Мурунку мужахиддер качанга чейин сабак алышпайт?!

255
0

Басма сөз баянаты

Мурунку мужахиддер качанга чейин сабак алышпайт?!

Америка мурунку мужахиддердин кайратына жана чектен чыккан аракеттерине узак убакыт көз жумуп келди. Өз кезегинде, алар да афган калкынын пикирлерине жана туйгуларына таандык болбогон өкмөттүн илманийлигине жана демократиясына ыкташын билдиришти.

Мужахиддер Советтер Союзуна каршы калыс согуш башташканда Аллах Таала аларга нусрат берди жана Өзүнүн берекесин көрсөттү. Ошондуктан, аларды катардагы калк ардактап, жардам көрсөтүштү. Бирок, 2001-жылы өткөрүлгөн конференциядан кийин алар Афганистандагы саясий абалды жана майданды Америка кафирлерине тапшырышты. Алардын максаты Батыш менен союз түзүү жана анын колдоосун алуу болду. Ошондуктан, Аллах Таала аларды (алар үчүн өкүм чыгарышы үчүн) америкалыктарга тапшырды. Аллахтын сүннөтү ушундай, Аллах Таала Исламда бекем турган жамаатка нусрат жана ниъмат берет. Аллахтын динине кыянаттык кылгандарды кордойт жана шерменде кылат.

Америкалыктар 19 жыл өздөрүнүн пайдага негизделген саясаты аркылуу айрым мужахиддерди керектелүүчү товар катарды иштетти. Алар куурчак режимдин мыйзамдуулугун бекемдеш керек болгондо аларды бийликке тартты, өз кызыкчылыктарына жеткен соң аларды четке ыргытышты. Ошондуктан, алардын айрым саясий жетекчилеринин өмүрүнө кол салынды же шерменде кылуу аркылуу аброю төгүлдү. Натыйжада, алар саясий жактан начарлап, калктын колдоп-кубаттоосунан айрылды. О.э. алар америкалык жетекчилер жана НАТО менен алака кылышты, муну менен Халыктан гана эмес, коомдогу аброюнан да айрылышты.

Бүгүн айрым мурунку мужахиддер «Баары үчүн кеңири көлөмдүү өкмөттү» түзүшкөнүн айтып жатышкан болсо да, анда Исламга таянган же Американын өлкөдөгү пландарына коркунуч туудура турган эч нерсе жок. Бул жеке кызыкчылыктар үчүн болгон мурдагы каталарды кайталоо болуп, бул нерсе алардын жоготкон урматын жана кубатын кайра тикелебейт.

Биз, Хизб-ут-Тахрир–Афганистан вилаятынын мүчөлөрү, аларды кыянат кылууну токтотууну жана Аллах Таалага тообо кылуу үчүн убакыт бар экенин эскертебиз. Андан тышкары, алар Америка баскынчылыгына, республикалык түзүмгө жана демократиялык иътикаддарга каршы күрөштү башташса о.э. исламий баалуулуктарды башкарууга алып келүүгө аракет кылышса, Аллах Таала жана калкы алдында жоготкон урматын жана мартабаларын сакташы мүмкүн. Алар ушул жол менен гана жасаган кылмыштарынан жана каталарынан кутулушат. Аллах Таала ырайымдуу жана Ал ар бир адамдын турмушуна карап өкүм кылат.

﴿إِنَّ فِي ذَلِكَ لَعِبْرَةً لِّمَن يَخْشَى﴾

«Албетте мында (Аллахтан) корккон кишилер үчүн үлгү бар»                                 [79:26]

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here