Мусулмандар өз дини үчүн Азхардан көңүлдөрү кадыржам болбосун

284
0

Басма сөз баянаты

Мусулмандар өз дини үчүн Азхардан көңүлдөрү кадыржам болбосун, себеби, бул жай Аллах түшүрбөгөн мыйзамдар менен өкүм жүргүзүлүшүнө сүкүт кылган «Мисир фиръавнына» таандык жай болуп калган

Азхар Пакистан президенти доктор Ариф Алфийдин талабына ылайык, Пакистанда коронавирустун жайылышын алдын алуу чарасы катары жума намазын токтотууга уруксат берген фатва чыгарды. Президент 2020-жылы 25-март күнү жарыялаган твитте мындай дейт: «Албетте, мен коронавирус пандемиясы учурунда мечиттерде жума жана жамаат намаздарын окууга тыюу салуу жөнүндөгү жеке талабымды Азхар шейхи жана жогорку фатва кеңеши аткарышына ишенем…».

Азхар жамаат жана жума намазын токтотууга гана уруксат бере турган эмес, токтотууну важиб кыла турган фатва чыгарды, бул фатвага мусулман киши оозу пияз жана сарымсак жыттанган абалда мечитке барышы макрух экенин далил кылды. Аллах Таала айтат:

﴿وَمَنْ أَظْلَمُ مِمَّنْ مَنَعَ مَسَاجِدَ اللَّهِ أَنْ يُذْكَرَ فِيهَا اسْمُهُ وَسَعَى فِي خَرَابِهَا أُولَئِكَ مَا كَانَ لَهُمْ أَنْ يَدْخُلُوهَا إِلَّا خَائِفِينَ لَهُمْ فِي الدُّنْيَا خِزْيٌ وَلَهُمْ فِي الْآخِرَةِ عَذَابٌ عَظِيمٌ﴾

«Аллахтын мечиттерине, Аллахтын аты зикр кылынуусуна тоскоолдук кылган жана аларды кыйратуу аракетинде жүргөн кишилерден да залимирээк ким бар? Акыры бул адамдар үчүн андай жайларга корккон абалда гана кирүүгө мүмкүн эле го?! Алар үчүн бул дүйнөдө кордук, Акыретте болсо чоң азап бар?»                                                                      [2:114]

Ушундай болгон соң, кайсы сөз туура?! Азхардын оозунан жагымсыз жыт чыккан намазкөйдүн мечитке барышы харам деген далили жана пикири туурабы же бүтүндөй ачык-айкын жана таъвил кылып болгус Аллах Тааланын каламыбы?! Азхар жана андан фатва алууну каалап жаткандар Умматты уламалары жок калган деп ойлоп жатышабы?! Пакистанда уламалар арбын! Алар мындай фатваны туура шаръий пикир жана ижтихад деп эсептеп жатышабы?! Түпкүлүгүндө, кылым Фиръавнына (Сисийге) көз каранды мекемеден фатва алуу жаизби?! Аллахтын дининен үстөм болууну көздөгөн акимдердин каалоосун аткарган жана Кинана өлкөсү Аллах түшүрбөгөн өкүмдөр менен башкарылышына сүкүт кылган бул мекемеден динибиз үчүн кантип кадыржам болобуз?! Ушул мекеме яхудий вужуду менен Кемп-Дэвид келишимин түзүү, яхудийлердин мубарек Фалестин жериндеги «акысын» моюндоо, риба алууга уруксат берүү жана адамдар ойлоп тапкан куфр түзүмү менен өкүм жүргүзүүгө уруксат берүү сыяктуу Китеп жана сүннөткө тескери көптөгөн фатваларды чыгарган. Кыястоо жаиз болбогон маселеде т.а. ибадаттар маселесинде кыяс иштетип болобу?! Же Азхар жана Пакистан президенти ушул ийри түшүнүк Пакистан калкын жана уламаларын алдай алат деп ойлоп жатышабы! Акылдуу кишилердин акылын жерге уруу – эң чоң маскаралоо.

Эй Пакистан мусулмандары! Пакистан президенти бийликтин адамдардын ден соолугун көзөмөлдөөдөгү ийгиликсиздигин жана жараксыздыгын мечиттерди жабуу аркылуу жашырмакчы. Бул режим коронавирус пайда болушунан мурда эле адамдарды башкарууда ийгиликсиздикке учураган. Жөнөкөй абалда адамдарды дарылай албаган, эми кантип эпидемия тараганда дарылайт?! Көчөдө сейилдөөгө тыюу салуу жана мечиттерди жабуу – режимдин башка ийгиликсиздиктери, бузгунчулуктары көрүнүп калбашы үчүн жоопкерчиликтен качуу. Эгер, бул режим чындыгында адамдарга жана алардын ден соолугуна кам көргөндө, вирус тарагандан мурун, тараган убагында жана андан кийин адамдарды көзөмөлдөмөк. Эгер, ал мечиттерди жабуунун харамдыгы жөнүндө Куръанда келген нерселерге этибар бергенде, тайыз пикирлемек эмес. О.э. намазкөйлөрдү оорудан коргой турган чараларды көрмөк, мисалы, намазкөйлөрдүн бири-биринен алыс туруусун камсыздоо, намазкөйлөргө беткап таратуу, жума хутбасын кыскартуу о.э. улуу жаштагы жана оорулуу кишилерди белгилүү бир убакыт мечитке баруусуна чектөө сыяктуу…

Мечиттер – Аллахтын үйү, ким шыпаа табууну кааласа, Аллах Тааладан сурасын. Себеби, Аллах шыпаа берүүчү. Түпкүлүгүндө, Аллахтын үйү болгон мечиттерде отуруп, ушул балээни бизден көтөрүшүн сурап Аллахка дуа кылышыбыз керек. Ал эми, мечиттерди бир күн болсо да жаап коюу мурдагы каталарыбызга кошумча дагы бир ката. Аллах Таала ошол каталарыбыз себептүү бизге ушул сыяктуу балээлерди жиберген. Биз Аллахка жакын болушубуз жана Ага тообо кылышыбыз керек. Бизди Аллахка жакындаштыра турган эң жакшы нерсе – Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөө үчүн аракет кылуу. Халифалык Аллах түшүргөн өкүмдөр менен өкүм жүргүзөт. Ошондо Аллах бизден ыраазы болот жана бардык балээлерди көтөрөт.

﴿ظَهَرَ الْفَسَادُ فِي الْبَرِّ وَالْبَحْرِ بِمَا كَسَبَتْ أَيْدِي النَّاسِ لِيُذِيقَهُمْ بَعْضَ الَّذِي عَمِلُوا لَعَلَّهُمْ يَرْجِعُون﴾

«Адамдардын өздөрү кылган кылмыштары себептүү кургактыкта да, деңизде да балээлер жүз берди. (Бул балээ жана апааттар адамдар кылып жаткан күнөөлөрүнөн) кайтуусу үчүн, аларга кылган айрым күнөөлөрүнүн (жазасын) таттырып коюу үчүн (жиберилген)»  [30:41]

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here