикирий-саясий күрөштөр бузук саясий чөйрөнү оңдоого же жаңы калыс мусулмандардан турган саясий чөйрөнү калыптандырууга каратылышы керек. Ошондой эле коомго үстүбүздө колдонулуп жаткан капиталисттик системанын зулумдугу Исламды колдонуу менен гана токтой турган түшүндүрүп баруу шарт.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here