Хизб-ут-Тахрир Борбордук маалымат бөлүмүнүн аялдар жаатынын кампаниясы: Пекин+25: гендердик теңдиктин жүзү ачылдыбы?!

270
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Хизб-ут-Тахрир Борбордук маалымат бөлүмүнүн аялдар жаатынын кампаниясы: Пекин+25: гендердик теңдиктин жүзү ачылдыбы?!

2020-жылы Пекин декларациясы жана кыймылдар платформасынын жыйырма беш жылдыгы белгиленди. Бул кеңири көлөмдүү документ 1995-жылы сентябрь айында БУУ Кытай борбору Пекинде чыгарылган Төртүнчү Дүйнөлүк Конференциянын натыйжасы болуп эсептелет.

Бул демилге турмуштун бардык тармагында «гендердик теңдикке» жетүү аркылуу аялдардын укуктарын коргоого жана саясат, экономика, социалдык сыяктуу бардык тармактарда аялдардын жашоосун жакшыртууга, мамлекеттик жана коомдук деңгээлде саясатка, мыйзамга жана программаларга гендердик көз карашты киргизүүгө багытталган. Ушул документ эл аралык масштабда аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн эң негизги демилге катары кабыл алынды. Ушул декларацияны 189 мамлекет, көпчүлүк мусулман өлкөлөрүндөгү режимдер кабыл алды. Т.а. бул режимдер документтеги милдеттенмелерди өлкө ичинде колдонууга жана анын пландарын өлкө сыртында бекемдөөгө ыраазы болушкан.

Ондогон жылдардан бери «гендердик теңдик» деген нерсе прогрессивдүү цивилизациянын эл аралык белгисине, мамлекеттердин аялдарга карата мамилесинин өлчөөсүнө айланды. Көпчүлүк муун аялдарга мүмкүнчүлүк жаратуу, жашоо таризин жакшыртуу – улуттарды өнүктүрүүгө жардам берүүнүн ажырагыс каражаты деп билет. Мына, Пекин декларациясы жана кыймылдар платформасы пайда болуп, глобалдуу масштабда гендердик теңдикти үгүттөө боюнча кеңири көлөмдүү программа кабыл алынгандан кийин жыйырма беш жыл өттү. Бирок, ага карабастан, бүткүл дүйнөдө муслима аялдар туш келип жаткан саясий, экономикалык, экологиялык жана социалдык проблемалар сакталып калды. Ал тургай, бүткүл аялдардын абалы жаман жана күндөн-күнгө жамандашууда… Аларга мүмкүнчүлүк жаратуу жана турмушун жакшыртуу убадалары аткарылбай калып кетти.

Ошондуктан, Хизб-ут-Тахрир Борбордук маалымат бөлүмүнүн аялдар жааты «Пекин+25: гендердик теңдиктин жүзү ачылдыбы?!» деген эл аралык кампания баштады. Кампания аркылуу ушул «гендердик теңдик» жөнүндөгү «жомоктор», аялдардын укугун коргоо ажна улуттар цивилизациясы сыяктуу жалгандардын бети ачылат. Андан тышкары, Исламдын системалары, мыйзамдары жана түзүмдөрү о.э. аларды Исламдын саясий башкаруусунда колдонуу пландары ачыкталат. Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыкта көөдөлөнгөн ушул башкарууда аялдардын баркын көтөрүү, акы-укуктарын камсыздоо, жашоо таризин жакшыртып, мамлекетте реалдуу өнүгүүгө жетишүү үчүн көз караштар баян кылынат.

Кампанияларды жана форумдарды күзөтүү үчүн ушул дарекке кайрылгыла:

https://www.hizb-ut-tahrir.info/ar/index.php/hizb-campaigns/66354.html

 

Роя гезити, №278, 2020-жыл, 18-март.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here