Капитализмдеги бюджеттик система жана анын Кыргызстандагы мисалы
Капиталисттик мамлекеттерде бюджет негизинен салыктардын эсебинен толтурулат. АКШда 90%дан ашса, Европанын көпчүлүк өлкөлөрүндө -+ 100%га жетет. Ал эми Кыргызстанда салыктар бюджеттин 75%ын түзөт. Калган кирешени, гранттар, чет элдик мамлекет жана уюмдардан алган карыз, кредиттер, дивидендден, мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн түшкөн каражаттар толтурулат. Демократиялык бюджет системасы калк үстүндөгү кара булут экенин Кыргызстандын мисалында ачып берүүгө аракет кылалы.
Кыргызстандын бир жылдык бюджети жыл аягында өкмөт тарабынан сунушталып, аны Жогорку Кеңеш бекитет. Маселен, 2020-жылы бюджеттин киреше бөлүгү 163 млрд 710 млн сом, чыгаша бөлүгү – 173 млрд 663,9 млн сом деп бекитилди. Дефицит 9 млрд 953 млн сомду түзүп калды. Жалпы кирешенин – 144 млрд 755 млн сому салыктан түшөөрү белгиленди. Калган бөлүгүн кредит, грант, инвестиция, дивиденд, ижарадан түшкөн каражат толтуруп, суммасы – 28,28 млрд сомду түзөт. Алдыда бюджеттин негизги бөлүгүн түзгөн салыктардын түрүнө токтолобуз.
Кыргызстандагы салыктар кантип чогултулат?
- Кошумча нарк салыгы (НДС) – бул өлкө аймагына ташылып келинген, башка аймакка жеткирилген товарларга салынат. Салык Кодексинде көрсөтүлгөндөй, анын өлчөмү ар бир товардын наркынын 12%ын түзөт. Маселен, сиз бир дүкөн ачып, үй буюмдарын сата баштадыңыз. Бир жылдык товар айлантууңуз 8 млн сомдон ашканда мыйзамга ылайык, НДС салыгын төлөөгө милдеттендирилесиз. Натыйжада салык кызматында НДС салыгын төлөөчү болуп катталасыз жана ар бир айдын 15-күнү отчёт берүүгө милдеттендирилесиз. Эгер отчёт берилбесе кийинки айда 20 миң сом айып пул төлөйсүз. Эгер бир жылдын ичинде төлөбөсөңүз кылмыш жоопкерчилигине тартылуу коркунучу бар. Мындан да кызыгы, ишкер бардык товардын турган баасы үчүн 12% төлөйт. Мисалы, сатылган товардын суммасы 10 млн сомду түзсө, 1 млн 200 миң сом салык төлөйт. Бул товарды сырттан түз ташыган абалда. Эгер, товар өлкө ичинде жеткирип берүүчү башка фирмадан алынган болсо, бул сумма ортодогу айырмадан алынат. Мисалы, 10 млн сомго саткан товарды сиз 9 млн сомго алгансыз. Мындай абалда, 9 млн сомдук товардын НДС салыгын сизге жеткирген фирма төлөгөн болот. Натыйжада сиздин салыгыңыз 120 миң сомду түзүп калат.
Мамлекет бул салыкты сиздин товарыңызды элдин алуусуна шарт түзүп бергени үчүн гана алат. Натыйжада, сиз товардын өздүк баасына 120 миң сом салыгыңызды кошуп коёсуз. Ошентип, 1000 сомдук үтүктү 1120 сомго коюп сата баштайсыз. Түпкүлүгүндө, бул товардын салыгын эл төлөп калат.
НДС салыгынан айрым гана товардын түрлөрү ажыратылбаса, дээрлик баарынан алынат. НДСтен ажыратылган товарларга негизинен, аскердик куралдар, айыл-чарба азыктары, илимий китеп-журналдар кирет.
Жыйынтыктап айтканда, сиз бир айда орточо 20 миң сомдук соода кылуу менен мамлекетке 2400 сом НДС салыгын төгөсүз. Жалпысынан НДС салыгынан жылына 67,4 млрд сом чогулат. Бул өлкөдөгү салыктардын 48 пайызын түзөт.
- Акциздик салык – бул белгилүү товарларга киргизилген салыктар. Негизинен, алкоголдук ичимдиктер, тамеки, нефти сыяктуу товарлардан жыйналат. Өлкөдө акциздик салыктан жылына 28,4 млрд, сом жыйналат.
- Эл аралык соода жана операциялардан түшкөн салык – буга Бажы төлөмдөрүнөн алынган салыктар, ЕАЭБ аймагына кирген товарлардан алынган салыктардын 1,9% үлүшү кирет. Салыктын бул түрүнөн жылына 22,7 млрд. сом чогулат.
- Киреше салыгы (подоходный налог) – Жеке адамдын жылдык же айлык кирешесинин 10%ы алынат. Маселен, сиз бюджеттик мекемеде 20 миң айлык менен иштесеңиз, 2 миң сом киреше салыгын кармап калат. Мындан тышкары, ар кандай утуштардан, лотереялардан уткан жарандардан да алынат. Мындай салыктын түрүнөн Кыргызстанда жылына 11.4 млрд сом чогулат.
- Кумтөрдөн салык – Кумтөр өлкөдөгү эң кирешелүү мекеме болгондуктан, салык чогултууда Кумтөрдүкү өзүнчө каралат. Мында салык дүң өндүрүмдөн алынат. Кумтөрдөн алынган салыктардын суммасы Кумтөрдөгү өндүрүлгөн алтындын 13 пайызына туура келет, тагыраагы, 7.17 млрд сомду түзөт.
- Пайдадан салык – бул ар бир ишкананын кирешесинен алынган салык. Азыр ал 10%. Маселен, компания 2 000 000 сом пайда тапса, 200 000 сом салык төлөйт. Кыргызстанда Бул салыктан жылына бюджетке 6, 27 млрд. сом которулат.
- Сатуудан алынган салык – соода менен алектенгендерден, товардын түрүнө карай 1 пайыздан 5 пайызга чейин алынат. Мындай салыктардан жылына 4, 94 млрд. сом чогулат.
- Башка салык жана төлөмдөр (ар кандай мамлекеттик төлөмдөр, штрафтар, санкциялар, конфискациялар кирет) Мындай салыктан – 3.41 млрд. сом чогулган.
- Мүлк салыгы – бул үйдүн же имараттын түрүнө карай метр чарчысына 4 миң сомдон он беш миң сомго чейин төлөнөт. Бул салыктан жылына 2, 63 млрд. сом чогулат.
- Патент – милдеттүү жана ыктыярдуу патент төлөмдөрүнө кичи бизнес түрлөрү кирет. Мисалы, чач-тарач, компьютердик кызматтар, стомотология, ашкана, ресторан, эс алуучу жайлар ж.б. Ишкерлер жумуштун түрүнө карай 100 сомдон 30 миң сомго чейин салык төлөйт. 2019-жылдан тарта патентке соцфонд төлөмдөрү да кошулган. Бул салыктын түрүнөн жылына 2, 63 млрд. сом чогулат.
- Жерди пайдалануу үчүн салык – бул суу, баалуу металлдарды өндүргөндөр үчүн каралган. Суунун кубуна 200 сомдон берилсе, алтындын он тоннадан ашык запастагыларына 5%, 3 тоннадан 10 тоннага чейинкилерге 3%, 3 тоннага чейинкилерге 1% пайдадан алынат. Мындай салыктан жылына 1. 75 млрд. сом жыйналат.
- Жер салыгы – аймактын инфрастуралык өнүгүүсүнө, жердин иштетилишине карай төлөнөт. Мындай салыктан жылына 1.13 млрд сом чогулат.
Бюджеттин чыгаша бөлүгү
- Мамлекеттик жалпы кызматтар. Буларга эмгек акы, пенсия, пособие, жөлөк пул, шайлоо, кошумча кызматтардын ачылуусу кирет. Өлкөдө бул багытка жылына – 55, 84 млрд. сом бөлүнөт.
- Экономикалык маселелер. Бюджеттен тышкы жана ички карыздарды төлөө үчүн жумшалган каражаттар ушул түркүмдөн. Жылына – 43, 71 млрд. сом коротулат.
- Билим берүү тармагына жылына 37, 81 млрд. сом бөлүнөт. Бул негизинен, жаңы мектептердин курулушуна, эскилиги жеткен имараттарды оңдоп-түздөөгө, кайсы бир бөлүгү мектеп куралдарына жумшалат.
- Социалдык коргоо үчүн жылына 11, 96 млрд. сом коротулат. Социалдык коргоо үчүн бөлүнгөн каражат жөлөк пул, мүмкүнчүлүгү чектелгендер, жакыр үй-бүлөлөр үчүн жумшалат.
- Саламаттыкты сактоого жылына 4, 68 млрд. сом бөлүнөт. Бул каражат жаңы ооруканаларды, медпункттарды салууга, дары-дармек, медициналык шаймандарды алууга жумшалат.
- Эс алуу жана маданий-диний иш-чаралар үчүн жылына 3, 09 млрд. сом коротулат. Алардын негизгилери, көчмөндөр оюндары, белгилүү адамдардын, район-шаарлардын 100 жылдыгы сыяктуу иш-чаралар үчүн жумшалат. Ошондой эле саясий, диний конференция, жыйындарды өткөрүү үчүн да бөлүнөт.
- Коммуналдык кызматтар үчүн жылына 1, 25 млрд. сом бөлүнөт. Бул каражат эскилиги жеткен түтүк, техникаларды алмаштыруу, аварияга туш болгон жайларды оңдоо сыяктуу иштерге жумшалат.
- Айлана-чөйрөнү коргоого жылына 900 млн. сом коротулат. Буга негизинен көчөттөрдү отургузуу, коруктарды коргоо сыяктуу иштер кирет.
Мамлекеттик карыздардын бюджеттеги орду
Учурда Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 4 млрд 481,96 млн долларды же 313 млрд 39,95 млн сомду түзөт. Анын 3 млрд 838,75 млн доллары же 268 млрд 115,40 млн сому тышкы карызга туура келет. 643,21 миллион доллары же 44 млрд 924,55 миллион сому ички карызга тиешелүү.
Ички карыздын негизги бөлүгү же 597.36 млн доллары узак мөөнөттөгү баалуу кагаздарга болгон карыз. Ал эми ички карыздын калган бөлүгүн, казыналык милдеттенмелер, кардарларга болгон карыз, калктын чогулткан каражаттарынын индекси түзөт.
Өлкөнүнүн тышкы карызына келсек, Кыргызстандын 23 өлкө жана эл аралык уюм алдында бересеси бар. Анын негизги бөлүгү же 1 млрд 721.6 млн доллары же 48% Кытайдын Экспорттук-импорт банкынан алынган. Аны төлөй келгенде 2 миллиард 200 миллиондон ашык акча болот. Кытай бул карыздарды түз эле өзүнүн компанияларына Кыргызстандагы ишмердүүлүгү үчүн которгон. Алардын сап башында Датка-Кемин көмөк чордонун, Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолун, Бишкек ЖЭБин курган компаниялар бар. Мындан белгилүү болгондой, Кытай карыз берүү менен өз компанияларынын ишине жеңил шарттарды түзүп берет, экинчиден экономикалык, саясий таасирин кеңейтип барат. Анткени 2,2 миллиард долларды кыргыз тарап 20 жылдын ичинде төлөшү шарт. Эгер карыз көрсөтүлгөн убактысынан бир саат, бир күн кечиктирилип төлөнсө, Кытай тарапка өтүп кетиши, соттук иштер Гонконгдо, кытай тилинде, ошол мамлекеттин соода-сатык палатасынын эрежелери менен жүргүзүлөрү макулдашылган.
Кыргызстандын эл аралык уюмдарга болгон карызы да көлөмдүү орунду ээлейт. Маселен, Дүйнөлүк банкка 648 млн, Азия өнүктүрүү банкына 569 млн, Эл аралык валюта фондуна 161 млн доллар карыз. Бул уюмдар да карызды Кытай сыяктуу эле өз кызыкчылыгын ишке ашыруу максатында берет. Алар аз пайыздуу кредит бергени менен өлкөдөгү мыйзамдарды өзгөртүүгө басым өткөрүшөт. Маселен, электр энергиясынын жана башка тарифтердин баасын кымбаттатууну талап кылат. Натыйжада өлкөдөгү өндүрүштүн өздүк наркы өсүп, чет элдик товарлардын кирип келүүсүнө, конкуренцияга туруштук бере албай калат. Мындан тышкары, алар жергиликтүү өндүрүшкө ссудаларды, жеңилдиктерди бербөөгө чакырат. Мунун баары чет элдик компаниялардын ийгилиги үчүн кылынат.
Көмүскө экономика
Булардан тышкары капиталисттик өлкөлөрдө көмүскө экономиканын айынан бюджет толбой кемирилип турат. Расмий маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда көмүскө экономиканын деңгээли 130 млрд. сомго жетет. Бул жалпы салыктардын дээрлик 90 пайызын түзөт. Расмий эмес сандар мындан да жогору экени талашсыз. Эл аралык эсептерге караганда бизде бизнестин 40% көмүскөдө, ал эми расмий эмес маалыматтар боюнча 60-70% компаниялар ачык-айкын иштешпейт.
Алардын ишмердүүлүгүн жашыруудан максат, салыктардан кыйгап өтүү. Максатын ишке ашырууда алар бийлик өкүлдөрү менен чөнтөктөш болушат. Натыйжада, коррупционерлер атайын схемалардын негизинде иш алып барышат. Ал эми ири мамлекеттерде көмүскө экономиканын ордун монополисттер ээлешет. Алар ири салык төлөөчү катары бийлик менен келишкен абалда майда компанияларды банкротко учуратышат же майда ишканалар банкрот болууга мажбур болот. Монополисттер болсо, бийлик адамдарынын шайлоо чыгымдарын, эс алууларын камсыздап турушат. Мамлекетке кол астындагы кызматкелердин эсебинен салык төгүп турат.
Мына ушундайча, капитализмдеги бюджет элдин эсебинен толтурулат. Бийлик өкүлдөрү болсо болушунча казынадан уурдап калууга, өзүнүн ишкерлик тармагына көбүрөөк бөлүп алууга жандалбас урат. Ал эми бюджетке жеткирбей, көмүскө экономика шылтоосу менен сол чөнтөктөрүн толтурушат.
Мумтаз Маверранахрий