БУУ 176 млн адам жакырчылыкка дуушар болорун билдирди

246
0

БУУ 176 млн адам жакырчылыкка дуушар болорун билдирди

БУУнун өкүлү Оливье де Шуттердин айтымында, дүйнө жүзүндө 176 миллион адам жакырчылык коркунучунда.
Анын отчётунда келишинче, көптөгөн мамлекеттер пандемия доорунда жарандарды колдоо боюнча кыска мөөнөттүү чараларды кабыл алды, а бирок, бул жетиштүү эмес.
Ал: “Күнүнө 3,2 доллардык базалык жакырчылык деңгээлинен пайдаланыла турган болсо, дагы 176 миллион адам жакырчылыкка дуушар болушу мүмкүн”, – деди.
Шуттер мамлекеттерди жакырчылык жана теңсиздикти жок кылуу үчүн олуттуу чараларды кабыл алууга чакырды. Анын айтымында, бул кризистен кыйгап өтүү мүмкүн эмес, кризис адамзатка олуттуу таасирин тийгизет.
Айтылышынча, дүйнө жүзүндө көп балалуу үй-бүлөлөр запастарын түгөтүп болушуп, оор абалда калышкан.
Комментарий: Бүгүнкү күндө дүйнө калкы дуушар болуп жаткан жакырчылык, ачарчылык жана согуштарга капитализм себепкер экендиги анык. Расмий отчёттордо келишинче, оор экономикалык абал себептүү ар бир секундда бир адам каза болууда. Дүйнөлүк банк, Эл аралык валюта фонду жана башка сүткордук негизинде түзүлгөн эл аралык каржы уюмдары менен БУУ капитализмдин негизги куралдары болуп эсептелишет. Ушул уюмдар өнүгүп келе жаткан мамлекеттерди начар абалда кармап туруу аркылуу бир ууч адамдар болуп көрбөгөндөй деңгээлде байышына кызмат кылышат. Капиталисттер материалдык пайдага ээ болуу максатында ушул сыяктуу экономикалык кризис жана ачарчылыктарды жасалма түрдө пайда кылышат. Бүгүнкү күндө пандемия шылтоосу менен дүйнө калкын негизги тиричилик булактарынан ажыратып, карантиндик чараларга мажбурлоосу, “үчүнчү дүйнө” мамлекеттериндеги күнүмдүк кирешесин күндө иштеп табуучу калкты ачарчылыкка жакындатып койду. Бул мамлекеттер бюджеттеги дефицитти жабуу үчүн кайрадан ошол сүткор уюмдардан карыз алууга мажбур болушту. Мына ушул иштердин башында турган БУУ дүйнө калкын жакырчылык жана ачарчылык күтүп турганын айтып, аларды бул балээден “куткармакчы” болууда.
Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here