Кыргызстанда дин тууралуу мыйзамдарга өзгөртүү киргизилет

343
0

Кыргызстанда дин тууралуу мыйзамдарга өзгөртүү киргизилет

Кыргызстан “Дин эркиндиги жана диний уюмдар тууралуу” мыйзамдарды кайра карап чыгат. Бул тууралуу “Жарандык жана диний аң-сезим: Кыргызстандын тажрыйбасы” деген онлайн талкуу учурунда Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешов билдирди.

Анын айтымында, жаңы пайда болгон коркунучтардан улам мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилет. Учурда чет мамлекеттен диний билим алууга байланыштуу жобо иштелип чыгып, өкмөттүн кароосуна жөнөтүлгөн.

Мындан тышкары, талкуу учурунда пандемия мезгилиндеги диний жөрөлгөлөргө тыюу салуу жана анын укуктук жагын Бириккен улуттар уюмунун деңгээлинде кароо маселеси көтөрүлдү.

         Белгилүү болгондой, Кыргызстан СССР ураган соң капиталисттик идеологиянын светтик акыйдасын кабыл алууга мажбур болду. Башкача айтканда, дин турмуштан ажыратылган акыйдага негизделген республика пайда болду. Бирок, Кыргызстан калкы атеисттик доордо да өз акыйдасынан, тагыраагы Аллахтын жалгыздыгына жана анын мыйзам чыгаруучу сыпатына болгон ишенимден кайтпаган. Ошондуктан, светтик доордун башталышы менен өлкөдө Исламдашуу процесси күчтүү түс алды. Мындай абал жогорудагы талкуунун катышуучуларына окшогон эксперт сөрөйлөрдү жана капиталисттик мабданын түркүктөрү болгон эл аралык уюмдарды кооптондурду. Дал ушул жагдай коронавирус умрадан жана дааваттан келгендерден чыгып жатат деген маалыматтык чабуулга негиз болду. Мындан максат, өлкөдөгү Исламдашуу процессине аз да болсо тоскоолдук кылып, коомдук пикирди Ислам баалуулуктарына каршы буруу болуп эсептелет. Мындай иштердин аркасында, жогорудагы эксперт сөрөйлөрдүн жана эл аралык уюмдардын ролу чоң. Алар маалыматтык чабуул менен эле чектелбей, өлкөдө Исламдын жайылуусуна тосук коюу үчүн мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү да көздөп жатышат.

Андыктан биз, мусулмандар, мындай кырдаалда дос-душман ким экенин анык ажыратып, өз Исламыбыздын өкүмдөрүн толук ишке ашыруу жолунда аракетибизди дагы да тездетип бара беришибиз шарт. Ал эми дин душмандарынын айла-амалдары Аллахтын айла-амалы астында кыпынга да арзыбай калаары анык.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here