Акса мечитинде даъватты көтөрүп чыккандар яхудий баскынчылар менен мамилелерди нормалдаштыруу келишимин каралашууда
2020-жылы 18-сентябрь күнү жума намазынан кийин «Мамилелерди нормалдаштырып жаткандар – саткындар, Фалестинди Халифалык кошууну азат кылат» деген нааразылык демонстрациясы болуп өттү. Демонстрацияда Акса мечитинде даъватты көтөрүп чыккандар баян кылышты. Алар мамилелерди нормалдаштыруу боюнча Бириккен Араб Амирликтери жана Бахрейн менен яхудий вужуду ортосундагы келишимди каралашты.
Баянда баскынчы яхудийлерге мыйзамдуулук түсүн берүүгө жана Расулуллах ﷺдын Исро жеринен баш тартууга алып баруучу мындай келишим кылмыш экени айтылды. О.э. бул келишим баскынчыларды моюнга алуу жана алар менен мамилелерди нормалдаштыруу чынжырынын бир учу экени, себеби, Мисир, Иордания, Түркия жана Фалестин Азаттык Уюму кыянаттык кылууда Бириккен Араб Амирликтери менен Бахрейнден озуп кетишкени баян кылынды.
Баянда дагы ушулар баса белгиленди: акимдер да, режимдер да – алардын кээ бирлери нормалдаштыруу кылмышын жасаган болсо, калгандары жасоо алдында турушат – баары бул кыянатка шерик, себеби, алар рувайбизалар болуп, Акса да, Куддус да алардыкы эмес, Куддус – мусулмандар Куддусу, Акса – мусулмандардын Аксасы. Акса жана мубарек жерди Уммат армиялары Халифалык көлөкөсүндө азат кылат. Умматта Халифалыктын тикелениши үчүн зарыл таянычтар бар.
Баса белгилөө зарыл, бул иш-чарада такбир жаңырып турду о.э. катышуучулар бүгүнкү саткын режимдерге каршы кыйкырып, бүткүл Фалестинди азат кылуучу Халифалыкты тикелөөгө чакырышты.
Роя гезити, №305, 2020-жыл, 23-сентябрь.