Күнүмдүк оокатын иштеп табуучу үй-бүлөлөрдүн тамак-ашы түгөнүп жатат

534
0

Күнүмдүк оокатын иштеп табуучу үй-бүлөлөрдүн тамак-ашы түгөнүп жатат

Өзбекстанда коронавирус жайылышынын алдын алуу чаралары башталгандан бери үч апта өтүп, кээ бир үйлөрдө тамак-аш түгөнүп калганы кабарланууда.Кабарларда келишинче,көпчүлүк адамдар күнүмдүк оокат үчүн иштеп келишкен жана алардын үйүндө экономикалык проблемалар көбөйүүдө.Аз камсыз болгондордун тизмесине кирбей турган мындай үй-бүлөлөр жардамга келген азык-түлүктөрдөн да куру калышууда.

Комментарий:  Ислам акыйдасы  боюнча мусулман адам – бизди Аллах жаратты жана Ага кайтып барабыз. Өлүм, оору жана башка бардык кырсыктар да, алардын көтөрүлүшү да Аллахтан деп ишенет. Жашоону ушул Акыйдага байлап, ар бир ишин ушул көзкарашка ылайык калыптандырат.

Өзбекстан бийлиги да өзүнүн ички мүмкүнчүлүгүн эсепке албай Батыш дүйнөсүнүн маалыматтык дүрбөлөң таратуу коалициясына кошулуп алды.

Кыргызстан калкынан айырмалуу түрдө, Өзбекстан жарандары бир топ “сабырдуу”. Алар ачка калышса да режим алардын үнүн чыгарбайт. Негизи жарандардын абалы өтө оор.

Өзбек калкынын эркиндиктери, экономикалык мүмкүнчүлүктөрү чектелген болуп, жарандардын мамлекетке көз карандылыгы күчтүү. Алар карантинде да, мамлекеттен үмүттөнүп отурушат. Өз мүмкүнчүлүктөрү менен көпкө бара алышпайт. Жеке менчик укугу чектелгендиктен, адамдардын азык-түлүк запасы да ченелүү.

Өзбекстан жана башка агрардык мамлекеттер Батыш дүйнөсүн ээрчип, мүмкүнчүлүгүн эсепке алышпады. Экономикалык начарлыгы менен бир катарда, бул өлкөлөрдө бузук системанын натыйжасы болгон коррупция да өнүккөн. Ал тургай, эл чогултуп берген же башка жактан келген эхсандарды муктаждарга жеткирип берүүдө да проблема болууда.

Аллахка тобокел кылып, чума келгендеги шаръий өкүмгө ылайык чаралар көрүлгөндө, эки дүйнө кыйроосунан сактанып калар элек.

Ошентип, туура дабалоонун жолу – бул жугуштуу ооруну өз ордунда бөлүп алуу жана бейтаптардын ден соолугун чыңдоо, акысыз кам көрүү жана дарылоо болуп саналат. Ден соолугу чың адамдар өз ишин улантышат, ал эми социалдык-экономикалык жашоо жугуштуу ооруга чейинкидей улануусу керек, антпесе адамдардын коомдук жашоосу токтоп, үйлөрдө обочолонуп, анан экономикалык жашоо шал болуп же дээрлик жок болот, ошондуктан анын натыйжасында бишка кризистин улам-улам көбөйө беришине шарт жаралат…   

Хизб-ут-Тахрирдин амири шайх Ата ибн Халил Абу Ар-Рашта

Адамдар ажалды алдайм деп, же четтеп өтөм деп Аллахка ширк келтиришет же шарий өкүмдү бузуп, аны өз акылдарынан келип чыккан иш-чараларга байлап алышат. Натыйжада Аллахтын сыноосунан туура пайдаланып калуу неъматынан куру калып, акыбетте эки дүйнө бактысыздыгына дуушар болушат!

Абдураззак Муъмин.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here