Дүйнө калкын коркууда кармап турууда пандемиянын орду

367
0

Дүйнө калкын коркууда кармап турууда пандемиянын орду

Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан сыяктуу экономикалык жактан алсыз мамлекеттер пандемияда эл аралык уюм жана жетекчи мамлекеттерден мүмкүн болушунча көбүрөөк карыз алууну көздөшөт. Пандемиянын акыбетинде дүйнөгө же мамлекет жарандарына терс жана зыяндуу таасирлер болушу мүмкүндүгү бул мамлекет башчыларды кызыктырбайт!

АКШ башчылыгында ишке ашырылып жаткан дүйнөлүк пандемия маалыматтык согушу бир топ ири мамлекеттерди Кытайга каршы бириктире баштады. АКШ, Италия, Европадагы бир топ жетекчи мамлекеттер, Англия о.э. Россия да АКШнын бул пандемия дүрбөлөңүнө кошулушту. Бул аркылуу пандемия дүрбөлөңү дүйнөлүк дүрбөлөңгө айланды.

АКШ Кытайды – Ухань шаарында коронавирус тараган кезде олуттуу көңүл буруп, дүйнөнүн пандемия балээсинен сактап калуу үчүн жетиштүү иш-аракеттерди аткарбагандыкта жана пандемия таасирлеринин алдын алуу үчүн эл аралык уюмдарга жардам берүүдөн баш тарткандыкта айыптады.

“Голос Америки” сайтынын жазышынча, апрель айында Флориданын миңдеген тургундары Кытайды сотко беришкен. Алар Кытайдан коронавирус пандемиясы себептүү жеткирилген зыяндарды төлөп беришин талап кылышкан. Кийин Невада, Техаста да тургундар ушундай талап менен Кытайды сотко бере баштаган.

Эл аралык саясат жана дүйнөлүк башкаруу системасы өзгөрүүнүн алдында турат. 2001-жылы 11-сентябрда Нью-Йоркто уюштурулган теракттан кийин дүйнө жүзүндө “терроризм жана экстремизм” дүрбөлөңү күчөтүлгөн. Ушул терминдерден пайдалануу менен эл аралык саясатта өтө чоң өзгөрүүлөр жүз берген. АКШ дүйнөлүк коалиция түзүп, мусулмандар жашаган өлкөлөргө баскынчылык уюштурган. Ирак жана Афганистанды басып алууда миллиондогон адамдар кырылды! Ушул терминдер дүрбөлөңү негизинде өзгөртүлгөн эл аралык саясат Сирияны жер менен жексен кылды. Сирияда да миллиондогон мусулмандар кыргын кылынды жана бүгүнкү күндө да өлтүрүлүп жатат! Миллиондогон мусулмандар качкынга айланып, Европа, Түркия жана башка өлкөлөргө жер которуп, өтө оор абалда калышты.

Эми дүйнөлүк капиталисттик башкаруу системасы – пандемия дүрбөлөңү негизинде – дүйнөнү жаңыча башкаруу стратегиясын иштеп чыкты. Бул ыкма да кудум “ терроризм, экстремизм” дүрбөлөңү сыяктуу адамдарды ар дайым коркууда кармап туруу негизинде иштелип чыкты.

Терроризмге ишенбеген, же болбосо жетекчи мамлекеттердин кызыкчылыгын көздөй жүрүүдөн баш тарткан мамлекет же региондордо атайын теракт уюштурулат эле. Мунун артынан эч кандай соттун чечимисиз миллиарддаган доллар акчалар тоңдурулуп, андан соң конфискацияланат эле, мамлекеттер басып алынып, даватчы топтор жана адамдар жок кылынчу.

“Пандемия” дүрбөлөңү да кудум ушундай ыкмада т.а. адамдарды ар дайым коркууда кармап туруу аркылуу башкаруу негизинде иштелип чыкты. Бирок, мында адамдарды коркууда кармап туруу мүмкүнчүлүгү кеңири масштабдуу болуп, зыяны жана таасири да, “терроризм”ге караганда бир топ күчтүүрөөк. Мында адамдар бир вирустан кутулса, эл аралык саясий кырдаалга карай, андан да кооптуураак вирус же дүрбөлөң  таратыла берет.

“Терроризм”де белгилүү бир мамлекет, топ жана адамдар айыпталып, алар белгилүү бир деңгээлде коомдон четтетилет болчу. “Пандемия” болсо бүтүндөй мамлекеттерди балким дүйнөнү дүрбөлөңгө салды. Пандемия дүрбөлөңү дүйнөдөгү жетекчи мамлекетке өзүнө жакпаган мамлекеттерди эч кандай согушсуз эле экономикалык сенек абалга түшүрүп коюу мүмкүнчүлүгүн берет. Т.а. бүтүндөй бир улут жана мамлекеттерди карантинге алып, аларды дүйнөдөн үзүп коюу мүмкүнчүлүгүн берет.

Тыянактап айтканда, “пандемия” да, кудум “терроризм, экстремизм” сыяктуу эле, ири мамлекеттер үчүн башка адамдардын эркине, мүлкүнө жана мүмкүнчүлүктөрүнө кол салуу үчүн мыйзамдуу шарт түзүп берет!

Абдураззак Муъмин.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here