Бишкекке өзгөчө абал киргизилди

254
0

Бишкекке өзгөчө абал киргизилди

 Өзгөчө абал режими киргизилишине байланыштуу Бишкекке аскердик бөлүктөр жана аскерий техникалар киргизилет. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгында айтылган.

 Жарлыкта келишинче, куралдуу күчтөрдүн башкы штабына куралдуу кагышуулардын алдын алуу, тартипти сактоо жана калкты коргоо максатында блокпостторду орнотуу, өздүк курамды бронетехника менен алып чыгуу боюнча тапшырма берилди.

Мындан тышкары, Бишкек комендатурасына оюн-зоок, спорттук жана башка массалык иш-чараларды, ошондой эле иш таштоолорду, чогулуштарды, митингдерди, көчө жүрүштөрүн, демонстрацияларды жана пикеттерди өткөрүүгө тыюу салуу о.э. массалык маалымат каражаттарын көзөмөлдөө укугу берилди.

Бишкекте байланышты пайдалануунун өзгөчө эрежелери киргизилип, транспорт каражаттарынын кыймылы чектеле турган болду.

Кабарда келишинче,  өзгөчө абал режими 21-октябрга чейинки мөөнөткө киргизилген.

 Комментарий: 4-октябрда болуп өткөн парламенттик шайлоодон кийин башталган митингдер акыры жаңы-эски саясатчылар ортосундагы бийлик талашуу күрөшүнө айланып кетти. Жакында эле узак мөөнөткө камалган саясатчылар бүгүн кайрадан “баатырга” айланышты. Алардын артынан ээрчиген жүздөгөн адамдар бири-бирине таш ыргытып, ал тургай курал колдонууга чейин жетип барышууда…

 Эй Кыргызстан мусулмандары, бул рувайбиза жетекчилер элдин келечеги, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн күйүп жаткан жок. Алардын бирден-бир максаты, жаңы түзүлө турган өкмөттө бирер орунду ээлеп калуу о.э. буга чейинки кылмыштары үчүн жоопкерчиликтен кутулуп калуу. Алар өз кызыкчылыктарын жүзөгө чыгаруу жолунда биз мусулмандардан пайдаланып жатканын кантип эле түшүнбөй жатабыз!? Алар биздин бири-бирибизге каршы курал көтөрүшүбүзгө арзыйбы? Алардын материалдык кызыкчылыктары жолунда курман болууга чейин жетип барышыбыз  дүйнө жана акыретибиз үчүн кандай пайда алып келет? Кантип эле ушул жөнүндө ойлонбой жатабыз. Жээнбеков “жарандарды коргоо” шылтоосу менен Бишкекке киргизген өзгөчө абал тартиби да чындап эле элдин тынчтыгы үчүн киргизилдиби же…

 Биз мусулмандар бул дүйнө жана акыретибиз үчүн пайдалуу болгон иштерди кылышыбыз керек. Ал эми бул саясатчылардын артынан ээрчүү, алар үчүн бири-бирибизге тиш кайроо – бул дүйнөдө кордукка, акыретте болсо азапка дуушар кылат.

 Мындан кутулуу о.э. бул дүйнө жана акырет бактылуулугуна жетүү үчүн алар айтып жаткан демократия жолунда эмес, Аллахты ыраазы кыла турган Ислам мамлекетин кайрадан тикелөө жолунда аракет кылышыбыз важиб. Кыргызстандагы эле эмес, бүт дүйнөдөгү элдин башына балээ болгон бул капитализмди кулатып, анын ордуна Ислам түзүмүн алып келүүгө умтулушубуз керек.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here