Аллахтын конституциясы турмушта жок болуп жатышынын негизги себеби

298
0

Аллахтын конституциясы турмушта жок болуп жатышынын негизги себеби

Эл адилеттүүлүктү, акыйкатты талап кылууну улантып жаткан соң Кыргызстандагы конституциянын өзгөртүү да улана берет. Себеби, акыйкат-адилеттүүлүк – бүт ааламдын Жаратуучусу болгон Аллах Таала жөнөткөн рисолатта т.а. Куран жана хадисте. Ага кайтпасак биз жахалат-билимсиздик сазынан чыга албайбыз. Аллах Таала айтат:

أَلَيْسَ اللَّهُ بِأَحْكَمِ الْحَاكِمِينَ

“Акыры Аллах өкүм кылуучулардын эң адилеттүүсү эмеспи?!” [95:8].

أَفَحُكْمَ الْجَاهِلِيَّةِ يَبْغُونَ وَمَنْ أَحْسَنُ مِنْ اللَّهِ حُكْمًا لِقَوْمٍ يُوقِنُونَ

“Динсиздик өкүмдар болуусун каалашабы, ыймандары толо болгон коум үчүн Аллахтан да чырайлуу өкүм кылуучу ким бар?!” [5:50].

Бирок оор абалда жашап жатканыбызга кээде конституцияны, кээде өкмөттү, президентти, же депутаттарды айыптай беребиз. Кайсы “айыптуу” жөнүндө көбүрөөк сөз болсо, жашообуз оңолушу үчүн ошону алмаштыруу керек деп билебиз. Негизи андай эмес, биздин оор абалда жашап жатышыбыздын негизги себеби Аллах Тааланын “конституциясы”нан – Куръан жана хадистен баш тартышыбызда. Аллах Таала айтат:

فَمَنِ اتَّبَعَ هُدَايَ فَلا يَضِلُّ وَلا يَشْقَى () وَمَنْ أَعْرَضَ عَن ذِكْرِي فَإِنَّ لَهُ مَعِيشَةً ضنكاً.

– “Ким Менин хидаятыма ээрчисе, жолдон адашпайт жана бактысыз болбойт. Ким Менин эскертмемден баш тартса, анда, албетте ал үчүн тар-бактысыз турмуш болот жана Биз аны Кыямат күнүндө сокур абалда тирилтебиз. [20:123-124].

1924-жылы Түркияда Ислам саясий майдандан четтетилгенден кийин Исламдын саясий майданга кайтып келишине тоскоолдук кылуу үчүн колонизатор мамлекеттер бир топко чейин өз-өзүнчө күрөшүп келишти. БУУнун Башкы ассамблеясында 1948-жылы 10-декабрда кабыл алынган токтомдун негизинде куфр дүйнөсү биригип, Исламдын саясий майданга кайтып келип калышына катуу каршылык көрсөтүп келе жатат. Бул токтом: “Бардык мамлекеттердин конституциялары беш мамлекет (АКШ, Россия, Британия, Франция жана СССР) белгилегендей, БУУнун уставы жана резолюцияларына ылайык болушу шарт. Болбосо ал мамлекет катары таанылбайт. Ушуга ылайык, бардык мамлекеттердин мамлекеттик түзүмү демократия негизиндеги капиталисттик түзүм же социалисттик түзүм болушу шарт  кылынгандан бери бардык мамлекеттер Исламдын саясий майданга келишине тоскоолдук кылышат. Ошондуктан, Исламий өлкөлөрдөгү бардык коомдор ката негизге . т.а. адамдар ойлоп тапкан түзүмдөргө негизделген кайры Исламий коомдор болуп эсептелет. Бул коомдордун негизи – Демократия – куфр болуп, ага эътикад кылгандар кафирлер болуп эсептелишет. Алардын тамактары арам, алар менен момундар куда-сөөк болуусуна Аллах Таала тыюу салган. Демек, алар менен нике келишими сахих болбойт, төрөлгөн балдары “валади зина”(зынадан жаралган балдар) болот. Термизий чыгарган хадисте Адий ибн Хотам айтты: «Мен Набий(с.а.в)дын алдына келдим – мойнумда алтындан хоч (крест) бар эле. Ал зат мага: Бутту алып ташта, – деди жана «Бароат» сүрөсүнөн мына бул:

اتَّخَذُوا أَحْبَارَهُمْ وَرُهْبَانَهُمْ أَرْبَابًا مِنْ دُونِ اللَّهِ

Алар Аллахты коюп өздөрүнүн даанышмандарын, рахибдерин жана Масих ибн Марямды кудайлар деп билишти.[9:31] аятты окуп, мындай дегенин уктум: «Туура, адамдар рохибдерге ибадат кылышпаган, бирок рохибдер бир нерсени адал дешсе, адамдар аны адал эсептешкен, бир нерсени арам дешсе аны арам эсептешкен». Демократиядан баш тартып, Аллах Тааланын өкүмдөрүнө кайтуу момундук болуп эсептелет. Демократтар кафир экенин мен ойлоп тапкан жокмун, Аллах Таала айтып жатат:

وَمَنْ لَمْ يَحْكُمْ بِمَا أَنزَلَ اللَّهُ فَأُوْلَئِكَ هُمْ الْكَافِرُونَ

Кимде-ким Аллах түшүргөн дин менен өкүм кылбаса, анда алар кафирлер. [5:44].

Биз Исламга – Куръан жана хадиске – кайтпасак эки дүйнөдө бактылуу боло албайбыз. Биз бактылуу жашоого өзүбүз жол таба албашыбызды билген Мээримдүү, Ырайымдуу Зат бизге жеңил болсун үчүн Расулуллах(с.а.в)ды бизге рахмат кылып жиберди. Мухаммад(с.а.в) алып келген рисолатта бактылуу жашашыбыз үчүн зарыл болгон өкүмдөр: бардыгы мыйзамдын алдында бирдей, бардык укуктардан, бардыгы эч кандай айырмасыз пайдаланышы зарыл, жетекчилерди мухасаба кылып (тергеп-тескеп) туруу, зулум кылып жаткан жетекчилердин ишин карап чыгып, жазага тартуу, аялдардын кордолушуна жол бербестик, үй-бүлөдөгү иштерди адилеттүүлүк менен бөлүштүрүү, мүлктүн түрлөрү, табигый байлыктар жана кендер үммөттүн мүлкү болушу, жашоо үчүн зарыл болгон бардык нерселерди ар бир жаранга жеткиликтүү кылып берүү, бардык жарандарды жумуш менен камсыздоо, ишке жараксыз жарандарга нафака берүү, акысыз дарылануу, акысыз билим алуу сыяктуу мыйзамдар камтылган. Мен төмөндө алардын кээ бирлерин келтиремин, алар китептерибизде кеңири баяндалган:

1-берене – Ислам акыйдасы – мамлекеттин негизи. Тактап айтканда, анын курамы, жихаз-аппараты, эсеп-китеп кылып тергелиши же ага тиешелүү бардык иштерде кайсы бир нерсенин жүзөгө келиши үчүн бир гана Ислам акыйдасы негиз кылынат. Ошол эле учурда, Ислам акыйдасы конституция жана шаръий өкүмдөрдүн да негизи болот т.а. бул экөөсүнүн ар бирине тиешелүү болгон ар кандай нерсенин пайда болушуна Ислам акыйдасынан келип чыкса гана уруксат берилет.

5-берене – Исламий жарандыкка ээ болгон (т.а. Исламий мамлекеттин букарасы болгон) бардык адамдар шаръий укук жана милдеттерден пайдалана алышат.

6-берене – Мамлекет жарандар арасында акимият (бийлик), казылык (сот), иш башкаруу ж.б.у.с. тармактарда айырмачылыкка жол койбоого тийиш. Балким, расасы, теги, дини жана улутуна карабастан, баарына бирдей назар менен карашы важып.

20-берене – Акимдерди эсеп-китеп кылып, тергеп туруу мусулмандардын укугу жана алар үчүн парзы кифая. Жарандар арасындагы кайрымусулмандар болсо акимдердин зордук-зомбулугуна жана аларга карата Ислам өкүмдөрүн жаман колдонуп жатканына нааразыланып даттануу укугуна ээ.

82-берене – Мазолим мекемеси ар кандай зулумду көрүп чыгуу укугуна ээ. Бул орунда зулум көрсөтүүлөр мамлекет аппаратындагы адамдарга тиешелүү болушунун, же халифанын шарият өкүмдөрүнө тескери болгон иштерине, же мамлекет жетекчиси табанний кылган конституция, мыйзам жана башка шаръий өкүмдөрдөгү мыйзамтаануучулук документтеринин кайсы биринин маанисине, же кайсы бир салык салууга, же башка иштерге тиешелүү болушунун айырмасы жок.

83-берене – Мазолим казылыгында казылык межлиси, жоопкерди чакыруу жана доогердин болушу шарт кылынбайт. Балким, мекеме эч ким даттанбаса да, зулумду көрүп чыгуу укугуна ээ.

108-берене – Аял – эне жана үй бийкеси. Аял корголушу важып болгон ар-намыс эсептелет.

116-берене – Эрди-катындык турмуш – бейгамдык турмуш. Эрди-катындын турмушу – таттуулук турмушу. Эри аялынын үстүнөн өкүмдар болуп эмес, камкор болуп башчылык кылат. Аялы эрине баш ийиши, эри болсо аялына – адатта, ушундай аялга кандай нафака кылышы (карап-багышы) керек болсо – ошондой нафака бериши парз.

117-берене – Эркек жана аял үй иштерин аткарууда бири-бирине толук жардам беришет. Үйдөн тышкарыда боло турган бардык иштерди аткаруу эрдин мойнунда болот. Үй ичиндеги бардык иштерди күчү жетишинче аткаруу аялдын мойнунда болот. Аялдын күчү жетпей жаткан иштерди аткаруу үчүн жардамчы кызматчы жалдап берүү эрдин милдети эсептелет.

119-берене – Экономикалык саясат муктаждыктарды кандырууга көңүл бурулган убакта коом кандай болушу керектигине көңүл буруудан турат. Коомдун кандай болушу лаазым экендиги муктаждыктарды кандыруу үчүн негиз кылып алынат.

120-берене – Экономикалык проблема калктын ар бир адамына байлык жана пайдаларды бөлүштүрүп берүүдөн о.э. байлык жана пайдаларды колго киргизүүгө жана алар үчүн аракет кылууга мүмкүнчүлүк жаратып берүү аркылуу адамдарга байлык жана пайдалардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жаратып берүүдөн турат.

121-берене – Адамдардын ар бири үчүн негизги муктаждыктарын толук кандыруу гарантияланышы о.э. жогорку керектөөлөрүн мүмкүн болушунча эң жогорку даражада кандыруу мүмкүнчүлүгү камсыздалышы важып.

122-берене – Мүлк жалгыз Алланыкы. Алла адамды мүлктү башкарууда Өзүнүн халифасы деп жарыя кылды. Мына ушул берилген жалпы ишеним менен адам мүлккө ээлик кылуу укугуна ээ болду. Алла адамга мүлктү колго киргизүүгө уруксат берди. Мына ушул атайын берилген уруксат менен адам иш жүзүндө мүлктүн ээсине айланды.

123-берене – Мүлк үч түрдүү болот: Жеке менчик мүлк, жалпы элдик мүлк жана мамлекеттик мүлк.

124-берене – Жеке менчик мүлк айн (бар нерсе) же пайда менен белгиленген шаръий өкүм болуп, бул өкүм жеке менчик мүлк ээсине ошол нерседен пайдалануу жана анын ордуна акы алуу мүмкүнчүлүгү жаратылышын талап кылат.

125-берене – Жалпы элдик мүлк  жамаатка айндан биргеликте пайдаланууга Шореъ тарабынан берилген уруксат.

126-берене – Сарп кылынышы халифанын райы жана ижтихадына байланыштуу болгон ар кандай мал-мүлк – салык, жизя, хираж сыяктуу – мамлекеттик мүлк деп аталат.

133-берене – Жалпы элдик мүлк үч нерседе көрүнөт:

а)  Жамааттын зарылчылыктары деп эсептеле турган бардык нерселер: шаардын көчө жана аллеялары сыяктуу.

б)  Бүтпөс-түгөнбөс кендер: нефть, газ кендери сыяктуу.

в)          Табияты адамды ага ээлик кылууга тыюу сала турган нерселер: дарыялар, жайлоолор сыяктуу.

134-берене – Ишкана – негизинен – жеке менчик мүлк эсептелет. Бирок, ал өндүрүп чыгара турган продукциянын өкүмүн алат. Эгер продукция жеке менчик мүлк эсептелсе, ишкана да жеке менчик мүлк болот: токумачылык ишканалары сыяктуу. Эгер продукция жалпы элдик мүлктөн болсо, ишкана да жалпы элдик мүлк эсептелет: темир иштеп чыгаруу ишканалары сыяктуу.

135-берене – Мамлекет жеке менчик мүлктү жалпы элдик мүлккө айландырышы мүмкүн эмес. Себеби, жалпы элдик мүлк мамлекеттин райына карап эмес, балким, мүлктүн өзүнө жана сыпатына карап өз ордун табат.

138-берене – Байлык топтоп казына кылууга тыюу салынат. Мейли, анын зекети берилсе да, буга карабастан, тыюу салынат.

149-берене – Мамлекет ар бир жаранды жумуш менен камсыздоо кепилдигин алат.

152-берене – Эч кандай каражатка ээ болбогон, жумушсуз жана карай турган жакындары болбогон адамдарды мамлекет камсыздайт. Алсыз жана эмгекке жараксыздарды өз карамагына алат.

153-берене – Мамлекет байлыктардын калк ортосунда барабар айланып турушуна олуттуу көңүл бурат, белгилүү бир  тайпанын гана колуна өтүп калышына жол койбойт.

160-берене – Мамлекет бардык адам үчүн акысыз медициналык кызматты камсыздайт, бирок, дарыгерлерди жалдоого жана дары-дармек соодасына тыюу салбайт.

173-берене – Эркек болобу, аял болобу, ар бир адамдын турмуш майданында зарыл болгон билимдерге ээ болушу парз. Ошондуктан, башталгыч жана ортоңку баскычтарда таалим алуу баарына мажбурий түрдө болот. Бул таалимди баарына акысыз камсыздоо мамлекеттин мойнунда. Жогорку таалим да мүмкүн болушунча баарына акысыз камсыздалышы керек.

Тыянактап айтканда, бул макала Куръан жана хадистен иштеп чыгылган адилеттүү, чыныгы “конституция”ны толук, кеңири баян кылуу орду эмес. Биз бул макаланы момундардын эътибары өздүгүнө кайтышы үчүн бир эскертме катары кыскача келтирдик. Кеңири үйрөнүүнү каалаган мусулмандар китептерибизден далил-хужжаттары менен үйрөнсө болот. Бактылуулук жана нажат табуу жолу – Куръан жана хадисте. Буга кайдыгер болушубуз менен бул дүйнөдө кыйынчылыкта, кордукта жашап, Акыретте да Аллах Тааланын алдында жүзү кара болуп, кафир-жахилдердей жашагандар катарында тирилебиз, мындан Аллах сактасын! Муслим Нафиънин мындай дегенин риваят кылган: Ибн Умар мага мындай деди: Мен Расулуллах(с.а.в)дын мындай дегенин уктум:

«مَنْ خَلَعَ يَدَاً مِنْ طَاعَةٍ لَقِيَ اللَّهَ يَوْمَ الْقِيَامَةِ لاَ حُجَّةَ لَهُ، وَمَنْ مَاتَ وَلَيْسَ فِي عُنُقِهِ بَيْعَةٌ مَاتَ مِيتَةً جَاهِلِيَّةً»

«Кимде-ким итаат кылуудан баш тартса, кыямат күнү Аллахка хужжаты жок абалда жолугат. Кимде-ким мойнунда байъаты жок абалда өлсө, ал жахилият өлүмү менен өлүптүр ».

Гариб Муслим

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here