Исламий Үммөт биримдиги

439
0

Исламий Үммөт биримдиги

Уламалар жана имам хатибдер Исламий Үммөт бир бүтүн болушу керектигин ар дайым кайталап келишет. Эч бир аалым же имам хатиб исламий үммөт чачыранды болушу керек деп айтпайт. Алар Курани Каримден

وَاعْتَصِمُوا بِحَبْلِ اللَّهِ جَمِيعًا وَلَا تَفَرَّقُوا

Бардыгыңар Аллахтын арканына (Куръанга) байлангыла жана бөлүнбөгүлө!” аятын далил кылып, Аллахтын арканына бекем байланууга чакырышат. Алар ар дайым мусулмандар арасындагы бөлүнүүнү каралап, мунун акыбети жаман экендигине мисалдарды келтиришет о.э. арага мунафыктык жана жамандыктар кирип келишинен эскертишет.

Ушул жерде бир суроо пайда болот, Аллахтын арканына бекем байлануунун жол-жобосу кандай болот, Ислам үммөтү биригүү үчүн эмне кылышы керек? Себеби, “бириккиле, бөлүнбөгүлө, мусулмандар бир бүтүн болушу керек” деп айтуунун өзү менен эле натыйжага жетүү мүмкүн эмес, муну кантип ишке ашыруу жөнүндөгү түшүнүккө ээ болуу зарыл. Мисалы, Бардыгыңар Аллахтын арканына (Куръанга) байлангыла жана бөлүнбөгүлө!!“ деген маанидеги аятты дүйнө жүзүндөгү ар бир өлкө, ар бир шаар, ал тургай, ар бир айылдагы аалымдар жана имам хатибдер кайра-кайра кайталап келишет. Ошого карабастан, Ислам дүйнөсү алтымыштан ашуун мамлекетчелерге бөлүнгөн бойдон жашап келет. Мусулмандар, ал тургай бир күндө орозо кармап, айт майрамын бир күндө белгилөөгө да бириге албай жатышат. Демек, биригели деген сөздүн өзү менен иш бүтпөйт. Тескерисинче, имамдарыбыз жана аалымдарыбыз биримдик жөнүндө сөз кылып жатканда ошол биримдикти жүзөгө чыгара турган, аны коргой турган жана бардык мусулмандардын дилин бири-бирине байлап коё турган вужуд жөнүндө да кеңири түшүнүк бериши керек. Анткени, үммөт ушул түшүнүк аркылуу аракет кылсын жана өздөрүнүн биримдигин камсыздап бере турган ошол вужудду тикелешсин.

Ал вужуд – Халифалык мамлекети. Мамлекет болбосо, мусулмандар эч качан бириге алышпайт,  ал тургай бир маселе үстүндө өз ара талашып-тартышып бөлүнүп кетип жатышканына күбө болуп жатабыз. Демек, эгерде ошол аалымдар менен имам хатибдер чындап эле үммөттүн биримдигин чын дилден каалап жатышса, алар бул биримдикти пайда кыла турган жана үммөттүн бөлүнүп кетишине таптакыр жол бербей турган Халифалык жөнүндө жана аны тикелөө жөнүндө келген хадистерди үммөткө жеткириши керек. Себеби, бул иш Халифалык мамлекети аркылуу гана ишке ашат. Мусулмандар бир Халифага итаат кылмайынча, таптакыр бириге алышпайт. “Халифанын буйругу ихтилафтарды жок кылат” деген белгилүү бир коида бар, муну ошол аалымдар жакшы билишет. Башкача айтканда, Халифа кайсы бир темада бирер өкүмдү табанний кылса ал өкүмгө итаат кылуу бардык мусулмандарга мажбурий болот жана ал бүтүндөй мусулмандардын ортосун байланыштырат. Натыйжада мусулмандар ортосунда биримдик пайда болот.

Көбүнчө мусулмандардын биримдиги жөнүндө сөз болгондо ар дайым мусулмандардын өздөрү бириге албастыкта айыпталышат. Негизи, мусулмандардын биригүүсү табигый, себеби Ислам акыйдасы биримдикти талап кылат. Исламий Үммөттөгү биримдик факторлору ар кандай бөлүнүү жана чачырандылык факторлорунан күчтүү. Ошондуктан да Исламий Үммөт Аллахка болгон ыйманы негизинде өз ара биригип келген. А бирок, бүгүнкү бирикпестиктин себепкери мусулмандар эмес, тескерисинче алардын үстүнө мажбурий шайлап коюлган акимдер. Себеби, алар мусулмандардын биригүүсүнө таптакыр жол беришпейт. Өзүңүз ойлонуп көрүңүз, алтымыштан ашык мамлекетчелерге бөлүп ташталган мамлекетчелердин ортосу чек аралар менен тосулган, мажбурий чектөөлөр коюлган жана мусулмандардын бул мамлекетчелерге уруксатсыз киришине тыюу салынган. Ушундай болгон соң, ортосуна жасалма чек аралар тартылган мамлекеттерде биригүү жөнүндө кандай сөз болушу мүмкүн?

Мусулмандар бирикпейт эмес, тескерисинче алардын биригүүсүнө мүмкүнчүлүк берилбейт. Себеби мусулмандарды азыркыга чейин Исламий пикирлер, Исламий туйгулар бириктирип турат, а бирок акимдер буга тоскоолдук кылышууда. Башкача айтканда, бөлүнүп кетишкен эмес, бөлүп ташталган. Мисалы, сиз Аракандагы, Палестинадагы, Кашмирдеги, чыгыш Түркстандагы, Афганистандагы жана башка өлкөлөрдөгү мусулмандарга жардам бермекчи болсоңуз дароо кылмышкердикте же террорчулукта айыпталасыз.  Мындан тышкары, мусулмандар биримдик тууралуу пикирлеп аракет кыла баштаса дароо фитна уругу себилет. Эгерде бардык мусулмандар бир башчыга итаат кылышса, сиздин оюңузча чачырандылык болушу мүмкүнбү? Ошондуктан, биримдик жөнүндө сөз болуп жатканда мунун кандай жол менен жүзөгө чыгышы жана кандай камсыздалышы жөнүндө да айтылышы керек.

Тыянактап айтканда, мусулмандар мамлекеттерин бир мамлекетке, Ислам Үммөтүн бир Үммөткө айландырып коюучу Исламий башкаруу түзүмү бар болсо гана биримдик жүзөгө чыгат. Чачырандылык жана бөлүнүп кетүүнүн натыйжасында келип чыккан проблемалар да Исламий Мамлекетти тикелөө аркылуу гана чечилет.

Умар р.а.нун бул тууралуу айткан сөздөрү кандай гана маанилүү: «Жамаатсыз Ислам болбос, амирсиз жамаат болбос, итаатсыз амирлик болбос…».

Халифасыз биримдик жок, болбойт дагы. Исламий Халифалыкты тикелөө – бул мусулмандардын биримдиги өзүнөн-өзү кайрадан жүзөгө чыгат дегени. Эгерде, мусулмандар бүгүнкү кор абалынан кутулууну каалашса Ислам мамлекетин тикелөө үчүн аракет кылышы керек. Себеби, мусулмандардын биримдиги Ислам мамлекети тикелениши менен гана жүзөгө чыгат. Мына ошондо

وَاعْتَصِمُوا بِحَبْلِ اللَّهِ جَمِيعًا وَلَا تَفَرَّقُوا

Бардыгыңар Аллахтын арканына (Куръанга) байлангыла жана бөлүнбөгүлө! аятына амал кылынган болот.

Киямуддин Шариф

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here