Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаяты Хизб-ут-Тахрир амири, улуу аалым Ата ибн Халил Абу Роштанын Халифалыктын кулатылганынын 99 жылдыгына карата сүйлөгөн сөзүн таратты

272
0

Басма сөз баянаты

Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаяты Хизб-ут-Тахрир амири, улуу аалым Ата ибн Халил Абу Роштанын Халифалыктын кулатылганынын 99 жылдыгына карата сүйлөгөн сөзүн таратты

Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаяты миладий 2020-жылы 23-март, хижрий 1441-жылы 28-ражаб күнү Хизб-ут-Тахрир амири, улуу аалым Ата ибн Халил Абу Роштанын (Аллах ал кишини сактасын жана ал киши аркылуу фатх берсин) сүйлөгөн сөзүнүн нускаларын таратты. Хизб ушул нускаларды кеңири чөйрөдө борбордо жана Судандын региондорунда таратып, Умматка 99 жыл мурда т.а. 1342-хижрий 28-ражабда жүз берген кайгылуу окуяны эске салды.

Хизбдин амири өз сөзүн жалпы Исламий Умматка, өзгөчө Хизб-ут-Тахрир жигиттерине жана баракчасындагы катталуучуларына жолдоду. Амир кылым кылмышкери Мустафа Кемалдын Халифалыкты бекер кылганын жана Аллах түшүргөн өкүмдөр менен өкүм жүргүзүүнү токтотконун айтты. О.э. бул ачык-айкын куфр болгонун, аны ишке ашырган адам өлтүрүлүүгө ылайык экенин жана бул иш Умматтан курманчылыкты талап кылышын, Уммат ушул кылмышкерге карата өз милдетин аткарбаганын айтты. Андан тышкары, амир Халифалык доорунда Уммат тарыхы акыйкат жана адилетке толгонун, бүгүн болсо 50дөн ашык мамлекетчелерге бөлүнүп кеткенин, аны ырайымсыз жана адамдарга камкордук кылбаган акимдер башкарып жатканын о.э. кафирлерге кул жана колонизаторлорго малай рувайбиза акимдер өкүм жүргүзүп жатканын айтты.

Ошондон кийин амир (Аллах ал кишини сактасын) Халифалык Умматтын тагдырий маселеси жана улуу фарз экенин баян кылды. Өз сөздөрүн катъий далилдер менен далилдеди. О.э. сахаба разияллаху анхумдар мусулмандар үч күн-түн халифасыз жашашы жаиз эместигине ижма кылышканын айтты. Бирок, Аллахтын рахматынан үмүтсүз болбоону баса белгиледи.

﴿إِنَّهُ لَا يَيْأَسُ مِنْ رَوْحِ اللَّهِ إِلَّا الْقَوْمُ الْكَافِرُونَ﴾

«Анткени, Аллахтын рахматынан кафир коом гана үмүтсүз болот»                     [12:87]

Аллах Таала момундарды жерде халифа кылууга убада берген о.э. Расулуллах ﷺ залим падышалыктардан кийин Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыктын тикелениши жөнүндө башарат кылган. О.э. амир өз сөзүндө Умматты Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөө аркылуу исламий жашоону кайрадан баштоо ишине өмүрүн курман кылып жаткан Хизб-ут-Тахрир менен сыйлаганы үчүн Аллах Таалага мактоолор айтты.

Хизб амири улуу аалым Ата ибн Халил Абу Рошта сөзүнүн аягында Халифалык үчүн аракет кылуу Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүнө гана эмес, ар бир кудуреттүү мусулманга фарз экенин ачыктады.

О.э. амир хафизахуллах ким Халифалыкты тикелөө үчүн жардам берсе, анын ажры Халифалык тикеленгенден кийинки жардамдын ажырынан улуу болушун айтты.

﴿لَا يَسْتَوِي مِنْكُمْ مَنْ أَنْفَقَ مِنْ قَبْلِ الْفَتْحِ وَقَاتَلَ أُولَئِكَ أَعْظَمُ دَرَجَةً مِنَ الَّذِينَ أَنْفَقُوا مِنْ بَعْدُ وَقَاتَلُوا وَكُلّاً وَعَدَ اللَّهُ الْحُسْنَى وَاللَّهُ بِمَا تَعْمَلُونَ خَبِيرٌ﴾

«Силерден (Мекке) фатх болушунан мурда кайрымдуулук кылган жана (Расулуллах менен бирге кафирлерге каршы) согушкан кишилер тең болбос. Алар кийин кайрымдуулук кылган жана согушкан кишилерден улуураак мартабада болушат. Бардыгына Аллах эң сонун убада кылган. Аллах кылып жаткан амалыңардан кабардар»                                                [57:10]

Биз Халифалык кулатылганынын 99 жылдыгын эскерип, Аллахтан улуу нусрат беришин сурайбыз. О.э. Халифалык бүткүл дүйнөнү жаңыдан нурга толтурушун сурайбыз.

﴿وَيَوْمَئِذٍ يَفْرَحُ الْمُؤْمِنُونَ * بِنَصْرِ اللَّهِ يَنْصُرُ مَنْ يَشَاءُ وَهُوَ الْعَزِيزُ الرَّحِيمُ﴾

«Ошол күндө момундар Аллахтын нусраты себептүү шаттанышат. (Аллах) каалаган кишисин үстөм кылат. Ал кудурет жана ырайым ээси»                                             [30:4-5]

 

Хизб-ут-Тахрирдин Судандагы маалымат бөлүмү

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here