Башкы катчылардын жолугушуусу Фалестин маселесине эмес, режимдин тил бириктирүүсүнө кызмат кылат

223
0

Башкы катчылардын жолугушуусу Фалестин маселесине эмес, режимдин тил бириктирүүсүнө кызмат кылат

 Доктор Ибрахим Тамимий

Хизб-ут-Тахрирдин

Фалестиндеги маалымат бөлүмү

Кече бейшемби күнү Фалестин жетекчиси Махмуд Аббас Фалестиндеги бардык фракциялардын, алардын катарында, Хамас жана Исламий Жихад кыймылдарынын башкы катчылары менен жолугушту. Рамаллах менен Бейрут шаарларындагы президенттик сарайларда видеоконференция аркылуу өткөрүлгөн жолугушууда бир нече проблемалар жана маселелер каралды. Алардан негизгиси, Фалестин режиминин яхудийлер менен мамилелерди нормалдаштыруу толкунунда Фалестин маселесине карата көз карашы, Фалестин Азаттык Уюмунун абалы жана жарашуу маселеси жөнүндө болду.

Ушул маселелерге жана аларга байланыштуу башка маселелерге назар салсак, бул жолугушуу Фалестин режимине жана анын пландарына кызмат кыларын, Фалестин маселесине таптакыр кызмат кылбашын ачык көрөбүз.

  • Ушул нормалдаштыруу жараяны жүрүп жатканда Фалестин режиминин Фалестин маселесине карата көз карашы:

Фалестин жетекчиси Махмуд Аббас ушул жолугушуунун ачылыш сөзүндө «эки мамлекет» долбоорун, эл аралык мыйзамчылыкты, БУУ жана Коопсуздук Кеңешинин резолюцияларын карманарын баса белгиледи. Араб мамлекеттеринин демилгесине баш ийүү зарылдыгы жөнүндө кайра-кайра сүйлөп: «Мен толук эл аралык мыйзамчылыкты каалаймын, биз БУУнун демөөрчүлүгү астында тынчтык эл аралык конференциясын өткөрүүгө даярбыз, себеби, эл аралык мыйзамчылыкка жана араб мамлекеттеринин демилгесинин токтомдоруна негизделген олуттуу сүйлөшүүлөр ушул конференция аркылуу башталат», – деди. Аббас баса белгиленишинче, Бириккен Араб Амирликтеринин яхудийлер менен мамилелерди нормалдаштыруу келишиминдеги проблема – Амирликтер араб мамлекеттеринин демилгесине шайкеш эмес абалда келишим түзгөнү. Араб мамлекеттеринин демилгесинде нормалдаштыруу артынан 1967-жылы басып алынган аймакта «тынчтык акысына жер» негизинде Фалестин мамлекетин куруу камтылган. Ал: «Эгер, Фалестин маселеси чечилсе, ар бир араб мусулман «Израиль» менен мамилелерди нормалдаштырышы мүмкүн болот, буга тоскоолдук жок», – деди. Анын мындай сөздөрүнөн жана берүүлөрүнөн ал Американын «эки мамлекет» долбооруна кандай берилгендиги, бул долбоорду Фалестин калкынын жана бардык фракциялардын каалоосу катары көрсөтүүгө урунуп жатканы ачык-айкын көрүнүп турат!

Хамас кыймылынын пикири да конференция жөнүндөгү сунушка шайкеш келүүдө. Ушул кыймылдын саясий бөлүмүнүн төрагасынын орун басары Салих Арурийдин бул сөздөрү ырастап турат: «Бул конференцияда негизинен Фалестин маселеси каралат. Ушул жолугушуубуз Фалестиндин бүтүндүгүн куруудан баштап, баскынчылыкка чекит коюуга, эгемендүүлүк жана улуттук көз карандысыздыкка жетүүгө, борбору Куддус болгон эгемен Фалестина мамлекетин курууга жана №194-резолюцияга ылайык качкындарды кайтарууга кызмат кылат». Ал эми, Исламий Жихад кыймылы жолугушууга катышып, аны алкыштап, ал жерде айтылгандардын ийгилигин талап кылган болсо да, бирок, «эки мамлекет» долбоорунан өзүн алып качты жана билдирүү берип, «деңизден дарыяга чейинки Фалестинди талап кыларын, анын ыйык топурагынын бир уучунан да баш тартпашын» баса белгиледи.

  • Фалестин калкынын мыйзамдуу өкүлү катары эсептелген Фалестина Азаттык Уюмунун ролу кеңейтилиши жана бекемделиши:

Жолугушууда Фалестин жетекчиси болжол менен бир сааттык сөзүндө бир нече ирет Фалестин Азаттык Уюму ролуна этибар каратты. Анын араб мамлекеттерине жолдогон баяндамасында мындай сөздөр келген: «Эч кимдин биз жөнүндө сүйлөөгө акысы жок, биз гана сүйлөйбүз, арабдар болсо, биз аркылуу жана биздин позициябыздан келип чыгып сүйлөшү мүмкүн. Фалестин маселесинде биз гана сүйлөйбүз, фалестиндиктердин атынан биз сүйлөйбүз. Өстүк, улгайдык дей албай турган убакыт артта калды, эми бирөөнүн өкүлдүгүнө да, коргоосуна да муктаж эмеспиз дешибиздин убагы келди. Биз өзүбүздү, өз маселебизди жана элибизди коргоого кудуреттүүбүз». Өлкө ичиндеги баяндама фракцияларды камтыды. Азаттык Уюмунун кантип түзүлгөнү, «күрөш» тарыхы, анын чыныгы жана негиздүү уюм болуп, эч ким андан өтүүгө же ага альтернатива болууга ылайык эместиги айтылды. Азаттык Уюму Фалестин калкынын бириктирген рухий үйү экендиги, бардык журтташтар жана фракциялар аны коргошу, бекемдеши жана бардык фалестиндиктер менен диаспораларды бир мекенде өз кучагына алышын камсыздоо үчүн аракеттерди бириктириши керектиги баса белгиленди.

Ушул баяндамага Хамас төмөнкүдөй жооп кылды: «Фалестин Азаттык Уюмун кайра курууну жана оңдоону тездетүү керек. Уюм бардык фалестиндиктерди жана фракцияларды жамдаган рамкага о.э. ар бир фалестиндиктин укуктук өкүлүнө айланышы зарыл».

Салих Арурийдин айтымында, конференциядагы эң көзгө көрүнгөн натыйжа, «Фалестин калкты беш апта ичинде Азаттык Уюмуна бириктирүү үчүн келишилген вазыйпаларды аткаруу керек». Ал кошумчалашынча, «ушул жолугушуу бардык фалестиндик мекендешти Азаттык Уюму байрагы астында ойгонушу үчүн жаңы кадам болушу керек».

Исламий Жихад кыймылынын позициясы да Хамастыкынан айырмаланбады. Себеби, ал да «Фалестин Азаттык Уюму бардык фалестиндик күчтөрдү камтышы жана өкүлү болушу үчүн келишилген принциптерге ылайык аны кайра түзүүгө жана активдештирүүгө» чакырды.

  • Келишим:

Фалестин режиминин жетекчиси Аббас «иш-аракетти ушул жерден баштайбыз» деп, жолугушууну бөлүнүүгө чекит коюунун биринчи кадамы катары баалады. Жолугушууда бөлүнүүгө чекит коюуга о.э. келерки парламент жана президенттик шайлоолор аркылуу улуттук кызматташууга чакырды. Ал Газада мамлекет жок экенин жана Газасыз да мамлекет жок экенин баса белгиледи. Аббас сөзүнүн аягында белгилүү бир мөөнөттө жана баарынын катышуусунда бөлүнүүгө каршы күрөшкө о.э. кызыкчылыктарды жүзөгө чыгарып, улуттук кызматташтыкты өнүктүрүүгө чакырды. О.э. ал Фатх жана Хамастан «бир калк жана бир саясий түзүм» принцибине ылайык бөлүнүүгө чекит коюу механизмин макулдоо үчүн диалог баштоону талап кылды.

Жолугушууда каралган ушул маселелердин негизгилерине көңүл бурсак, Фалестин режими жолугушуудан ушуларды максат кылып жатканын көрөбүз:

  • «Эки мамлекет» долбоорун бардык фракциялардын талабына айлантуу, бул долбоорду ишке ашыруу жеңил болушу үчүн аны бардык фалестиндиктердин жалгыз талабы катары көрсөтүү жана Фалестин маселесин жок кылуу. О.э. Фалестин режими өзүнүн кыянат баткагына Жихад жана Хамас кыймылдарына да тартмакчы. Бул кыянат мубарек Фалестин жеринин чоң бөлүгүнөн баш тартууну жана Фалестин маселесин жок кылуу үчүн Американын «эки мамлекет» долбооруна ылайык аракет кылууну камтыйт.
  • Азаттык Уюмунун ролун кеңейтүү жана аны бардык фракцияларды, Хамас жана Жихад кыймылдарын бириктирген жалгыз уюмга айлантуу о.э. «Фалестин калкынын мыйзамдуу жана бирден-бир өкүлү» деген пикирди бекемдөө. Себеби, Фалестин маселесинин акыдавий жана исламий түсүн жок кылып, аны жан берүүчү саткын уюмдун кичине маселесине айлантуу, ушул аркылуу бул маселени жок кылуу аркылуу яхудий вужудунун кызыкчылыгын бекемдөө көздөлгөн.
  • Азаттык Уюмунун бөлүнүүгө алакасы жок, биримдик тарапкери кылып көрсөтүү. Шайлоолор Батыш долбоорлоруна кызмат кылган режимдерден башкасын алып келбейт.

Бул жолугушуу да Фалестин маселесин жок кылуу үчүн режимдин бир катар тил бириктирүүлөрүнүн бири экенине таптакыр күмөн жок. Түпкүлүгүндө, оппозиция фракциялар жолугушууга катышпашы керек эле, Батыш жана анын саткын режимине, долбоорлоруна, айрыкча, «эки мамлекет» долбооруна ишенбөөлөрү, аны алкыштабалоолору, анда айтылган нерселерге кошулбоолору шарт эле. О.э. алар мындай саясий капкандан этият болуп сактанышы керек. Антпесе, ушул капканга алардан мурун Азаттык Уюму түшкөндөй түшүп жана ачык зыян көрүүчүлөрдөн болушу мүмкүн. Ошондо аңдап карашса, Батыштын пландарына жана долбоорлоруна ылайык кадам таштап жатышканына күбө болушат. Ушул себептен улам, алар өз мурабиттиктерине жана жихаддарына амал кылышы зарыл. Балким, Аллах Умматка бүткүл армияларды аракетке келтирип, яхудий вужудун түп тамыры менен кулатуу менен Фалестинди жана мусулмандарды анын жамандыгынан куткаруучу калыс бир имам-халифаны тикелешине уруксат берер.

 

Роя гезити, №303, 2020-жыл, 9сентябрь.

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here