Мэрия: Бишкекте вирус жуктуруп алуу коркунучу жогору

259
0

Мэрия: Бишкекте вирус жуктуруп алуу коркунучу жогору

Бишкекте коронавирус жуктуруп алуу коркунучу жогору бойдон калууда. Бул тууралуу ордо калаанын вице-мэри Татьяна Кузнецова брифингде билдирди.

Кузнецова билдиргендей, ооруну жуктуруп алгандардын 63ү медицина кызматкерлерине өздөрү кайрылышкан. Алар ооруну базар, соода борбору, коомдук транспорт жана кичи автобустардан жуктуруп алган болушу ыктымалдыгын айтышкан..

 Комментарий: Буга чейин республикалык ыкчам штабдын жыйынында вице-премьер Кубатбек Боронов: “Бишкектеги эпидемиологиялык кырдаал тынчсыздандырат, статистика азайган жок. Санитардык эрежелер жакшы сакталбай жатат. Мунун баары кошумча коопсуздук чараларын киргизүү же аларды күчөтүү маселесин кароого алып келет”, – деген эле.

 Белгилүү болгондой, өлкөдө жүз бере турган өзгөрүүлөр, реформа жана башка иш-чаралар негизинен борбордон башталат. Кыргызстанда болуп өткөн эки жолку революцияда да ордо калаа маанилүү роль ойногон. Ошол себептен ар кандай мамлекетте негизинен борборго катуу көңүл бурулат, башкача айтканда, башка аймактарга караганда, борбордо стабилдүүлүктү сактоого көбүрөөк аракет кылынат. Баш калаа көзөмөлдө болсо, башка аймактардагы көзөмөл да бийликтин колунда болот. Айрыкча, “демократия аралчасы” деп аталган Кыргызстандын борбору оппозиция жана башка күчтөр тарабынан өткөрүлүүчү митингдер “очогуна” айланып калган эле. Эми расмий өкмөт коронавирус менен күрөшүү шылтоосунда оппозицияны тыйып турууга, нааразылык акцияларынын алдын алууга аракет кылып, борборго катуу көңүл буруп жатат. Эгерде күздөгү парламенттик шайлоонун алдында оппозициянын каршылыгы күчөп кете турган болсо, өкмөт коронавирус шылтоосу менен борборго эле эмес, бүтүндөй өлкөгө дагы кайрадан карантин киргизүү үчүн алдын ала даярдык көрүп жатат.

Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here