Исламдагы экономикалык түзүм: Байлыктын бөлүштүрүлүшү

284
0

Исламдагы экономикалык түзүм: Байлыктын бөлүштүрүлүшү

Ислам алгач байлыкты адамдарга мүлктүн түрлөрү менен бөлүп берет жана андан кийинки бөлүштүрүүлөр да мына ушул мүлктөрдүн түрлөрү аркылуу бөлүштүрүлүп кете берет.

  1. Байлыктын жеке менчик мүлк аркылуу бөлүштүрүлүшү

– Шарият рухсат берген жолдор менен мүлккө ээ болунат

– Мурас варистерге бөлүнөт

– Зекет акылууларга берилет

– Байлар жакыр туугандарын багат

  1. Жалпы элдик мүлк аркылуу бөлүштүрүү

– Жалпы элдик мүлктүн өзү ар бир жаранга бөлүштүрүлүп берилет. М: Кумтөр кенинен өндүрүлгөн алтындын өздүк наркы чыгарып ташталат да, калган алтындын өзү ар бир жаранга бөлүп берилет

– Же бул мүлк сатылып, андан түшкөн киреше ар бир жаранга бөлүп берилет.

(Эскертүү: Халифа урухсат алкагында булардан башкача сарпташы да мүмкүн)

  1. Мамлекеттик мүлк аркылуу бөлүштүрүү

– Мамлекет жакыр жарандарын жумуш менен камсыздоодо жарандарына өз жеринен бөлүп берет.

– Дыйканчылыкка кудурети жетпей жатса, үрөн, жабдуу-жарак ж.б.у.с. берет.

– О.э. Ишканалар ачуу үчүн бош турган имарат ж.б. нерселерин берет.

– Жакыр адамдардын багуучусу жок болсо, анын багуусун өз мойнуна алат.

– Жакырлардын негизги керектөөлөрүн кандырууга мамлекеттик мүлктө каражат жетишсиз болуп калса, байлардан салык топтойт жана жакырларга таркатып берет.

Мына ушундайча Аллах ниъмат кылып берген байлык коомдогу адамдар арасында ушинтип бөлүштүрүлүп турат. Муну менен жарандардын жогорку керектөөлөрү кандырылышына шарт жаратылып, негизги керектөөлөрү кандырылышы кепилденет.

Урматтуу мусулмандар, бары-жокту капиталисттер энчисине басып берген капиталисттик бөлүштүрүүнү стандарт кылып жүрө бербей, Исламдагы бөлүштүрүүнү үйрөнүңүздөр жана аны турмушта колдонууга умтулуңуздар.

Абдулхакийм Караханий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here