Өзгөчө абал 30-апрелге чейин узартылат

279
0

Өзгөчө абал 30-апрелге чейин узартылат

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондоруна киргизилген өзгөчө абал режиминин мөөнөтүн апрелдин аягына чейин (30-апрель) узартуу боюнча Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

“Аталган жарлык кол коюлган күндөн тарта күчүнө кирет жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине бекитүү үчүн жиберилет”, – деп айтылат расмий маалыматта.

 Комментарий: Коронавирус пандемиясы Кыргызстандын экономикасы канчалык начар экендигин ашкерелеп койду. Биздин өкмөт жетекчи мамлекеттерди ээрчип өлкөдө өзгөчө абал жарыялаган күндөн бери президент Жээнбеков дүйнөдөгү эл аралык каржы уюмдарынын  ар бирине кайрылып, алардан пандемия менен күрөшүү жана Кыргызстандын экономикасын сактап калуу үчүн жардам берүүнү суранды.

 А бирок, Кыргызстанда терең тамыр жайган дагы бир илдет, башкача айтканда, коррупция балээси  себептүү алынып жаткан карыздар менен гуманитардык жардамдар өз ордуна жетип барышына ишеним жок. Өкмөт элди үйгө камап койду. Бирок, элге жардам берүү, жумушсуз калганы үчүн компенсация төлөө системасы жолго коюлбады. Элдин жашоо деңгээли күндөн-күнгө начарлап барууда. Ансыз деле буга чейинки 20 күндө күнүмдүк оокатын күндө иштеп табуучу үй-бүлөлөр оор абалда калып, негизинен элдин арасындагы кайрымдуу адамдардын жардамы менен оокатын өткөрүп жатышкан эле. Эми эки апталык өзгөчө абал карапайым калк үчүн дагы кошумча проблемаларды пайда кылары анык. Ошол себептен да расмий өкмөт жарандарга жардам берүү чараларын көрүшү керек. Жарандар өкмөттүн чечимине моюн сунуп үйлөрүндө отурушкан соң, өкмөт да өз мойнундагы милдетти – жарандардын негизги керектөөлөрүн камсыздоо милдетин аткарышы керек.  

Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here