Коронавирус дүрбөлөңү чындап эле пандемиябы же саясий шылуундукпу

294
0

Коронавирус дүрбөлөңү чындап эле пандемиябы же саясий шылуундукпу

Кыргызстандын бир нече облустарында коронавирус жуктуруп алганы жарыя кылынган бир топ жарандар эч кандай оорубагандыгын, дарыланбагандыгын, болгону карантинде гана кармап турулганын айтып, видео кайрылуу менен чыга башташты. Кээ бирлери карантиндин шартына нааразы болушса, башкалары карантин себептүү алардын башка оорулары күчөп жатканынан арызданышты.

Бир аксакал Умрадан кайтып келгенде анализи шектүү чыкканы үчүн бүтүндөй үй-бүлөсү менен карантинге алынганын айтты. 14 күндүн ичинде эч кандай ысытма же башка белгилер байкалбаса да, аны вирус жуктуруп алгандар тизмесине киргизип коюшкан. Аксакалдын айтымында, аларга эки түрдүү дары берип баштаганда өздөрүн начар сезип башташкан. Ошондо алар дары ичүүдөн баш тартышкан. Ошондон кийин дагы кайрадан абалы жакшырган.

Парламентте бир топ депутаттар өкмөттөн вирусту жуктуруп алгандардын тизмесин ачык жарыялоону талап кылышты. Бирок, ал тизме Кыргызстан эле эмес, ал тургай  АКШда да жарыя кылынган жок! Себеби, пандемия деп дүйнөдө ишке ашырылып жаткан карантин, массалык психологиялык дүрбөлөң жана шектүү күңүрт тизмелер негизинде ишке ашырылууда. Тизме эртеби-кечпи баарыбир жарыяланат. Акыйкат ачыкка чыгат! Кыргыз бийлиги кыска ойлуулук менен дүйнөлүк пандемия аферасына кошулуп алды.

Булар айтып жаткан вирус балким бардыр. Бирок, маалыматтык согуш пандемиянын алдын алууга каратылбады, тескерисинче анын дүрбөлөңүн ого бетер күчөтүү стратегиясы менен алып барылууда. Демек, пандемия ар бир саясий кубат өзүнүн жеке максатын жүзөгө чыгарып алуучу куралга айланып калды!

Кыргызстан эл аралык саясаттын пандемия шарттарын карманып, экономикалык кризиске кулап барууда. Ал өзүнүн ички шарт жана мүмкүнчүлүктөрүнө карабастан, эл аралык нормаларды аткарам деп карантинди күчөтүп жатат. Кыргыз бийлиги бул кырдаалдан пайдаланып, шайлоонун алдында өлкөдөгү саясий абалды көзөмөлгө алуу жана эл аралык уюмдардын көңүлүн буруп, алардан каржылык жардам алуу сыяктуу бир топ максаттарды ишке ашырып алмакчы болууда.

Мына эми пандемия ишене турган деңгээлде күчөбөсө, башкача айтканда кооптуу түс албаса, жалган тизме түзүү менен коомчулуктун көңүлүн бурат. АКШ ушундай жол менен дүйнөнү карантиндик абалга салып койду. Кыргызстан да аны ээрчип, мамлекетти дүрбөлөң кылууда ар түрдүү аферисттиктен кайра тартпайт.

Мамлекетти мухасаба кылышы мүмкүн болгон эки кубат бар. Башкача айтканда, Батышка караштуу жана СССРден калган россиячыл маалымат каражаттары бар. Бирок, пандемия маселесинде АКШ менен Россия бир пикирде.

Ошондуктан, учурдагы расмий маалымат каражаттарына ишенип отуруу туура эмес. Өкмөттөрүбүздөн вирусту жуктуруп алгандардын тизмесин талап кылалы.  Чындап эле оорулуулар бар болсо, өкмөткө рахмат айтабыз. Бирок, жалганчылыгы ашкере болсо, аларды колдон келишинче мухасаба кылабыз! Себеби, өкмөттөр бири кетип, экинчиси келе берет. Кризис жана тышкы карыздар биздин мойнубузга түшөт. Эй боордоштор, кайдыгер болбойлу!

Абдураззак Муъмин

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here