Унутканга эскертүү жана жолдон адашканга жолдонмо

325
0

Унутканга эскертүү жана жолдон адашканга жолдонмо: Сочи келишими мусулмандардын канын төгүү аркылуу ишке ашырылууда, андыктан, калыс кишилер качан козголушат?!

 Устаз Ахмад Хожимухаммад

2018-жылы сентябрда Түркия президенти Ражаб Таййиб Эрдаган менен Россия президенти Владимир Путин ортосунда кол коюлган Сочи келишими Идлиб вилаятынын тагдырын белгилөөдө. Москва менен Анкара бул келишимди региондун келечеги үчүн пайдубал деп эсептешүүдө.

Сочи келишиминин пункттарынын тыянагы төмөнкүлөр:

  • Эки тараптын бири-бирине каршы согуштук аракетти жасабастыгын камсыздоо о.э. мунун көзөмөлүн Түркия патруль кызматына тапшыруу;
  • Кескиндик басаңдаган зонада 15-20 км куралсыз зонаны түзүү;
  • 15-октябрга чейин бардык радикалдык террористтик топторду куралсыз зонадан чыгаруу;
  • 2018-жылдын аягына чейин М4 (Халаб-Лазикия) жана М5 (Халаб-Хама) трассаларында транзит аракетин кайра тикелөө;
  • Тараптар Сирияда ар кандай көрүнүштөгү «терроризмге» каршы күрөшүүгө чечим кылышты.
  • 2018-жылы кол коюлган Сочи келишиминин тыянактары ушундай. Мен аны окубаган же укпаган адамдарга эстетип жатам. Бул жөн гана тарыхий эскерүү эмес. Мен муну чымындын эскерүүсүнө окшогон кишилерге эстетип жатам. Себеби, чымын бир нече секундга жетпей билгенин унутат.

Тараптар келишимге кол коюшту, трассалар 2018-жылдын тогузунчу айында ачыла турган болду. Бирок, келишимдин ишке ашуусу алар ойлогондой жеңил болбоду. Туура, бардык согушкер топтор чет мамлекеттерге байланып калды, Түркиядагы саясий өтмөктөрдө фитналар түзүлдү, санагы аз болгон калыс мужахиддер эмне кылууну билбей калышты… Бирок, ага карабастан, Хизб-ут-Тахрир демилгеси астында Сириядагы элдик аракет токтобой Түркия-Россия ортосундагы келишимге зыян жеткирди.

2018-жылдын онунчу айында Сириядагы таасирдүү кишилер жана шейиттердин жакындары Түркия көзөмөл пункттарын зыярат кылуу демилгесин баштап, ал жерлердеги түрк жетекчилерине мындай катуу сөздөр менен даъват жолдошту: «Биздин максатыбыз Дамасктагы режимди кулатып, Ислам башкаруусун тикелөө. Биз ошон үчүн чыкканбыз. Демек, силер да ушул максатыбызга кошулуп биз тарапта тургула же биз менен душманыбыздын ортосуна аралашпагыла, четке чыккыла. Себеби, силердин пункттарыңар эч бир жакшы иш кылбай жатат».

Ошентип, мындай шерменде келишимге каршы күрөшкөн жана айла-амалдарын өздөрүнө уруп, куралдарын талкалаган демонстрацияларда миңдеген адам көчөгө чыкты.

Кийин 2018-жылдын он экинчи айында эл аралык трассада көп сандагы таасирдүү кишилер демонстрация өткөрүп, бүткүл дүйнөгө, Умматка кайрылышты. Алар бекем турушканын жана тогут режим үчүн жолдорду ачып берүүгө нааразы экендиктерин баян кылышты.

Мына ушул аракеттер келишим ээлерин жана алардын артында турган кожоюну кафир Американы тынчсыздантууга, кескин абалда калуусуна жетиштүү болду. Бул жөнүндө Россия коргоо министри Сергей Шойгу 2019-жылы 27-августта «Россия-Түркия ортосундагы Идлиб жөнүндөгү келишим кыйын жаан курч болуп жатканын» билдирди. Ал: «Түркия кескиндик басаңдаган зонада патруль кызматын алып барып жаткан болсо, Россия бул вазыйпаны зона сыртында алып барууда», – деп кошумчалады.

Бирок, келишим Умматты алдоого жана жолдорду ачып, келишимди ишке ашырууга кантип жетишти?!

Алар бул натыйжага бир нече ыкмаларды жана каражаттарды ишке салуу менен жетишти жана бул иште аларга өлкө ичиндеги кишилер жардам беришти. Мисалы:

Мында Инказ өкмөтүнүн ролу чоң болду. Ал адамдарды бир үзүм нан табуу менен алек кылып, салыктарды жана төлөмдөрдү жогорулатты. Мунун тушунда, Сирия лирасынын долларга карата курсу түшүп, акыбетте өтө көп товарлардын баасы эки же үч эсе көтөрүлүп кетти. Анын үстүнө, Инказ өкмөтүнүн токтомдору себептүү күйүүчү май продукциялары таңкыс болду.

Хаят Тахрир Шамдын региондогу саясий рычагы болгон Инказ өкмөтүнүн ролу менен токтогон жок. Алар Сочи келишиминен сак болууга чакырып жаткан о.э. Жээк согуштарын ачууга жана кылмышкерлер менен сүйлөшүү өткөрүүнү токтотууга чакырып жаткан кишилердин үнүн басуу менен алектеништи. Алар Вакфтар министрлиги аркылуу мечиттерди катуу көзөмөлгө алып, ал жерге өздөрүнүн имамдарын, өздөрү каалаган хутбаларды окуй турган сакчы шайхтарын орнотушту.

Хаят Тахрир Шамга келсек, ал Түркиянын Идлибдеги максаттарын ишке ашырган полиция ролун ойноду. Ал «колдоп-кубаттоочу мамлекеттердин» оюнуна каршы чыгып жаткан кишилерди үйрөндү, күзөттү жана алардын үнүн басуу менен алектенди. Мисалы, Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүнөн кыркка жакынын о.э. Идлиб жана Хамадагы таасирдүү жана белгилүү кишилерди камакка алды.

Хаят Тахрир Шам өз ролун бекемдөө үчүн фронтторду да көз жаздымда калтырган жок. Натыйжада, ал мужахиддер олжо кылып алган ар бир замбирек, брондолгон машина жана оор курал-жарактарды тартып алды жана муну менен зоналар оор куралдардан тазаланды! Соңку кездерде канкор режимдин азат кылынган зоналарга чабуул кылышы жана оңой эле ал жерлерди басып алышы буга жаркын далил.

Акыбетте, Эрдаган түрк боордошторубузду жасалма согушка киргизди… Аллах аларды рахмат кылсын. Согушка киргизип, Сочиде белгиленген чегараларды ушул жигиттердин каны менен сызды жана бекемдеди. Кийин Москвада ок атууну токтотуу келишими түзүлдү… Анын артынан Түркия Финансы минстри жана бир катар расмийлер чыгып билдирүүлөрдү беришти. Бул билдирүүлөрдөн Түрк-Орус кызыкчылыктары Сириядагы мусулмандардын канынан гана эмес, түрк мусулмандарынын канынан да улуу экендиги билинди.

Мына ушулардын барынан кийин, көрүп турганыңардай, Аллах Тааланын ушул аяты талкууга орун калтырбай турган акыйкатты ачыкка чыгарууда, куфр улуту менен Ислам душмандары бизди кырууга жана мабдабыздан адаштырууга өтө-өтө өч экендиктерин баян кылууда:

﴿وَلَا يَزَالُونَ يُقَاتِلُونَكُمْ حَتَّى يَرُدُّوكُمْ عَنْ دِينِكُمْ إِنِ اسْتَطَاعُوا﴾

«Алар, эгер колдорунан келсе, силерди диниңерден кайтарганга чейин силерге каршы согуша беришет»                                                                                                                     [2:217]

Аллах Таала кафирлердин бизге каршы күрөшүүсүн баян кылып, бизди алардын душмандыгына каршы кайраттуу турууга жана Анын убадасына бекем ишенүүгө буюрду:

﴿قُلْ لِلَّذِينَ كَفَرُوا سَتُغْلَبُونَ وَتُحْشَرُونَ إِلَى جَهَنَّمَ وَبِئْسَ الْمِهَادُ﴾

«Куфр жолун туткан кимселерге айткын: Шек-күмөнсүз, жеңилесиңер жана тозокко топтолосуңар. Кандай гана жаман жай ал!»                                                                [3:12]

Эй Шам калкыбыз!

Бүгүн көз карандысыз, өзүн колдой ала турган жана өз чечимине ээ топторду түзүү – биздин шаръий милдет. Бул топтордун өзгөргүс максаттары ушулар болушу керек:

Асад режимин бүтүндөй кулатуу, Исламга жана мусулмандарга каршы тил бириктирүүлөрдү жана келишимдерди четке кагуу зарыл.

«Колдоп-кубаттоочу мамлекеттер» менен алакаларды үзүп, зулум жолун кармагандарга таянбоо шарт:

﴿وَلاَ تَرْكَنُواْ إِلَى الَّذِينَ ظَلَمُواْ فَتَمَسَّكُمُ النَّارُ وَمَا لَكُم مِّن دُونِ اللّهِ مِنْ أَوْلِيَاء ثُمَّ لاَ تُنصَرُونَ﴾

«Зулумдук жолун кармаган адамдарга таянбагыла, антпесе, силерге тозок оту жетет, силер үчүн Аллахтан башка бир да дос жок, кийин (залимдерди ээрчип кетсеңер) силерге нусрат берилбейт»                                                                                                     [11:113]

Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болгон Ислам башкаруусун тикелөө керек. Халифалык капиталисттердин малайлары болгон режимдер урандылары үстүндө тикеленген хазарат болот. Бул жөнүндө Расул акрам ﷺ айтат:

«ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةٌ عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ»

«Кийин Пайгамбарлык минхажына негизделген Халифалык болот».

 Роя гезити, №278, 2020-жыл, 18-март.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here