Адилеттүүлүк болсун

598
0

Адилеттүүлүк болсун

Анткени, Аллах Таала ушуга буйруган.

Аллах Таала айтат:

«Аллах адилетке, чырайлуу амалдарды кылууга буюрат»

                                                                                                   [16:90]

Аллах Таала дагы айтат:

«Албетте, Аллах адилеттик кылуучуларды сүйөт» [5:42]

Адилеттүүлүк тууралуу мындан башка аяттар да көп.

Расулулла A айтат:

«إِنَّ أَحَبَّ النَّاسِ إِلَى اللَّهِ يَوْمَ الْقِيَامَةِ وَأَدْنَاهُمْ مِنْهُ مَجْلِسًا إِمَامٌ عَادِلٌ، وَأَبْغَضَ النَّاسِ إِلَى اللَّهِ وَأَبْعَدَهُمْ مِنْهُ مَجْلِسًا إِمَامٌ جَائِرٌ».

«Кыямат Күнүндө Аллага инсандардын эң сүйүктүүсү жана ага жакыны адилеттүү имам болот. Аллага инсандардын эң жаманы жана андан алысы залим имам».

Адилеттүүлүк деген эмне? Адилеттүүк – бул ар бир инсандын Аллах Таала тарабынан белгиленген акы-укуктарын алышы. Аллах Таала муну фарз кылган. Жарандар менен мамлекет ортосундагы мамиледе адилеттүүлүк кандай болот? Мамлекет жарандар менен мамлекет ортосундагы келишимдерге ылайык б.а. мыйзамдарга ылайык, бийлик жарандардын акысын өз-өз ордуна койсо, адилеттүүлүк кылган болот. Эгер мындай кылбаса адилетсиздик кылган болот жана ал зулум деп аталат. Аллах Таала муну харам кылган.

Расулулла A айтты:

«مَنْ كَانَتْ عِنْدَهُ مَظْلِمَةٌ لأَخِيهِ فَلْيَتَحَلَّلْهُ مِنْهَا، فَإِنَّهُ لَيْسَ ثَمَّ دِينَارٌ وَلا دِرْهَمٌ مِنْ قَبْلِ أَنْ يُؤْخَذَ لأَخِيهِ مِنْ حَسَنَاتِهِ، فَإِنْ لَمْ يَكُنْ لَهُ حَسَنَاتٌ أُخِذَ مِنْ سَيِّئَاتِ أَخِيهِ فَطُرِحَتْ عَلَيْهِ»

«Кимдин алдында бурадарына карата зулумдугу болсо бурадарына анын жакшы амалдарынан алып берилишинен мурда андан кутулуп калсын. Анткени, ал жерде динар да, дирхам да жок болот. Эгер анын жакшы амалдары  жок болсо, бурадарынын күнөөсүнөн алынат да, ага жүктөлөт».

Ооба, Кыргызстан Исламий мамлекет эмес. Шарият исламий болбогон мамлекетте жашаган мусулмандар үчүн да өзгөчө өкүмдөрдү койгон. Ошондуктан, биз, Кыргызстандагы Хизбут-Тахрир исламий партиясынын мүчөлөрү, ушул өкүмдөргө ылайык, Кыргызстан мамлекетинин алдындагы милдеттерибизди өтөп келебиз. Бирок, биздин акыбызды өтөмөк турсун, кайра укуктарыбызды тебелеп жатат. Мисалы, Хизб даъватчылары 1999-жылдан бери мамлекет тарабынан зулум көрүп келүүдө. Алгач, Хизб жигиттеринин иш-аракеттери эч кандай мыйзам бузууга түшпөсө да, аларга башка эле беренелер менен иш козголуп, куугунтукка учурашты. 2003-жылдын 20-августунда болсо, Жогорку Сот  эч бир негизсиз б.а. акылга сыйгыс негиздемелер менен токтом чыгарып, Хизбут-Тахрир партиясын экстремисттик уюм деп тааныды жана анын ишмердүүлүгүнө тыюу салынды. Мына ошондон бери Хизбут-Тахрир даъватчылары экстремисттер катары куугунтукталып, соттолуп, камактарга ташталып келет.

Негизи, Хизбут-Тахрир эч кандай экстремисттик уюм эмес. Мисалы, дүйнө боюнча экстремизмге так аныктама берилбесе да, көпчүлүк мамлекеттер “экстремизм – бул саясатта чектен чыккан чараларды колдонуу” деген пикирде ортоктош. Чектен чыгуу иш-чараларына туруксуздуктар келтирип чыгаруу, терракттар уюштуруу, төңкөрүштөр жасоо ж.б.у.с.лар кирет. Ал эми, Хизбут-Тахрир ишмердүүлүгүндө ушуга чейин – Кыргызстанда эле эмес – бүткүл дүйнө боюнча мындай иштер кезиктирилген эмес. Айрым мамлекеттерде жалган жалаалар жабылган болсо да, бирок, алар тастыгын тапкан эмес. Себеби, Хизбут-Тахрир Пайгамбар а.с.дын жолунан жүрүп, чектен чыгуу иш-чараларына барбайт жана жалаң гана фикрий-саясий күрөш менен алектенет. Анткени, Пайгамбар а.с. Мадинада мамлекет тикелегенге чейин жалаң гана фикрий-саясий күрөш менен алектенген. Бирок, ушуга карабастан, Хизб даъватчылары “экстремизм” шылтоосу менен зулум чегип келишүүдө. Бул мамлекет тарабынан бизге карата адилетсиздик болуп саналат.

Расулуллах соллаллоху алайхи ва саллам айтты:

«إنَّمَا أهْلَكَ الَّذينَ قَبْلَكُمْ، أنَّهُمْ كَانُوا إذَا سَرَقَ فِيهِمْ الشَّرِيفُ تَرَكُوهُ، وَإذَا سَرَقَ فِيهِمْ الضَعِيفُ أقاموا عَلَيْهِ الْحَدَّ»

«Силерден мурункуларды ушул нерсе өлтүрдү: алар абройлуу киши уурулук кылса ага унчукпай, алсыз киши уурулук кылса аны жазага тартышат эле» (Имам Бухарий риваяты).

Ооба, азыр ушундай учур болуп калды. Элде “тоок уурдаган камалат, тоо уурдаган депутат” деген кеп келип чыкты. Бүтүндөй мамлекет мүлкүн өздөштүрүп алган коррупционерлер бийлик башында, эгер бирөө-жарымы камалса, камакта хандын турмушунда. Булардын каршысында, Хизб жигиттери тоок да уурдаган жок го. Канча деген калктын канына забын кылган жетекчилер кайра-кайра төңкөрүш кылып жүрүшөт, алардын каршсында болсо, мамлекет менен болгон келишимдеги милдеттерин так аткарып жаткан, калкка катуу кыйкырып кайрыла элек Хизб кыз-жигиттери камактарда жатышат. Алардын бар болгон айыбы – нукура Исламды үйрөнүп жана үйрөтүшкөндүгүндө гана.

Ушул орунга бир риваят туура келип турат. Илгери, Бир адилетсиз казы айыпталуучуга «Сен кудайсызсың» дейт. Ал болсо: «Жок, мен мусулманмын, ашхаду алла илаха иллаллох ва ашхаду анна Мухаммадан абдуху ва Росулух», – деп жооп берет. Ошондо залим казы: «Мен сени кудайсыздыгыңды мойнуңа алганга чейин сабаймын» – десе, анда айыпталуучу айткан экен: «Субханаллах, Мухаммад алайхиссалам адамдар ыйман келтиргенче Аллах жолунда күрөшсө, сен адамдарды куфр келтиргенче чейин сабайт экенсиң да ээ».

Эй бийлик ээлери, эмне, силер бизди куфрга кайтканча камаганы жатасыңарбы?

Бул биздин силерге мусулман деп кайрылып жаткандыгыбыз.

Мусулман болбосоңор, тарыхта кафирлер мусулмандарга адилеттүүлүк менен ынсаф кылышкан учурлар катталган. Буга сийраттан мисал келтиребиз.

Меккеде даъват кубаты бардык үгүттөрдөн үстөм келе баштаганда мушриктер мусулмандар менен алаканы үзүү куралын ишке салды. Алар Расулулла Aдын туугандары жана мусулмандар менен мамилени үзүүгө токтом кылышты. Убадалашуу каты жазылып, Кааба дубалына илип коюлду. Мындай абал т.а. мусулмандарды камал кылуу үч жылга созулду. Мусулмандар  ачкачылык жана өлүм сыяктуу көп азаптарды тартты. Мындай абал мусулмандарга карата мушриктердин мээримин ойготту. Алардын айрымдары Расулулла Aдын даъватына ээрчисе, кээ бирлери мусулмандарга жашыруун тамак-аш жана суу жиберип жүрдү. Хишам ибн Амр төөгө азык-түлүк жана буудай артып, түн жарымында тоо арасына келип, аны мусулмандар тарапка айдап жиберчү. Мусулмандар төөгө жүктөлгөн тамактарды алып, төөнүн өзүн союп жешчү. Мындай абал үч жылга созулду. Аларга дүйнө тар болуп кетти. Акыры Алла аларга азаттыкты жиберди жана камалды ачып таштады. Бул окуя мындайча болду. Курайш жигиттеринен бешөө чогулуп, бул келишимди бекер кыла турган жана ал жазылган баракты жыртып таштоого алып бара турган бир иш кылууга келишип алышты. Эртеси Каабага барышты. Зухайр келип Каабаны жети жолу тооп кылып, кийин адамдарга: «Эй Мекке калкы, эч ким соода-сатык кылбагандыктан Бану Хошим өлүп кете берет да, ал эми биз болсо тамак жеп, кийим кийип жүрө беребизби?! Аллага ант болсун, бул залим, ортону үзүүчү ушул барак жыртып ташталмайынча отурбаймын», – деди. Аллахтын душманы болгон Абу Жахл: «Жалган айтасың, Аллага ант болсун ал жыртылбайт», – деп кыйкырды. Ушул учурда, Байтулланын ар тарабынан Замъа, Абу Бухтарий, Мутъим жана Хишамдар кыйкырып, Абу Жахлды жалганчыга чыгарышты жана Зухайрды колдоп-кубатташты. Абу Жахл бул иш келишилген иш экенин, коомдун буга келишкенин, ага каршы чыгуу жамандыкка алып барарын түшүндү жана коркуп артка чегинди. Мутъим баракты жыртып таштоо үчүн турду… Ушуну менен мамилени үзүү келишими бекер кылынды.

Эй бийлик ээлери, силерге айтарыбыз ушул, бизге карата адилеттүү болгула!

Ал эми Кыргызстан калкына болсо, бир хадисти эстетүү менен чектелебиз. Пайгамбарыбыз r мындай дейт:

«إِنَّهُ سَتَكُونُ بَعْدِي أُمَرَاءُ، مَنْ صَدَّقَهُمْ بِكَذِبِهِمْ وَأَعَانَهُمْ عَلَى ظُلْمِهِمْ فَلَيْسَ مِنِّي وَلَسْتُ مِنْهُ، وَلَيْسَ بِوَارِدٍ عَلَيَّ الْحَوْضِ»

«Менден кийин ушундай бир амирлер болот дейсиң, ким алардын жалганын чын десе жана зулумуна жардам берсе, анда ал менден эмес, мен да андан эмесмин. Ал менин булагыма (хаузи Каусарга) келбейт».

Жана ошондой эле, залимдер зынданында зулум чегип жаткан бурадарларыбызга да кайрылып кетебиз. Аллахым сиздерге сабыр берсин. Залимдер сиздерди камоо менен кордойбуз деп ойлошсо, бирок, Аллах муну менен сиздердин мартабаңыздарды көтөрдү. Ажр-собун улуу кылды, дүйнө-ахирет кеңдигин убада кылды. Ким бул жолдо курман болсо, ага шахиддик мартабасын ыроолоду.

Набий A айтты:

«وَمَنْ قُتِلَ دُونَ مَظْلَمَتِهِ فَهُوَ شَهِيدٌ»

«Ким өзүнө жеткен зулумдук жолунда өлсө, ал шахид».

Расул A дагы мындай башарат кылган:

«لا يلبث الجور بعدي إلا قليلاً حتى يطلع، فكلما طلع من الجور شيء ذهب من العدل مثله، حتى يولد في الجور من لا يعرف غيره، ثم يأتي الله بالعدل، فكلما جاء من العدل شيء، ذهب من الجور مثله، حتى يولد في العدل من لا يعرف غيره»

«Менден кийин эч канча убакыт өтпөстөн зомбулук пайда болот. Зомбулук канчалык көбөйсө, ошончолук адилеттик жоголот. Ошондо зомбулуктардан андан башкасын билбеген кишилер дүйнөгө келет. Кийин Аллах адилетти пайда кылат, ошондо адилет канчалык көбөйсө, зомбулук ошончолук жоголот. Кийин адилеттен башкасын билбеген кишилер дүйнөгө келет».

Эй бурадарлар, албетте Аллах сиздерге жардам берет жана сиздер себептүү келечекте адилеттен башканы билбеген коом келет.

Хадиси шарифте айтылат:

«ثَلاَثَةٌ لاَ تُرَدُّ دَعْوَتُهُمْ: الإِمَامُ الْعَادِلُ والصَّائِمُ حَتَّى يُفْطِرَ وَدَعْوَةُ الْمَظْلُومِ يَرْفَعُهَا اللَّهُ فَوْقَ الْغَمَامِ يَوْمَ الْقِيَامَةِ وَتُفْتَحُ لَهَا أَبْوَابَ السَّمَاءِ, وَيَقُولُ: بِعِزَّتِي وَجَلاَلِى لأَنْصُرَنَّكَ وَلَوْ بَعْدَ حِينٍ»

«Үч түрдүү адамдын дубасы кайтарылбайт: адилеттүү жетекчинин, орозо кармаган адамдын оозун ачканга чейин жана мазлумдун дубасы. Кыямат күнүндө Аллах аны булуттардан да жогору көтөрүп, ага асмандардын дарбазаларын ачып, азиздигим жана улуулугум менен ант ичем, бир аздан кийин болсо да албетте сага жардам берем, дейт».

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here