Америка жана ыдыроонун жаңы факторлору

251
0

Америка жана ыдыроонун жаңы факторлору

(Бешинчи бөлүк)

 

Устаз Хамд Табиб – Байтул Макдис

Мурунку баяныбызда АКШны курт сыяктуу кемирип жаткан ыдыроо факторлорунун бешинчисине токтолгонбуз. Бул фактор: Америка чөйрөсүн курчап алган таптык бөлүнүү жана экономикалык өкүмдарлык, өзгөчө, байлыкка жана базарларга бир пайыз класстын о.э. финансылык мекемелердин өкүмдарлыгы.

АКШ экономикасына, арийне, саясий турмушка жана өлкөдөгү иштерди башкарууга өкүмдарлык кылып жаткан бул класс америкалык жумушчулар классына көп кыйынчылыктарды алып келди. Америка түзүлгөндөн бери абал ушундай уланып келет, ушул күндөрдө да Америка калкы базарлардагы өкүмдарлыктан азап тартууда. Эмгек базарлары болобу, товар жана зарыл болгон кызматтар базары болобу, же болбосо башка базарлар болобу айырмасыз, баарында адамдар кыйынчылыктарга учурашууда. Мындай өкүмдарлык, кен-байлыктарды талап-тоноо жана жакыр класстын канын соруу аздык кылгандай, бул өкүмдар класс маал-маалы менен жүз берип жактан – мисалы, 2008-жылы жүз бергендей – экономикалык кризистердин жүгүн катардагы калктын желкесине жүктөп жатат. Мисалы, федералдык өкмөт ушул кризистердин көпчүлүк жүгүн салык төлөөчүлөргө т.а. жумушчуларга жана жакыр класска жүктөп жатат. Салыктар өкүмдар бир пайыз класстын ири компанияларын банкрот болуудан куткарууга сарпталууда. Мунун акыбетинде ушул класска жана анын экономикалык зомбулугуна каршы Америка көчөлөрүндө өтүп жаткан нааразылыктар дагы да  күчөдү. 2011-жылы миллиондогон америкалыктар демонстрацияларды уюштуруп, Уолл-Стриттеги финансы жана бизнес мекемелерин жок кылууну о.э. АКШдагы экономика ири байлар тарабынан башкарылышын токтотууну талап кылышты. Үстүбүздөгү 2020-жылы Миннеаполис окуясында бул нааразылык кайра жаңырды. Адамдар тектик кемсинтүүчү мыйзамдардын бекер кылынышын талап кылуу менен бирге экономикалык адилетти да талап кылышты. Ушул көрүнүштү күзөтүп жаткан киши ушуга ынанат: АКШда ушул талаптар күндөн-күнгө күчөп, жакырлардын байларга өчүгүүсү улам күчөп барууда. Ар кандай убакта, өзгөчө, коронавирус пандемиясы себептүү экономикалык абал бузулган убакта, бирер жарылуу болушу ыктымалдан алыс эмес.

6 – Кошмо Штаттарды бириктирип турган мыйзамдар о.э. штаттардын губернаторлоруна берилген ыйгарым укуктар.

Бул нерсе федералдык өкмөттүн коронавирус пандемиясына каршы күрөшүү саясатында ачык-айкын көрүндү. Штаттардын губернаторлоруна берилген саясий жана административдик укуктар айрым губернаторлорду президент Трамптын токтомдоруна бир нече ирет каршы чыгууга үндөдү. Коронавирус пандемиясы учурунда болгондой, тартипсиздиктер убагында Трамп армияны штаттарга жайгаштырууга чакырганда губернаторлор каршы чыгышты. Нью-Йорк губернатору Эндрю Куомо президенттин штаттагы карантин эрежелерин коопсуз болбогон таризде токтотуу туурасындагы буйруктарын аткаруудан баш тартты. О.э. Виржиния штатынын губернатору Ральф Нортэм Коргоо министри Марк Эспердин 3000дөн 5000ге чейин улуттук гвардия күчтөрүн борбор Вашингтонго жиберүү талабына каршы чыкты.

Мындай карама-каршылык федерация ичинде бирер күчтүү силкинүү жүз берсе, ири козголоң чыгары анык экендигин эскертүүдө. Айрыкча, учурда чоң штаттар федералдык өкмөттөн бөлүнүүгө чакыра башташты, Калифорния штатында болгондой. Бул маселени жогорудагы пункттарда айтып өттүк.

7 – Ыдыроо факторлорунун дагы бири – АКШдагы калктын демографиялык курамынын о.э. диндер жана тектердин түрдүүлүгү.

Америка Кошмо Штаттары тарыхында болуп жаткан ушул жарылуулар өлкө ичинде экономикалык жана саясий абал бузулганда шексиз ири козголоңдор жүз беришин эскертүүдө. Бөлүнүүнү талап кылган тектик штаттардын санынын көбөйүшүнүн ыктымалы бар. Буга испан тегине таандык элдер жашаган Калифорния сыяктуу штаттар мисал болот. Себеби, экономикалык себептер о.э. үрп-адаттарга жана пикирлерге байланыштуу башка себептерге ылайык, ал жерде адамдар көп ирет федерациядан бөлүүнү талап кылышкан. Бул штаттардын бөлүнүү чакырыктарына Трамп алып барып жаткан тентек саясаттар да кошумча болууда. Анын үстүнө бул штаттын калкы Трампка каршы экенин жана Демократтар партиясын колдоосун этибарга алганда, 2020-жылдын шайлоо кампаниясында атаандаштык өтө катуу болууда.

АКШга бөлүнүү жана ыдыроо менен коркунуч салып жаткан нерселердин негизгилери мына ушулар. Бул факторлор Америкадагы коомдун денесин курттай кемирип, акыры сыртка чыкты. Мисалы, финансы жана бизнес мекмелерин жок кылуу, ири байлардын АКШ экономикасын башкарышына чекит коюу, Кошмо Штаттардын мыйзамдарында адилеттик жана теңдикти – айрыкча, кара түстүүлөр жана башка тектердин теңдигин – камсыздоого чакыруулар мына ушул факторлорду жаркын көрсөтүүдө. Штаттарда бөлүүгө чакырыктар ачык-айкын айтылууда, мисалы, Аляскада, Калифорнияда, Техаста, Түштүк Каролинада жана Вермонтто. 2017-жылы «Рейтер» маалымат агенттиги өткөргөн сурамжылоодон америкалыктардын төрттөн бири бөлүнүүнүн тарапкери экени маалым болду. «Рейтер»дин андан мурдагы сурамжылоосу да америкалыктардын 23 пайызы өз штаттарынын АКШдан бөлүнүп чыгышын колдошун же каалоосун көрсөткөн.

Кимде-ким Америка коомундагы адамдарды өз ара байлап турган алакалардын чабалдыгына, штаттарды мыйзам аркылуу байлап турган алаканын күчсүздүгүнө, өлкө экономикасынын кыйраганына, тектердин түрдүүлүгүнө жана тектик пикирдин мабдаий пикирден үстөмдүгүнө, эки ири партиянын жана азыркы президенттин тектик бөлүү саясатын алып барып, америкалыктар ортосундагы бөлүнүүнү кеңейтип жатканына, түрдүү социалдык, саясий жана мабдаий илдеттер өтө оор экенине назар салса, ушул федерациядагы бузулуу кандай олуттуу экенине жана күндөн-күнгө татаалдашып бара жатканына күбө болот. Акыбетте Америка коому ойрон болуп, элүү штатты байлап турган алака үзүлүп бара жатканын көрөт.

Бул жаатта саясатчылардын, экономисттердин жана муфаккирлердин ушул федерациянын ойрон болушун, кудум Советтер Союзу ыдырагандай ыдырашын эскерткен сөздөрү жана китептери пайда болду. Бул сөздөрдүн бирин америкалык саясий серепчи Кевин Зисий өзүнүн «Америка империясы жан берип жатат» деген макаласында айтты: «Биз анын кулашын – эгер ал жүз берсе – дүйнөгө о.э. Кошмо Штаттар калкына мүмкүн болушунча азыраак зыян жеткиришине себеп боло тургандай кылууга аракет кылышыбыз керек».

2003-жылы америкалык жазуучу Эммануэль Тодд «Империядан кийин» деген китеп жарыялады. Тодд китебинде АКШ империясынын кубаты сынып бара жатканын о.э. эл аралык саясатта эң негизги кубат болуу касиетин жоготуп жатканын айткан.

2016-жылы июлда жазуучу жана кинорежиссёр Майкл Мур бир макаласында мындай деди: «Трамптын шайлоодо жеңип чыккандыгы адам укуктарынын тарапкерлеринин о.э. кемсинтүүгө жана текчилдикке каршы тургандардын үмүттөрүн жокко чыгарды. Калкынын саны жагынан да, АКШ казынасын каржылоо жагынан да эң чоң штат болгон Калифорния 2015-жылы августта «Жашасын Калифорния» деген комитет түзүп, 2019-жылдын башында референдум өткөрдү жана бул референдум ушул штатты федералдык штаттардан мыйзамдуу түрдө бөлүнүп чыгууга алып баруучу узун жолдун башталышы болду».

 

Роя гезити, №303, 2020-жыл, 9сентябрь.

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here