Фажирликти эмес, ажиздикти да эмес, АЗИЗДИКТИ тандагыла

335
0

Фажирликти эмес, ажиздикти да эмес, АЗИЗДИКТИ тандагыла

Дүйнө боюнча коронавирус пандемия деп таанылган соң, мусулмандар тарабынан ага карата шаръий өкүмдөргө ылайык иш-чаралар кабыл алынышы керек эле. Анткени, мусулмандар ар бир ишинде шаръий өкүмгө амал кылууга буйрулган. Бирок пандемия жаатында, демократия менен башкарылып жаткан мусулман өлкөлөрү шариятка ылайык эмес, бүгүнкү империалисттик куфр системасынын чечимдерине ылайык иш-чараларды кабыл алышты. Мисалы, шарият көрсөтүп берген карантин абалын эмес, империалисттер “сунуш” кылган карантин абалын кабыл алышты. О.э. мунун алкагында жума намаздарына да тыюу салышты. Эч бир талашсыз, жума намазы ар бир мусулманга фарзи айн болуп, ага тыюу салуу күнөө эсептелет.

Мында «соо көрүнгөн кишилер да коронавирус илдетине чалдыккан болуп калышы мүмкүн, бирок, анын симптомдору көрүнбөй калышы ыхтымал. Ошондуктан, бардык адамдардын мечиттерге баруусуна тыюу салуу керек деш туура эмес! Себеби, бул бир да шаръий хужжатка негизделбеген жана ал жөнүндө бирер бир рай да жок! Негизи, жугуштуу илдетке чалдыкканы анык болгон киши мечитке киргизилбейт. О.э. жугуштуу илдетке чалдыкканы күмөн кылынган киши да киргизилбейт, ал эми, башкалар намаз окуша берет. Мындай шаръий өкүмдөргө амал кылынышын тарыхыбыздан да табабыз.

Эң эле жаркын мисал, хижранын 18-жылы, сахабалар (р.а.) доорунда, Шамда Византияга жихад алып барылып жатканда, адамдар тоун (чума) капташына дуушар болгон. Пайгамбар а.с. “Үммөттүн эң аманаткөй адамы” деп сыпаттаган Абу Убайда р.а. мына ошол ооруудан каза тапкан. Акылдууга ишара жетиштүү демекчи, эмесе ошол окуяга көңүлүңүздөрдү өзгөчө бура кетмекчибиз.

لِكُلِّ أُمَّةٍ أَمِينٌ، وَأَمِينُ هَذِهِ الأُمَّةِ أَبُو عُبَيْدَةَ 

Aр бир үммөттүн аманаткөй өкүлү болот, ушул Үммөттүн аманаткөй өкүлү Абу Убайда G

Абу Бакр Сыддык р.а.дан кийин халифалык Умар Фарукка калды. Абу Убайда анын итааттуу жакшы кишиси болду, бир да буйругуна итаатсыздык кылбады, бирок, бир жолу гана итаатсыздык кылды.

Абу Убайда мусулмандар халифасынын кайсы буйругуна итаатсыздык кылганын билесиңерби?!

Бул иш Абу Убайда ибн Жаррох Шам өлкөлөрүндө исламий армияга командачылык кылган учурда жүз берген. Ошондо ал нусрат артынан нусратка жетип, Аллах анын колу менен бүткүл Шам диярын фатх кылып берди, ал чыгыштан Фуратка, түндүктөн Жакынкы Азияга чейин жерлерди фатх кылды. Ошондо Шам өлкөлөрүндө адамдар мурун таптакыр көрүшпөгөн өлөт жайылды. Умар ибн Хаттаб Абу Убайдадан кабатырланып, ага кат менен чабандез жиберүүдөн башка чара таба албады. Катта мындай деди: «Мага сиз абдан керексиз, ордуңузду башка киши баса албайт. Эгер, катым сизге түндө жетип барса, алдыма жетип келүү үчүн улоого минмейинче таң аттырбаңыз, эгер күндүзү жетип барса, ант ичемин, алдыма жетип келүү үчүн улоого минмейин кеч киргизбеңиз». Абу Убайда Фаруктун катын окуп: Билдим, момундар амири мага абдан муктаж, бирок ал киши түбөлүк боло албай турган кишиден түбөлүктү талап кылмакчы деп, мындай жооп жолдоду: «Эй момундар амири, билдим, мага муктаж болуп турасыз. Бирок, мен мусулмандар армиясын жетектеп жатамын жана аларга бирер мусийбат жетсе, өзүмдү алардан алыс санабаймын, Аллах мага жана аларга бирер ишти өкүм кылганга чейин алардан ажыроону каалабаймын. Ушул катым сизге жеткенде, чечимиңизден кайтып, мага ушул жерде калышыма уруксат бериңиз».

Умар G катты окуп, көздөрүнөн мөлтүрөп жаш акты. Анын катуу ыйлаганынан улам тегерегиндегилер – эй момундар амири, Абу Убайда дүйнөдөн кайтыптырбы – деп сурашты. Ал: жок, бирок өлүмгө жакындашыптыр, – деди.

Умардын күмөнү чын чыкты, Абу Убайдага да өлөт тийди. Ал өлүм төшөгүндө жатып, аскерлерине мындай осуят кылды: «Мен силерге ушундай осуят кыламын, аны кабыл алсаңар силерден жакшылык ажырабайт: намазды аткаргыла, Рамазан орозосун кармагыла, зекет бергиле, хаж жана умра кылгыла, бир-бириңерди жакшылыкка чакыргыла, амирлериңерге насаат кылып, аларды алдабагыла, дүнүйөгө алданып калбагыла, анткени киши миң жыл өмүр көргөн тагдырда да, көрүп турганыңардай, мен жетип келген өлүмдөн качып кутула албайт, вассаламу алайкум ва рохматуллох». Абу Убайда ушундай деп, Муаз ибн Жабалга карап: Эй Муаз, адамдарга намазда имам болгун, – деди.

Жогорудан көрүнүп тургандай, ошол учурда мечиттер жабылган эмес, жума жана жамаат намаздары токтотулган эмес. Ошондой эле, мамлекет адамдарды үйүнө камаган эмес. Адамдар күндөлүк тиричилик иштеринен тыйылган эмес. Анда оорулуу адамдарды гана обочолонтулуп, дени сак адамдар тиричилик иштерин жана жихадды улантып, мечиттерге барып, Аллахтан бул ооруулардан арылтышын сурап дуалар кылышкан. Мына ушундайча сахабалар (р.а.) бул жаатагы шаръий өкүмдөр топтомуна амал кылышкан. Алар ушундай амалдары менен азиз болушкан.

Бүгүнкү күндө, Кыргызстанда да жума намаздарга тыюу салынган. Мамлекет бул жаатта жаза-чаралар кабыл алган. Ушуну менен, мусулмандар жума намазы жаатында шаръий үзүрлүү болуп турушат. Ибн Аббас розияллаху анху риваят кылышынча, Набий ﷺ айткан:

«مَنْ سَمِعَ النِّدَاءَ فَلَمْ يُجِبْهُ فَلَا صَلَاةَ لَهُ إلَّا مِنْ عُذْرٍ، قَالُوا: يَا رَسُولَ اللهِ وَمَا الْعُذْرُ؟ قَالَ: خَوْفٌ أَوْ مَرَضٌ»

«Ким азанды угуп, ага жооп бербесе, анын намазы жок. Болгону, үзүр абалы гана мындан сырткары. Сурашты: «Я Расулаллах, үзүр эмне?». Айтты: «Кооп-коркунуч же оору». Т.а. мусулман киши залим аким тарабынан адилетсиз түрдө куугунтукталса, анда үзүрлүү эсептелет. Мисалы, акимдин малайлары жамиъ мечитте аны камакка алуу жана зыян жеткирүү үчүн күтүп турушканына анык ишенсе, же буга күмөнү көбүрөөк үстөм келсе, ал ошол мечитте жума намазын окуудан үзүрлүү болуп эсептелет жана жума намазын окуу үчүн башка мечитти издеши лазым болот. Издөө аракети да пайда бербесе, анда төрт ракаттуу бешим окулат…

Урматтуу мусулмандар, жогорудан белгилүү болгондой, үзүрүбүз үзүр эсептелиши үчүн, бул мункардан арылуунун жолдору изделиши керек. Мисалы, кооп-коркунуч болбогон жайларда жума намаздарын өтөөгө аракет кылышыбыз зарыл. О.э. жума намаздарга тыюу салуу бир мункар болуп, биз мамлекетти ал күнөөсүнөн кайтарышыбыз жана жума намазына урухсат беришин талаб кылышыбыз шарт. Мына ошондо гана, үзүрүбүз үзүргө өтөт. Мына ошондо гана жума намазын өтөбөгөндүк күнөөсү мойнубуздан сакыт болот.

Расулуллах A айтат:

«مَنْ رَأَى مِنْكُمْ مُنْكَرًا فَلْيُغَيِّرْهُ بِيَدِهِ، فَإِنْ لَمْ يَسْتَطِعْ فَبِلِسَانِهِ، فَإِنْ لَمْ يَسْتَطِعْ فَبِقَلْبِهِ، وَذَلِكَ أَضْعَفُ الْإِيْمَانِ»

«Кимде-ким мункар ишти көрсө, аны колу менен өзгөртсүн. Эгер, күчү жетпесе тили менен, тили менен да күчү жетпесе жүрөгү менен жаман көрсүн. Бирок, бул – ыймандын эң алсызы». (Муслим).

Мында “кол менен өзгөртүү” пресс-конференциялар өткөрүү, бийликке делегациялар жөнөтүү, акциялар уюштуруу ж.б.у.с.лар менен болот. “Тил менен” адамдар арасында акыйкатты ачык айтуу, макалалар жазуу, кайрылуулар жолдоо ж.б.у.с.лар менен болот. “Дил менен жаман көрүү” – “фажирликтен көрө ажиздикти тандоо” болот. Ал эми, дүйнөлүк куфр саясатын ээрчип жаткан мамлекеттин аракеттерин колдоп-кубаттоо, ага шарияттан жол таап берүүгө аракет кылуу болсо – бул фажирлик болот.

Расулуллах A мындай деди:

«سَيَأْتِي عَلَى النَّاسِ زَمَانٌ يُخَيَّرُ الرَّجُلُ بَيْنَ الْعَجْزِ وَالْفُجُورِ، فَإِنْ أَدْرَكْتَ ذَلِكَ فَاخْتَرِ الْعَجْزَ عَلَى الْفُجُورِ»

«Инсандарга ушундай бир заман келет, киши ажиздик менен фажирликтен бирин тандашына туура келет, демек, ошол заманга жетсеңер, фажир болуудан көрө ажиз болууну тандагыла».

Ошондуктан, урматтуу мусулмандар, фажирлик эмес, ажиздик да эмес, азиздик позициясын ээлеңиздер. Жума намазынан башка жамаат намаздарына жана Айт намаздарына карата позиция да ушундай болуу керек. Аллах Таала айтат:

﴿وَمَنْ أَظْلَمُ مِمَّنْ مَنَعَ مَسَاجِدَ اللَّهِ أَنْ يُذْكَرَ فِيهَا اسْمُهُ وَسَعَى فِي خَرَابِهَا أُولَئِكَ مَا كَانَ لَهُمْ أَنْ يَدْخُلُوهَا إِلَّا خَائِفِينَ لَهُمْ فِي الدُّنْيَا خِزْيٌ وَلَهُمْ فِي الْآخِرَةِ عَذَابٌ عَظِيمٌ﴾

«Аллахтын мечиттерине, Аллахтын аты зикр кылынуусуна тоскоолдук кыла турган жана аларды кыйратуу аракетинде жүргөн кишилерден да залимирээк ким бар? Акыры бул адамдар үчүн андай жайларга корккон абалда гана кирүүгө мүмкүн эле го?! Алар үчүн бул дүйнөдө кордук, Ахиретте болсо чоң азап бар?»                                            [2:114]

Түркистон

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here