Касым-Жомарт Токаев: Эпидемиянын экинчи толкуну башталышы ыктымал

335
0

Касым-Жомарт Токаев: Эпидемиянын экинчи толкуну башталышы ыктымал

Эпидемиянын экинчи толкуну башталып кетүү коркунучу бар. Бул тууралуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өзгөчө абалдар боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйынында билдирди.

 Комментарий: Белорустун президенти Александар Лукашенко Россияда чыгарылган коронавирусту аныктоочу экспресс-тесттер жөнүндө, “ооруну так аныктоо деңгээли болгону 30% га барабар” деген эле. Борбор Азия өлкөлөрүнүн жетекчилерине бул тесттер аябай пайдалуу болот. Бул тесттер кырдаалга карай, оорулууларды алар каалаган өлчөмдө аныктап берет. Ал үчүн оорунун белгилери да, адамда температура болушунун да зарылдыгы жок.

 Учурдагы мамлекет башчылары – алардын бийлигине коркунуч пайда болгондо, же оппозиция саясий митингдер аркылуу элди бийликке каршы козгой баштаган кезде – бул тесттер жардамында дагы кайрадан коронавирус дүрбөлөңүн пайда кылып, өлкөдө өзгөчө абал режимин киргизүү менен элди “үй камагына” камап коюшу мүмкүн болот. Бул ыкма сыноодон ийгиликтүү өттү, керек болгон учурда өкмөт дагы кайрадан ушул чараны колдоно берет.

Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here