Илманий идеология коронавирус менен күрөшүүгө жараксыз

364
0

Басма сөз баянаты

Илманий идеология коронавирус менен күрөшүүгө жараксыз

Илманий акыйдага негизделген капиталисттик идеология коронавирус эпидемиясы алдында шерменде болууда. Өкмөт чечим табуу үчүн, маалымат каражаттарына мамлекет адамдардын иштерин камкордук менен башкарып жатат деген жалгандарды айтышы үчүн саясатчыларга, экономисттерге жана серепчилерге басымга кылууда.

Капитализм ар дайым күчтүү катмарга этибар берип, катардагы адамдарды өз кызыкчылыктарына иштеткен. Ошондуктан, илманий коомдогу саясатчылар адамдар иштерин камкордук менен башкарууга азыраак маани беришет. Алар өзүлөрүн адамдардын иштерин камкордук менен башкарып жаткандай кылып көрсөтүүгө аракет кылышса да, бирок, күчтүү катмардын кызыкчылыгына этибар беришет.

Бул вирус байына да, кембагалына тийип жатканда Батыштагы саламаттыкты сактоо кызматы бай менен кембагалды айырмалап жатат. Мындан тышкары, ушул оорунун жайылышын тизгиндөө жана дарылоо саясатында этибар адамдардын ден соолугун же экономиканы сактап калууга каратылган. Бүгүнкү күндө илманий саясатчылар бул эки нерсенин кайсы бири маанилүү экендиги жөнүндө сүйлөшүүдө. Түпкүлүгүндө, алар экономиканын ойрон болушун алдын алуу үчүн триллиондогон доллар акчаларды сарпташып, медицинага өтө аз каражат бөлүшүүдө.

Дагы Мальтусча пикирлөө башын көтөрүүдө. (Томас Мальтус англис экономисти болуп, дүйнө какынын саны өсүшү акыбетинде азык-түлүк таңкыстыгы башталат деген). Массалык маалымат каражаттарында ачык эле улуу жаштагылардан кутулуу жөнүндө айтылууда. Себеби, капитализмде инсаний бактысыздыктын көлөмүнө этибар берилбейт.

Батыштагы капиталисттик экономика жар жакасына келди. Белгилүү болгондой, илманий идеологдор дүйнө калкынын капитализмге массалык түрдө каршы чыгуусунан коркуп, мүмкүн болушунча аны оңдоп, жамап келе жатышкан. Бирок, бүгүн алар өз саясатынын, идеологиясынын ийгиликсиздигин жана мыйзамбузууларын жашыруу үчүн шылтоо тапкан көрүнөт.

Ислам байлардын кызыкчылыгын адамдардын муктаждыгынан үстөм койбойт. Исламий шарият менен башкарган халифа тикеленсе гана адамдарга камкордук кылган саясаттын чыныгы мааниси жүзөгө чыгат. Аллах кааласа, жакынкы күндөрдө Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык тикеленсе, муну көрөбүз. Расулуллах ﷺ айтат:

«أَلاَ كُلُّكُمْ رَاعٍ وَكُلُّكُمْ مَسْئُولٌ عَنْ رَعِيَّتِهِ فَالأَمِيرُ الَّذِى عَلَى النَّاسِ رَاعٍ وَهُوَ مَسْئُولٌ عَنْ رَعِيَّتِهِ»

«Билип койгула, баарыңар жетекчисиңер жана кол астыңардагыларга жоопкерсиңер. Амир адамдарга жетекчи жана кол астындагыларга жоопкер».

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here