Боронов: Санитардык эрежелер сакталбай жатат, карантин күчөтүлүшү мүмкүн

369
0

Боронов: Санитардык эрежелер сакталбай жатат, карантин күчөтүлүшү мүмкүн

Кыргызстан бийлиги коопсуздук боюнча кошумча чараларды колдонуу мүмкүнчүлүгүн караштырууда. Бул тууралуу вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

Боронов: “Бишкектеги эпидемиологиялык кырдаал тынчсыздандырат, статистика азайган жок. Санитардык эрежелер жакшы сакталбай жатат. Мунун баары кошумча коопсуздук чараларын киргизүү же аларды күчөтүү маселесин кароого алып келет. Жарандар өздөрү кайрылган учурлардын бардыгы эпидемиологиялык топтордун ишинин жетишсиздигин жана алардын кемчиликтерин күбөлөндүрүп турат”, – деди.

7-июнга карата Кыргызстанда коронавирус жуккандардын жалпы саны 2007ге жеткен болсо, анын 395и дарыгерлер. Жалпысынан бүгүнкү күнгө чейин 1425 оорулуу айыгып, 22 адам каза болгон.

 Комментарий: Кыргызстан быйыл тышкы карызды төлөө үчүн 28 миллиард сом (350 миллион доллар) бөлүшү керек. О.э. бюджеттеги 30 миллиард сомдук (400 миллион доллардан ашык) дефицитти да жабышы керек. Өкмөт бул проблемадан чыгуунун жолу катары дагы кайрадан донор өлкөлөрдөн жаңы карыз алуу жолун тандады. Кыргыз бийлиги коронавирус дүрбөлөңүнөн пайдаланып, эл аралык уюмдар жана мамлекеттер менен 462 млн доллардан көбүрөөк жардам боюнча келишим түздү.

 Мындан тышкары, оппозицияны тизгиндеп турууда жана нааразылык акцияларынын алдын алууда өкмөт киргизген карантиндик чаралар пайдасын тийгизүүдө. Ошол себептен да расмий өкмөт карантин чараларын мүмкүн болушунча көбүрөөк кармап турууга, мүмкүнчүлүгү болсо күздөгү парламенттик  шайлоого чейин узартууга аракет кылат. Эгерде шайлоонун алдында оппозициянын каршылыгы күчөп кете турган болсо, өкмөт дагы кайрадан коронавирус шылтоосу менен адамдарды үйгө камайт. Бороновдун билдирүүсү да ушул жолдогу алгачкы кадамдардан болуп эсепетет. Башкача айтканда, алдын ала эскертип жатат.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here