Тышкы карызды төлөш үчүн элден акча чогултуу боюнча демилге көтөрүлдү

222
0

Тышкы карызды төлөш үчүн элден акча чогултуу боюнча демилге көтөрүлдү

Учурда Кыргызстандын тышкы карызы 4 млрд 106 млн доллар. Бул цифра мамлекеттин ички дүң өнүмүнүн 56 пайыздан көбүрөөгүнө барабар.  Кыргызстан бул сумманын 40 пайызын Кытайга төлөшү керек. Буга чейин мамлекет жетекчилиги пандемия себептүү жүз берген кыйынчылыктарды шылтоолоп, Пекинден карызды реструктуризация кылууну суранган эле. Бирок, бул маселе ачык бойдон калган. Президенттин отставкасына алып барган саясий кризис себептүү карызды төлөө маселеси ого бетер татаалдашып кетти.

Кыргызстандагы “Аялдар кеңеши”, “Жоокерлердин энелери” коомдук бирикмелери тышкы карыздан кутулуш үчүн элден жапырт акча чогултуу жөнүндө демилге көтөрүштү. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда аталган уюмдардын атынан Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева баштаган аял-лидерлер жарыялашты.

Демилгечилердин айтымында, чогулган каражатты топтоо үчүн “РСК Банк” жана “Айыл Банкта” атайын эсеп ачылууда.

Белгилүү болгондой, Кыргызстанда буга чейин да эки жолу – 2007 жана 2018 жылдары ушундай аракеттер болгон. Бирок карызды төлөөгө жардам берүү чакырыгын карапайым калк колдоого алган эмес. Адамдар буга жооп иретинде коррупциялык кылмыштарга каршы күрөштү күчөтүүнү жана карызды коррупционерлердин эсебинен төлөөнү сунуштаган. Себеби, элдин өкмөткө карата ишеними калбаган. Бул демилге колдоо таап, акча топтолгон күндө да, ал каражаттардын максаттуу пайдаланылышы күмөндүү.

Ошол себептен, бул жолку демилге да эч кандай натыйжа бербейт. Бул демилге да жаңы бийликке жагынмакчы болуп жаткандардын кезектеги популисттик чакырыгы гана.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here