Батыштын капиталисттик идеология менен ойгонуу тарыхынан

372
0

Батыштын капиталисттик идеология менен ойгонуу тарыхынан

Батыш “динди турмуштан ажыратуу”, тагыраагы “орточо чечим” аркылуу ойгонууга жетишти. Мындай чечимге жетүү үчүн “Реформация”, “Ренессанс” жана “Агартуу” сыяктуу доорлорду басып өттү.

“Реформация” сөзү оңдоо, кайра түзүү, өзгөртүп кайра түзүү маанилеринде колдонулат. Реформация доору негизинен Европа континентинде түптөлүп өнүккөн. Анын келип чыгуусуна аймактагы чиркөөнүн коомдук түзүлүшкө тийгизген басымы себеп болгон. Тагыраагы феодалдык коомдо феодалдар менен чиркөө адамдары адамдардын укуктарын динге жамынып алып тебелеши, чиркөөнү реформалоочулардын келип чыгуусуна негиз болгон. Бул учурда чиркөөлөр Европадагы жерлердин ⅓ бөлүгүнө ээлик кылган. Чиркөө кызматкерлери бул жерлерди иштетүүдө дыйкандардын арзан күчүнөн пайдаланышкан.

Реформаторлордун идеясы чиркөөлөрдүн үлкөн мүмкүнчүлүгүн өнөр жайды өнүктүрүүгө кошууга негизделген. Бул үчүн чиркөөгө берилген чексиз ыйгарым укуктарды элге кайтарып берүү башкы максат болгон.

Реформация доору 13-14-кылымда башталган. Анын негиздөөчүлөрүнүн бири Джон Уиклиф болуп эсептелет. Ал чиркөө кызматкери жана Оксфорд университетинде мугалим болгон. Уиклиф эң алгачкы болуп, Инжилди англис тилине которгон. Чындыгында ага чейин да Инжилди которууга аракеттер көрүлгөн. Маселен, 8-кылымда Епископ Шерборнский Альдгельм алгачкылардан болуп библиянын айрым жерлерин англосаксон тилине которууга урунган. Кийин  падыша Альфред библиянын бир катар тексттерин англис тилине которткон.

Уиклиф католик чиркөөүнө каршы пикирин 1376-жылы Оксфорддогу лексияларында жая баштаган. Уиклифтин теориясына ылайык, дин ишмерлери жана чиркөөлөр жеке мүлккө ээ болбошу керек. Жер жарандык бийлик тарабынан бөлүштүрүлүшү керек. Муну Иса пайгамбар менен анын жолдоочулары эч кандай мүлккө ээ болбогону менен түшүндүргөн. Бул өз кезегинде чиркөө адамдарынын, алар менен чөнтөктөш болгон бийликтегилердин каарын келтирди. Анткени, чиркөө адамдары менен чиновниктер тил бириктирип, библиядагы тексттерди бурмалоо аркылуу калктын жонунан кайыш тилип жашашкан эле. Тагыраагы, алар Ыйык Китепте келбеген тексттерди колдонушуп, элден салык жыйнашкан, дыйкандарды 12-16 саат иштетип акысын аз беришкен. Натыйжада калктын калың катмары эркин кулдарга айланып калган. Ошондуктан, Уиклиф папалыктардын Англияда салык чогултуусуна да каршы чыккан. Ошондой эле адамдар менен Кудайдын арасында эч кандай ортомчу жок экенине чакырып, чиркөөлөргө муктаждык жок экенин айткан. Ал күнөө кылган адамдын чын дилден өкүнүүсү күнөөсүнүн кечирилишине жетиштүү деп эсептеген. Муну менен християнчылыктагы апостол, епископтук даражалардын болушун четке кагып, жазалоо сыяктуу көрүнүштөрүнө каршы турган.  

Уиклифтин акыркы аракеттери библияны улуттук тилдерге которуп, ошону колдонууга чакыруу болгон.  Уиклифтин котормосунун өзгөчөлүгү, ал библияны чиркөө кызматкерлеринин ортомчулугу жок түшүнүү үчүн которткон. Анын пикиринде, християнчылык жайылышы үчүн англис тилине которулууга муктаж болгон. Ошентип, 14-кылымдын аягында Уиклифтин библиясы жолун улоочулары Николас Херефорд жана Джон Первей тарабынан толук которулуп бүткөн.

Анын идеялары калктын жакыр катмарында колдоо тапкан жана Англиядан сырткары Европага, айрыкча Чехияга жайылган. Уклифтин идеясынын сыртка тарашына анын колдоочулары тарабынан уюштурулган 1381-жылдагы көтөрүлүш себеп болгон. Тагыраагы Англиядагы Чехиялык студенттер анын идеясын өз өлкөсүнө алып келишкен. Уиклиф 1384-жылы өлсө да 1428-жылы Констанц чиркөөсү тарабынан чыккынчы катары табылып, анын денеси казылып алынып, андан соң өрттөлгөн. Уиклифтен кийинки “реформация” доорунун көрүнүктүү өкүлдөрү Ян Гус, Мартин Лютерлер болуп саналат.

Ян Гус Чехиядагы реформация доорун баштаган лидерлердин бири. Ал да чиркөөдө кызмат кылуу менен бирге Прагадагы университетте студенттерге сабак берген. Ал сабактарында, билдирүүлөрүндө чиркөө кызматкерлерин, феодалдарды, чиновниктерди катуу сындаган. Муну менен чиркөөдөгү ишмердүүлүгүмө салым кошуп жатам деп эсептеген. Анын сабактарына 3 миңден ашык адам катышып турган.

Гус чиркөөгө көр сокурларча ээрчүүдөн кайтарган. Адилетсиз феодалдарды ууруга теңеген. Ар бир адамды жанын тобокелдикке салып болсо да акыйкатты табууга чакырган. Анын ырлары окуучулары тарабынан элге таркатылып, чиркөө дубалдарына илинген. 1408-жылы Густун шакирттери куугунтукталып, камала баштаган. Бир жыл өтпөй Александр V Густу жазалоо чечимин чыгарат. 1414-жылы Гус Рим католик чиркөөсүн бириктирүү иш чарасы үчүн Констанц чиркөөсүнө чакыртылган. Ал жерде чыккынчылык күнөөсү тагылып, камакка алынган. Ага король тарабынан да, архиепископтор тарабынан да сөзүнөн кайтса бошотулаары сунушталган. Бирок ал өз позициясында акырына чейин тураарын билдирген. Натыйжада 1415-жылдын 6-июлунда шакирти Иерон Пражский менен бирге өрттөлүп өлтүрүлгөн.

Ян Густун өрттөлүшү Чехияда гуситтер кыймылынын түзүлүшүнө негиз болгон. Бул кыймыл радикалдуу кадамдарга барып, католиктерден реформа талап кылып, Ыйык Рим империясына каршы согуш баштаган. Бирок, жеңилүүгө учурап, умеренный гуситтер католиктерге кошулуп кеткен. Реформация доорунун андан ары өнүгүшү Германиялык Мартин Лютердин ишмердүүлүгүнө байланыштуу.

Лютер Германиядагы чиновниктердин үй-бүлөсүндө туулган. Ал чоңойгондо ата-энеси юридикалык билим алуусу үчүн университетке тапшыртат. Кийин атасынын каршылыгына карабай теология багытында билим ала баштайт. Бул багытта докторлук даражага чейин жеткен. Лютер реформациялык иштерин папа Лев Xдун жарлыктарына каршы күрөшүү менен баштаган. Ал Виттенберг университетинде элдин алдында папа Лев Xдун жарлыктарын өрттөп, анын зулумдугуна каршы күрөшүүгө чакырган. Себеби, Германиядагы жакырлык калктын чыңалуусун күчөткөн. Анткени, чиркөөлөр ээлик кылган жерлерин арзан күч, жана салыксыз иштеткен. Алар өндүргөн жерлерден чыккан товарга карапайым дыйкандардын товары атаандаша алган эмес. Ошондой эле Ватикан чиркөөлөрдөн үлкөн акча жыйнап кеткен. Ал эми Ватикандын аркасында Карл V турган. Мына ушул жагдайлар Лютердин 95 тезисти жазуусуна себеп болгон. Анын билдирүүсү таркаганда Карл V Лютерди Ворм рейхстагына алып чыгып, жолунан кайтууга чакырып 2 күн мөөнөт берген. Бирок, Лютер өз жолунан кайтпай турганын билдирген соң, сүргүнгө айдалган. Бирок аны тарапташтары жолдон алып качып, чиркөөгө бекитишкен. Ал жерде Лютер библияны немис тилине которуу менен алектенген. Ал эми Лютердин жолдоочулары расмий бийликке катуу талаптарды коюп, чиркөөнүн таасирин жоюуга чакырышкан. 1523-жылга келип, Ульрих фон Гуттен жана Франц фон Зиккинген жетекчилигиндеги рыцарлар Лютердин идеясын колдоп, бийликке каршы көтөрүлүш баштаган.  Лютер буга чейин өз идеясын тынч жол менен ишке ашыруу позициясында болгон. Бирок, рыцарлардын көтөрүлүшү бул позициядан кайтууга аргасыз кылган. Көп өтпөй, Германияда крестүүлөрдүн ортосунда эки жылга созулган согуш башталган. Согуштун жыйынтыгында реформаторлордун багыты протестанттык дин катары таанылган жана Аугсбургда эки тараптуу келишим түзүлгөн. Бул учурда Карл V тышкы саясат менен алектенип, Усманий халифалыктын айрым аймактарын басып алган жана Франциянын үстүнөн жеңишке жеткен. Лютер 1546-жылы дүйнөдөн кайткан жана анын шакирттери протестанттардын арасында биримдикти сактай алган эмес. Кийинки доордогу ойчулдардын бири Макс Вебердин айтымында, Лютердин ишмердүүлүгү реформация доорунун өнүгүшүнө эле эмес, капиталисттик идеологиянын калыптануусуна негиз салган.

1547-жылы Карл Vтинн армиясы протестанттардын борбору болуп калган Виттенберг шаарын басып алган. Бирок, бул убакта протестантизм дин катары калктын калың катмарына сиңип кеткен эле. 1552-жылы протестанттар Франция падышасы Генрих II менен бирге императорлукка каршы согуш баштаган. Натыйжада Аусбург рейхстагында келишим түзүлүп, протестанттар империянын ичинде өз идеясын жаюуга мүмкүнчүлүк алышкан жана аймактык жетекчилер өзү каалаган диний багытты колдонушкан.

Реформация доору Вестфалия союзунун түзүлүшү менен аяктаган. Бул биримдик 1648-жылдагы Мюнтерс жана Оснабюркс келишимдери аркылуу калыптанган. Муну менен Ыйык Рим империясындагы отуз жылдык жана Испания менен Голландиянын ортосундагы 80 жылдык согуш аяктаган. Вестфалия союзу Европада жаңы түзүлүштү калыптандырып, мамлекеттерге суверендүүлүк берген. Келишимдер Ыйык Рим Империясын (Германия, Италия, Чехия жана Франк падышалыгынын айрым аймактары), Францияны, Швеция, Испания, Нидерланд өлкөлөрүнүн ортосунда түзүлгөн. Келишимге жалпысынан 135 дипломат өз аймагынын кызыкчылыгын коргоо үчүн катышкан. Алардын жалпы максаты християн дүйнөсүндө тынымсыз уланып келген согуштарга чекит коюу болгон. Ошондой эле католик жана протестанттык чиркөөлөрдүн ортосундагы жер бөлүшүү чырын токтотуу болгон. Католиктер менен протестанттарга Аугсбургда 1555-жылы келишилген ыйгарым укуктар берилди. Тагыраагы, ар бир шаар өзүнө ылайык диний багытты тандап алат. Ошондой эле шаардагы жеке адамдардын ишенимине да эркиндик берилди. Мындан тышкары, Ыйык Рим империясына кирбеген бир катар жаңы өлкөлөр пайда болду. Германиянын императорлук макамы башка падышалыктар менен теңдештирилди. Тышкы саясатты да өз алдынча жүргүзө турган болушту. Жыйынтыктап айтканда, бул доордо чиркөө турмуштагы проблемага чечим берүүгө аралашпай турган болду жана адамдар өзүнүн багытын белгилөө эркиндигине ээ болушту.

Ренессанс (кайра жаралуу) доору

Ренессанс доору реформация доорунун аягында параллелдүү түрдө XIII-XVII кылымды камтыйт. Ренессанс сөзү италян тилинде кайра жаралуу деген мааниде колдонулат.

Ренессанс доору Византия империясынын кулашына тыгыз байланыштуу. Византиялыктар Европага качып келгенде антикалык дүйнөгө тиешелүү китепкана, маданий чыгармаларын кошо ала келген. Алардын маданияты европа коомунда жаңы баалуулуктардын, адамдын эркиндигин алга сүргөн институттардын түптөлүшүнө түрткү болгон.  Шаарларда чиркөөгө баш ийбеген илимий-маданий иш-чаралар уюштурулган. XV кылымда китепти басып чыгаруучу станоктун ойлоп табылышы бул иш-чараларды өнүктүргөн. Жаңы басылмалар Европага жаңы маданияттын жайылуусун шарттаган. Бул убакта европа коому кол өнөрчүлөр, соодагерлер, банкирлер жана жеке ишкерлерден түзүлгөн катмардан турган. Ренессанс доору капиталисттик идеологиянын калыптанышына сакофий, илимий жана өнөр жай ачылыштары менен салым кошкон. Маселен, сакофий жактан адамдын ишин жана акылын баалоо пикири калыптанган. Ушуга байланыштуу антикалык дүйнөнүн сүрөт, живопись, адабият жана музыкалары кайрадан өнүккөн. “Ренессанс” термини ушуга байланыштуу. Маселен, Италиялык Пизано, ДжоттоОрканьялар антикалык чыгармаларды жаратышкан. Алар негиздеген идеяларды ренессанстын кийинки өкүлдөрү Леонардо да ВинчиМикеланджело Буонарроти жана Рафаэль Сантилер XV-XVI кылымда өнүктүргөн. Бул мезгилдерде ренессанс идеясын көтөргөндөр коомго адам жаратылышта акылы менен өзгөчө зат экенин, Кудай сыяктуу эле өз ишин өзү жарата алаарын, эркин жана чыгармачыл ойлонуу пикирлерин сиңиришкен. Ошондуктан, алар гуманисттик пикирлерди жаюуда антикалык маданиятты курал катары колдонушкан. Ренессанс доорунун көрүнүктүү идеологдорунун катарында франциялык жазуучу Мише́ль де Монте́нь да бар. Ал “тажрыйбалар” китебинде коомдун абалын жана жеке адамдын өнүгүүсүн изилдеген. Анын көз карашында, адамдар бактылуулук чиркөө айткандай аркы дүйнөдө эмес бул дүйнөдө издеши керек. Монтень тең укуктуулук идеясын көтөргөн алгачкы жазуучулардан болгон жана адамдарды бирөөнү көр сокурларча ээрчүүдөн кайтарып, ар тараптуу өнүгүүгө чакырган. Германиялык Николай Кузанский  да чиркөөнү реформалоо доорунда активдүү иш алып барган. Анын идеяларанын негизин адамдын бул жашоодогу ордун аныктоо түзгөн. Адамга кичине космос деген баа берип, адамдын акылы бул дүйнөдө Кудай сыяктуу рол аткарууга жөндөм берет деп эсептеген. Ал эми италиялык Джорда́но Бру́но бул дүйнөнү чексиз деп эсептеп, жерден башка планеталарда да жашоо бар деген теорияны айтып чыккан. Ал аалам менен Кудайды бир түшүнүк катары көрсөтүүгө урунган. Ошондуктан жаратуучу тууралуу эмес, айлана чөйрөнү изилдөөгө чакырган. Ал Франция менен Англияда университеттерде лекцияларын окуп, философиялык пикирлерин жаюуга аракет кылган. Кийин Венецияга кайтып келгенде християнчылыкка каршы пикирлери себептүү камакка алынган. Жети жыл абакта отурган соң чыккынчы катары өрттөп өлтүрүлгөн. Жогорудагы идеологдордун пикирлеринин натыйжасында коомдун бул дүйнө, андагы адамдын ролу жөнүндөгү көз карашы өзгөргөн. Мындай көз караштын калыптануусуна географиялык ачылыштар, польшалык Николай Коперниктин жердин ааламдагы жана күн системасындагы ордун аныктоосу өз салымын кошту. Каперниктин изилдөөсүн италиялык физик, окумуштуу Галилео Галилей уланткан. Алардын көз карашы католик чиркөөсүнүн кескин каршылыгына дуушар болгон. Ал эми Парацельса менен Везалиянын адамдын анатомиясын изилдөөсү Ибн Синадан кийинки медицинадагы жаңы ачылыштардан болуп калды.

Жан Боден менен Никколо Макиавелли коомдук саясий түзүлүшкө жамааттардын өз ара алакасы жана кызыкчылыгынан турган биримдик катары баа берген.  Анын аркасынан идеалдуу коомдук түзүлүштү курууга аракеттер көрүлгөн. Сэр То́мас Мор болсо 1516-жылы «Утопия» китебин жазып аралдагы мамлекеттин мисалында коомдук түзүлүштүн кандай болушу керектигин көрсөткөн. Анда негизинен учурдагы башкаруу түзүмү жараксыз экени көрсөтүлгөн жана ага альтернативдүү система сунушталган. Ошондой эле атеизмден башка бардык диндерге уруксат берүү сунушталып, сабырдуулукка чакырган.

Жыйынтыктап айтканда, Ренессанс доорунда адамдын акылын иштетүүгө басым жасалган жана анын натыйжасында илимий ачылыштар жасалып, окумуштуулар жаңы секириктерди жасаган. Бул ачылыштар өз кезегинде жаңы ойлоп табууларга шарт жараткан. Мындан тышкары, демократиялык сакофатка да негиз салынган.

Агартуу доору

Агартуу доору 1688-жылы Англиядагы революция менен башталган. Революцияда король  Яков II Стюарт бийликтен кулатылып, бийликке протестанттарды колдогон Вильгельм III келген. Революцияда эки тараптын ортосунда орчундуу кагылышуу да болгон эмес. Анткени, саясий чөйрөнүн дээрлик баары Вильгельм тарапка өтүп кеткен. Бийликтин алмашуусу менен Англияда өнөр-жай революциясы башталган жана тез убакытта державага айланган.

Бул кыймылдын аркасы менен коомдо рационализм (акылдын үстөмдүгү) менен пикир эркиндиги калыптанган. Европада алгачкы жолу илимий ачылыштарды коомдун өнүгүүсүнө, практикада колдонууга шарт түзүлө баштаган. Билим алууга басым жасалып, бринчи жолу аялдар да окутула баштаган.

Агартуу доору Англияда башталса да анын Европага жайылуусуна француз агартуучулар чоң салым кошкон. Алардын көрүнүктүүлөрү Рене́ Дека́рт, Вольтер, Де Монтескьё, Жан-Жак Руссо́, Дени́ Дидро́ Джон Локк  Иммануи́л Канттар болгон. Декарт өзүнүн “Пикирлөө усулу” китебинде акыйкатты акыл жана илим аркылуу табууга чакырган. Бул эмгегинде Жаратуучунун бул дүйнөнү жаратканын жана ага мыйзамдарды бергенин далилдеп өткөн. Бирок, анын көз карашында аалам өз алдынча механизм катары иштейт. Ааламда ар түрдүү материялардан башка эч нерсе жок. Материя болсо майда элементтерден куралып, табигаттагы көрүнүштөрдү калыптандырат деп эсептеген. Декарт аалам, адам, тирүүлүктөн мурунку барлыкты изилдеген метафизика илимине негиз салган. Вольтер болсо християнчылыктын коомду караңгылыкта кармоосуна каршы активдүү күрөшкөн. Ошондуктан, бир канча жолу куугунтукталып, Пруссия, Швецария жана Англияда илимий иштерин улантууга аргасыз болгон. Ал атеисттердин пикирине да каршы турган. Анын көз карашында бул дүйнө Кудай тарабынан жаратылган, бирок адамдын иштерине эч ким аралашпайт. 

Дагы бир француз окумуштуусу Де Монтескьё либерализмди мамлекеттик идеология катары эсептеп, ага теориялык жактан негиз салган. Анын идеяларын Джон Локк, Жан Жак Руссо, Адам Смиттер өнүктүрүшкөн. Монтескьё бийликтин кантип бөлүштүрүлүүсүн түзүп чыккан. Анын сунушу боюнча, бийлик мыйзам чыгаруучу, аткаруучу жана сот бийлиги болушу керек. Аткаруучу бийликтин башында президент же король турушу шарт. Монтескьенин бийликти бөлүштүрүүдөн максаты, аткаруучу бийликтин калкка кыла турган зулумдугун чектөө болгон. Ал эркиндикке – мыйзамда көрсөтүлгөн нерсенин баарын өз ыктыярың менен кылуу деген баа берген. Анткени, эркиндиктерди мыйзам гана кепилдеп берет деп эсептеген. Монтескье башкаруунун үч формасын белгилеген. Биринчиси республикалык башкаруу болуп, бийлик элдин колунда болот. Эл шайлоо аркылуу бийликке таасир өткөрөт. Монархиялык башкарууда болсо, бир адам өзгөрбөгөн мыйзам менен башкарат. Ал эми деспоттук башкарууда мыйзамдар башкаруучу бийликтин кызыкчылыгына карап өзгөрүп турат. Анын мындай системалык түшүнүктөрү АКШнын конституциясын түзүүдө жана франциянын Жарандык Кодекси үчүн негизги булактардан болгон.

Агартуу доорунун дагы бир белгилүү өкүлү франциялык Жан Жак Руссо болуп эсептелет. Ал француз революциясынын атасы лакабына ээ болгон. Руссо өзүнүн идеяларын жаюу үчүн «Жаңы Элоиза», «Эмиль», «Коомдук келишим» чыгармаларын жазган. Анын көз карашында, мамлекет коомдук келишим аркылуу, алардын бийликке катышуусу аркылуу түзүлөт. Мыйзамдар коомдун ыктыярын чагылдырат жана өкмөткө жоопкерчилик тапшырат. Мына ушул мыйзамдар аркылуу эл бийликке аралашат жана салыштырмалуу тең укуктуулукка жетет. Руссо бүгүнкү күндөгү референдум, элдик мыйзам сунуштоо, шайлоочулардын депутаттардын мандатын чакыртып алуу сыяктуу институттарды негиздөө жолдорун иштеп чыккан. Руссо «Жаңы Элоиза» чыгармасында белгилүү динди апийимге теңеген пикирин айткан. Анын айтымында, динге азыраак берилсең ошончолук жан дүйнөнү толкутуп өзүнө тартат жана канчалык көп берилсең өмүрүң коркунуч астында калат. 

Руссо акылга караганда сезимди алдыга койгон. Ошондуктан, анын чыгармалары коомдо абдан таасирдүү болгон. Руссого чейин Франция менен Европада анчалык белгилүү адам болгон эмес. Ал коомдо теңдик болсо гана бактылуулук болот деп эсептеген. Анын пикиринди тең укуктуулук жоголсо бакубаттык да жоголот. Ошондуктан Руссо Франциядагы коомдук катмарларды кескин сындаган.

Дени Дидро белгилүү француз агартуучуларынын бири. Анын көз карашында бул дүйнө бир гана материядан турат. Башкаруу түзүмү үчүн монархияны туура көргөн. Анткени, коомдун көпчүлүк бөлүгү жетекчи топту ар дайым ээрчүүгө мажбур деп эсептеген. Ал өзүнүн чыгармаларында чиркөөгө каршы пропаганда кылган. Анын түшүнүгүндө дин адамдардын көрүүсүнө тоскоолдук кылат. Анткени, алар түбөлүктүү жазадан корккондуктан кароого да арга таба албайт.

Дидронун агартуу дооруна кошкон эң чоң салымдарынын бири энциклопедия жазууну уюштурган. Анын редакторлугу астында 35 томдон турган 28 «Энциклопедия» чыгарылган.

Англиялык агартуучу Джон Локк либерализмдин эң алдыңкы теоретиктеринен болгон. Анын пикирлери Америкадагы революциячылардан баштап Шотландиядагы агартуучуларга чейин таасирин тийгизип турган. Адамдын өнүгүүсүндө акыл, тажрыйба жана сезимдердин орду чоң деп эсептеген. Ал акылды таза доска сыяктуу элестеткен жана аны тажрыйба жана сезүү органдары толтуруу керек деген пикирди карманган. Ошондой эле идеяларды салыштыруу менен пикир пайда болот жана анын акыйкатын табууга акыл жардам берет деген. Локктун көз карашында бактылуулук – бул жан дүйнөгө жаккан амалды кылуу жана канааттандыруу. Ал эркиндикти жеке мүлккө, пикирге жана эркин кыймыл-аракетке ээ болуу деп түшүндүргөн. Ошондуктан, Локк кул ээлөөчүлүк, чиркөө кызматкерлеринин үстөмдүгү, кожоюндук сыяктуу көз караштардын баарына каршы турган. Анын негизги аракети саясий кулчулукка каршы күрөшүү болгон. Ошондуктан, эркиндикти мыйзамдуулук жана адилеттүүлүк үчүн кызмат кылуу деп түшүндүргөн. Локк мына ушул идеялар менен укуктук-демократиялык мамлекеттин, жарандык коомдун калыптанышына негиз салган. Ал алгачкылардан болуп бийликти бөлүштүрүүнүн жаңы усулун сунуштаган. Анын сунушу боюнча бийлик мыйзам чыгаруучу, аткаруучу жана федеративдик бийликтердин арасында бөлүштүрүлөт. Мыйзам чыгаруучу бийлик ар кандай кылмыштарга кандай өлчөмдө жаза берилерин белгилеп берет. Аткаруучу бийлик мыйзамга таянып кылмышкерлерди жазалайт. Федеративдик бийлик сырткы күчтөрдүн чабуулуна каршы согушат жана тынчтыкты белгилейт. Ошондой эле дипломатиялык маселелерди жана биримдиктерге кошулуу кошулбоо маселелерин аныктайт. Локктун пикиринде мамлекет адамдардын эркиндиктерин жана мыйзамдын аткарылуусун кепилдейт. Эгер бийлик ушул эркиндиктерди кепилдебесе калк демократиялык революция кылууга акылуу деп эсептеген. Анын революциялык идеялары Англиядагы 1688-жылы болгон революцияга чоң салым кошкон жана ал окуядан өзү да таасирленген.

Локк християнчылыкты мамлекеттен ажыратуу идеясын көтөрүп чыккан жана бардык адамдардын өз ишенимдерин кармануусуна шарт түзүүгө чакырган. Анткени, ошондо гана мамлекет өз жарандарын талаш-тартыштардан тосуп, соттук адилеттикти камсыздай алат деп ойлогон.

Агартуу доорунун дагы бир көрүнүктүү өкүлү германиялык Иммануи́л Кант. Ал өзүнүн ишмердүүлүгүн эки этапка бөлгөн. Биринчисинде, жаратылышты, анын кантип пайда болуусун изилдеген. Маселен, күн системасынын кантип пайда болгонун изилдеп, аалам бир мезгилде газ абалда болгон деген гипотезага барган. Жаныбарлар дүйнөсүн иликтеп, алардын пайда болуусуна карай класстарга бөлгөн. Ошондой эле адамдардын расага бөлүнүүсүн иликтеген. Экинчи этапта адамдын акылын, түшүнктү, адеп-ахлак, мамлекет жана укук маселелерин караган.

Динди болсо моралдуулук менен бирдей караган. Ошондуктан, аны мамлекеттин ичиндеги субьективдүү түшүнүк катары эсептеген. Ал эми мамлекетке – адамдардын укуктук мыйзамдарга баш ийүү үчүн биригүүсү деген аныктама берген. Ал эми укуктук мыйзамдар зарылдык болгондо өзгөрүп туруусу керек деп эсептеген.

Кант агартуу дооруна – адамдардын өзүнүн күнөөсү себептүү жетиле элек курактагы абалдан жетилген куракка чыгуусу деп баа берген. Анын пикиринде, жетиле элек куракта адамдар өзүндөгү акылдын мүмкүнчүлүктөрүн түшүнүп жете элек болот. Ошондуктан, башкалардын көзөмөлү астында иш алып барат. Агартуу дооруна чейин чиркөө адамдарга көзөмөл орноткон жана адамдар да ага макул болуп жашап келгенин айткан. Мындай көзөмөлдөн революция аркылуу чыгуу керек деп эсептеген.

Агартуу доорунун акыркы идеологдорунун бири Англиялык А́да́м Смит болуп эсептелет. Ал Шотландиялык чиновниктин үй-бүлөсүндө туулган жана Оксфорд университетинде алдыңкы студенттердин катарында билим алган. Ушул эле университетте кийин лекциялар аркылуу өзүнүн идеяларын жая баштаган.

Смит алгачкылардан болуп “элдин байлыгы” китебинде байлыкты бөлүштүрүү системасын түзүп чыккан. Бул китепти жазуу учурунда Европадагы бир катар белгилүү агартуучулар менен жолугуп, маектешкен. Китепте эркин экономиканын өнүгүүсүнө эмнелер тоскоолдук кылып жатканы терең анализденген. Анткени, өнөр жай революциясынын башталышы менен мүлктү бөлүштүрүүнүн системасына зарылдык туулган эле. Ал базар экономикасына негиз салган жана бул идея бүгүнкү күндөгү экономикалык түзүмдүн негизи болуп эсептелет. Анын пикиринде жеке адам коомдун негизи болуп эсептелет. Ошондуктан адамдын жеке кызыкчылыгынын өсүүсү коомдун өнүгүүсүнө түрткү берет. Жеке адамдардын кызыкчылыгынын кесилиши коомдук кызыкчылыкты пайда кылат деп эсептеген. Ошондуктан, Смит жеке мүлктү арттырууга шарт түзүү керек деп эсептеген. Агартуу доорунун аягында Францияда адамдардын укугу боюнча декларация кабыл алынган. Ал эми АКШда көз карандысыздык декларациясы бекитилген.

Жыйынтык пикир

Мындан башка да бир катар агартуучулар Капиталисттик идеологиянын теориясын коомдо калыптандырууга салым кошушкан. Жогорудагы идеологдор түзүп кеткен капиталисттик идеология алгачкы жолу Франциядагы 18-кылымдын аягында болуп өткөн рефолюциядан кийин колдонула баштаган. Франциядагы республикалык революциянын келип чыгуусуна АКШнын Англия колонизаторлугунан боштондук революциясы да таасирин тийгизген. Америкадагы революция Джордж Вашингтон жетекчилигинде ишке ашырылган. Ал эми Дже́ймс Мэ́дисон, Бе́нджамин Фра́нклин сыяктуу идеологдор агартуу доорундагы идеологдордун пикирине таянып 1787-жылы АКШнын алгачкы конституциясын түзүп чыгышкан.

Мына ушул эки революциянын артынан бир катар империялар кулап, ордуна республикалык башкаруу орнотулган. Башкаруу бийлиги мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот институттарынын арасында бөлүштүрүлгөн. Экономика түзүмү жеке секторго негизделип, базар экономикасы калыптанган. Ошондой эле динди турмуштан ажыратуу акыйдасы бекитилип, ар бир мамлекет светтик мамлекет деп атала баштады. Динди турмуштан ажыратуу – бул дүйнө Кудай тарабынан жаратылган, бирок Ал ааламды жараткандан кийин андагы иштерге аралашпайт дегени. Ошондой эле адам бул дүйнөдөгү кылган иш-аракетине акыретте жооп бербейт деп эсептешкен. Ошондуктан, ар бир кылмыштын жазасы сот тарабынан бул дүйнөдө берилиши керек деген принцип пайда болгон. Диндин жашоодогу орду коомду сабырдуулукка, адеп-ахлакка чакыруу гана болуп калган.

Демек, бүгүн өнүккөн мамлекеттер деп жаткан АКШ менен Европа мына ушул идеологияны акыл негизинде түзүп, аны турмушта колдоно баштагандан кийин гана өнүктү. Мына ушул өнүккөн коомду калыптандыруу үчүн Джон Уклифтен баштап Адам Смитке чейинки ойгок адамдар өз жамааттары менен саясий күрөш алып барышты. Бирок булар ойгонуунун туура эмес жолун табышты.

Капитализм менен ойгонуу туура эмес экени жана туура ойгонуу кандай болору тууралуу дагы бир баяныбызда токтолобуз, инша Аллах

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here